Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

«Жер тамырынан эл тамыры көп»

«Жер тамырынан эл тамыры көп». Адатта, жер үстүндө өсүмдүктор арбын. Алардын тамырлары туташып, тытышып тарамдала берет. Соз эми эл тамыры тууралуу баратат. Чын-чынында, кыргыздардын асыл салтында бул андан да коп. Дос-тамыр, куда-сөөк, теңтуш-тели күтү\’дө, айыл аралап жүрүүдө, баары бир барган жерде жок дегенде бир тааныш чыгат. Бир кезде бирин-бири

көрүшчү, бирге иштешкен, бирге окушкан же бирөөлөрү менен бирге
1) жүргөн болот. Т.а. кыз алуулар, кыз беруулор аркылуу ата-бабалардан берки ж.б. салттар баарыдан мурда, элди бири-бири менен тутамдаштырып коет. «Сураша келеек карын болобуз» – деген асыл туюнтманын озу-элибиздин эчактан келе жаткан сый-урматы. Кыргыздар үчүн «бугу уруусуна кыз бергенбиз», «бугу биздин кудабыз»-дегени. «Түптайакем Нарындыкмоңолдор» же «тайыным Ат-Башы, Нарында», «кайын журтум Чуйде» ж.б.лар эл менен элди, жер менен жерди тааныштырат. Ушуга карата соок, тайаке-тайын, кайын журт катары мамиле болушат. Мына, демократия, кыргыздын аруу демократиясы ушул. Элдин меймандостугу, ошентип, ортодон жел откорбой таштайт.
«Билек бир, манжалар башка». Манжаларга: баш бармак, соомой, ортон, аты жок, чыпалак кирет. Баш бармак-бадалеки сүйрү баш, ортенек чекилик, ой баласы солтоной, кичинекей бойтоной, буудай куур, буудай куур деп, алаканын кытыгылап, бобокторду эркелетүүчү. Муну чечмелоодо билек бир, мисалы, кыргыз элин -билек десек, манжалары – Бугу, Сарбагыш, Саяк сымал урууларын, бир атанын же уруктун укум-тукумдарын, түшүнүп, ушундан улам «соом-соом, карыш-карыш» – деп да коет. Бул – тууган ичиндеги алыс-жакынды аныктап турат.
«Акылмандын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт». Адатта, жакшылардын, эл козундо тургандардын, алсак, олуялардын, акын-жазуучулардын ж.б. чыгармачыл адамдардын эки өмүрү болот. Бироо тирүүчүлүгү, экинчиси артында анын мурасы калат. Мисалы, ырчы Боогачы, олуя Калыгул, акын Токтогул, манасчы Сагымбай андан аркы-берки атактуулар – оз заманынын пайгамбарлары. Артында өмүрү бар. Т.а. артында олбос-очпос из калтырышты. Макал мына ушуга жооп берет.
«Үйүңө келгенде таарынычыңды айтпа». Бирөөнүн үйүнө барсаң, мейман катары кабыл алат. Берээрге эчтекесин таба албай калат. Кыргыздар мындай шартты дайыма аткарып келет. Кудай конокту той катары баалашат. Кээде качандыр бир чактагы таарынычында кенен дасторконун жайып коюп, ак даамын берип отуруп, опколоп айтууну ото копол корот. Тамагы менен тумшукка чапкандай абалда болот.
«Адамдын жалаңкычы адам». Тупа-туура, адам жети кесептин (беталгынын, куткарбастын) бири. Жалаңкыч – адамдын жанын соруучу. Салыштырмалуу айтканда адамга-адам коркунуч туудурууда. Адамды адам өлтүрүүлөр болуп турат. Албетте, адамзат
бирин-бири кыргынга учуратууда. Улуу согуштардын болгонуна адамзаттын кары тарыхы күбөдүр. Адамдардын айбаатынан бардык айбанат сүрдөнөт. Желмогуздардын жеткен шүмшүгү, эки буттуулардан толук суйлой, ойлой турган адамдардан чыгат.
«Баарыдан нан улук». Кыргызда муну – токоч дейт. Казанга жапкан нанды ушундай айтат. Андан калама, майтокоч, боорсок, жупка, куймак өңдүүлөр бышыруусуна карата бир нечеге бөлүнүп кетет. Адамзат баарынан танат. Нандан танбайт. Мунсуз дасторкон жайылбайт. Мусурманчылыкта куран китеп улук жана ыйык. Мукамбет пайгамбардын осуятында бийиктикте токоч турса, адамзат аягына куран китепти коюп, жетип алып жешке уруксат экен…
«Таянган тоосу бийик болсо, ыргыткан ташы алые түшөт». Түз мааниде алганда, тоодон ылдыйга таш ыргытса, алые түшпөйт. А отмо мааниде алганда таянган тоосу-чоң мансаптагы адамы. Ал турганда берки анын зээри (дымагы) аркылуу өзүнүн кол алдындагыларга чамгарактай берет. Оюндагысындай башкарат, элин эзет. Көзүнө чаар чымын корунот. «Ыргыткан ташы» – ошол бийлиги. «Ташы жогорулап» – дегендин отмо мааниси да ушуга барып такалат. Болбосо, таш да өйдө өзүнөн-өзү кулоочу беле? Ага ким ишенет!
«Устанын уузун билгиче, темирдин суусун бил». Уста -темирчи. Кара уста тууралуу соз болот. Усталардын уусу – эң мыктысы, айлакери. Ким кандай уста, анын жасаган буюм-тайымы айтып турат. Ал кармаган жердигине байланышат. Темирдин ар кандай турлору бар. Ошол темирди кантип сугаруу керек, мисалы, болотту дароо сугарса, «чорт» деп, ыргып кетет. Демек, аккан суунун да ченемдуу курчу бар. Сугаруу ошого шартташат.
«Буттан мүдүрүлгөн турат, тилден мүдүрүлгөн турбайт». Кыргызда «ойноп сүйлөсөң да, ойлоп суйло», «бура сүйлөгөн күлгөнгө жакшы», ойлобой сүйлөгөн айыкпас ооруга чалдыгат» – сымал макалдардын маани-жайы бирдей. Анткени соз кыйын, чагып коет, чагымды пайда кылат. Соз куну устарадай ойду алып тушот. Илгертен эле созду угууга, суйлоого татымдуу айтууга мыкты болуучу. Жакшы соз -жан эритээрин, начар соз жан кейитээрин, кээлери соз билгилиги үчүн сый-урмат короорун, «сыйга сый, сыр аякка бал ичээрин» баалап келишкен. Көңүл калды создон адамдар канчалык асылкеч болсо да, бири-бири менен катышпай калат. Себеп-сөзүнон кетирди, таалуу жерине батыра, жеткире соз катып койду…
«Тууган күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат». «Туугандын өзү таарынса да, боору таарынбайт». Демек, ал канткени менен алыстап кетпейт – баары бир түбү бирге болгон соң айланчыктап кайра эле келет. Жанга баткан нерсени айтып

да, какыс-кукус кылып, улуулары кичуулорду сабап да кое алат.
Анын тууган ичинде эрөөн-төрөөнү жок. Эчтекке эмес:
«Улуусу.кичуусун ушинтип уруп коет», – дейбиз. Ага кек
сакталбайт. Канткен менен каны бир. Эчтеке кыла албайт. Бул -
кыргыз ынтымагы, тууганчылдыгы, болуп келаткан корунуш. Ал
эми душман башкалар, каны-жаны коошпогондор, тигилер ез болсо
да, булар озголер. Душман десе эле каршылашкандар, кыл чайнап,
кыжынып тургандар эмес. Алар сый адамдар катары түшүнүүбүз
2) тийиш. Бир сез менен айтканда, бири-бирин сыйлоо аркылуу
жагымдуу, ак тилектуу ойлорун билдирип турушат. Мына ушинтип,
туугандай октум-соктум мамиле кыла албайсың, т.а. сый кишиден,
сый сез угасың, сый урмат көрөсүң.


Кыргыз