Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Жезденин кулагын чоюу

Жезденин кулагын чоюу. Бул да тамашалуу оюн-шооктордон. Жезде балдыздарына, балдыздары жезделерине ыманы ысыктай, ич-ара сүйкүмдүүдөй сезилет. Балдызы эркелегиси келет. Мунун артында ушундай эжем менен жездемдин ынтымагы артылса, бала-чакасы өссө-өңсө өңдүү асыл ниеттер баамдалат. Мында да Кыр­гыз Атанын ак дили, адамдык кадыр-баркына жете алуусу, жерге-жээктин аруулугу артылып турат.


Кыргыз