Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Жаман катын белгиси

Жаман катын белгиси. Адамдар ар кандай мүнөздөргө эгедер экендиги белгилүү. Жакшы, жаман, башы оор, момун, кой маарек, жеңил ойлуу, кыялы чукул, айкөл ж.б.ларга бөлүнүшөт. Жекече тур-муштун туткасын кармоочулардын экое эриш-аркак жашоолору ой-догудай жүрөт. Дүйнөнүн кызыкчылыгын сезет, бирге жүрүп чечет. Болбосо качат. Бир татым тузу кем дуйно, зайыптын начар болуусу -кыштын кычыраган карындай болот.

Биринчиден, куттуу үйдүн кунары озуэле качат, береке-бейпил-дик, бала-бакыранын ырыскысы да өзү эле качат. Томсоруп керунот.

Экинчиден, жаман катын алган жарын торкундоруно басынтып берет. Болоор-болбос «казан-аяктын кагылышынан» улам эле ата-энесине балдарын алып «чуу» коет. «Энеси болушчаактык кызы ыйлаак». Андайлардын торкундору да кызына обу жок жан тартып турат. Ар-намысы темен тушкон эри балдары учун артынан барат, жер караган байкуш «кулдукдагы урат». Кайын журту устомендейт. Кайын журту шылтоолоп улам анткен сайын ал жыгылыштуу бо­лот. Бирдеме ендуруп алып турушат. Бул оз зайыбынын т.а. бал-дарынын энесинин ез эрин төркүндерүно күнкор кылуусу, ар-намы-сын кемсинтүүсү;

Үчүнчүдон, оз балдарына оз эрин караманча жамандап туруусу. Андай-мындай «Атаңар баланча менен соо эмес», «Акчасын толук алып келбейт. Башкаларга жумшайт» ондүү кеп-создору аркылуу балдарын таптакыр карама-каршы коет. Акылы тайкылар энесинин созун эп корет, атага чабуул башташат;

Төртүнчүдөн, жаман катын эл көзүнчо козунен чаар чымын учу-рат. Дасторкон үстүндө ичи тарданып, чыр чыгарат.

Бешинчиден, жаман катын күйөөсүн «алкаш» айтат. «Дагы ичип келген тура, уйдутолтуруп койгонсуп», ж.б. создер менен балдарын атасына жоо санап турат;

Алтынчыдан, эрин мокочо көрүп, бирөолөргө коз арткан, ошо-лорду сыйлаган катындар бар. «Табышкер, жашоосу укмуш. Эр деген мына ошондой болсочу. Мен ага ар дайым суктанып турам, бала-бакырасын кийиндирип, ичиндирип отурат, сенин атаңчы,

чеккени тамеки, ичкени арак, оюну карта» -дечүүлөрү бар. Т.а. эрин элге жамандайт.

Жетинчиден, кайын журту менен ыркы жок. Кайын эне, кайын атаны каакы ордуна корбойт. Абысындары менен андышкан жоо, ез баладарына гана оңгечок атат. Тууган-уруктар менен бала-бакыраны данакерлештире албайт.

Сегизинчиден, жаман катындын дагы бир белгиси арак ичет, тамеки тартат. Бул жагынан эри менен атайын атаандашат. «Сен ичсең, мен да ичем, сен жүрсоң, мен да жүрем»… Арийне, мындай жоруктары балдарынын осүшүне, тарбия-таалим алышына бегеет болот да, тукумкуучулугуна доо кетирет.


Кыргыз