Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Жоолук салынбай эле кой

Жоолук салынбай эле кой. Бул – ургаачылардын сыймыкта-нуучу баш кийими. «Ак жоолук башындан кетпесин» – келин босо-гону аттаары менен кайын энесинин алкоосу. Жоолук-ургаачы­лардын символикалык көрүнүшү. Актыктын, тазалыктын белгиси. Ата-энесинин таалим-тарбиясын талаага таштаган айрымдар каа-да-салтыбызды, үрп-адатыбызды жерип, келиндеринин акжоолу-гун салынтпай таштоолору жана жоолук салса, башын чулгуган-дар кун сайын арбууда.

«Жоолукчан болбо, башың тердеп кетет, илгерки жоруктун азыр эмне кереги бар, дүйнөлүк цивилизацияга жоолукчан ким бармак эле, жоолугунду ташта, кышында тебетей кий, жайкысын шляпа турбай-бы! Кайдагы кемпирлердин, мойсапыттардын жоруктарын туурап». Азыр узун көйнөк кийип, жоолугун ээгине салынгандар жүрүшөт. Андайларды, албетте, мокочодой көрүшөт. «Отсталый» деп, мурун-дарын чүйрүшөт. Арийне ал эми өзүлөрүн карасаң, бука моюн, буу-ра сан, эки эмчеги топудай, эңкейсе, көчүгү сокудай, көчө толтура ургаачылар сын-сыпаты жокжүрүшөт…


Кыргыз