Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

«Жаак жаңылбай, туяк мүдүрүлбөй койбойт»

«Жаак жаңылбай, туяк мүдүрүлбөй койбойт». «Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт» (макал). Пенде болгон соң, каталык кетирбей, баскан-турган соң, сөзсүз жер таянбай койбойт. Эгер адам ката кетирип, аны туюп, ез мезгилинде жое билсе, ошол адам өзүнүн катасын ондой билет. Макалда кечиримдүүлүк, ал эчтеке эмес тууралуу соз болууда. Туяк сүрдүгөт, кайра туруп басып кетүүсү - ал да боло берүүчү, анчалык элес албоочу көрүнүш катары каралууда. Себеби, түбөлүгү туз – дейбиз.

«Кыңыр иш кырк жылда билинет». «Укпайт деп ушак айтпа, кербейт деп ууру кылба» – бул да буга үндөшөт. Кыңыр иш – мурун болуп кеткен копол, одоно иш. Ал жасалды, эч ким корген жок, жабылуу аякжабылуу бойдон калды, кундор айлар ете берди. Керген, уккан пенделер болбоду. Ии, и, эми эч ким билбей калды – дешет. кудайым карап тургандан соң, ал тапталбайт. Акыйкат жолу аркылуу бир нерсеге юир нерсе себеп болот да, ошол маселе козголот. Кайра кеп кылууга, мисалы, оч алууга, кузаматчылыка артууга, кайра элдин эсине салынат. «Ошондо ошондой тура!» – дешке туура келет.

«Ууруну каракчы урат». Каракчы -талаа-тузде адамдарды тоноп, жабыр тарттыруучу. Албетте, уурунун уурдап бараткан «олжосу» алар үчүн асмандан тушкондой болот. Уурунун көчүгү кууш, эч лам дебейт, бирдеме десе сазайын колдоруна берет. Элге айтып коет.

«Эки киши күнөкөр, бир киши данакер». Данакер-буюмдарын бөлүктөрүн бири-бирине бириктирүүчү, ширетүүчү, жабыштыруучу зат. Т.а. бири-бирине окшошпогон эки затты бириктирип аралаштырат. Аны «бура» дейт. Эки затты бир эриткенде данакер ошондогу ыпыласты болуп чыгат. Таза кылат. Экөөнү бириктирет. Демек, адам урушса, ортодон бироо арачалап, экөөнү элдештирег.

«Колуң менен кылсаң, моюнуң менен тарт». Адамзат куноо кылат, билип туруп кылат. Аны бирөөлөр кыйнабайт. Кыйнаган, азгырган кунде да ага барбашы керек. Бирөөлөрдү зар какшатып, сызга отургузуп, каргатып-шилетип, убал-сообуна карабай жасалган караниеттикти алые узатпайт. Андайды кудай тободо карап турат. Ал эртели-кеч карматпай, капканга тушпой койбойт. Эл озужазасын колуна карматып, мыйзам аркылуу энчисин алат. Абакка тушот, айдалат, байланат.өз колуң менен жараткан күнөөндү моюнга ил, моюнуңа алдыңбы, аны өтөө үчүн жолуңа түш – дейт.

«Жаш келсе ишке, кары келсе ашка». Элибиздин наркында тигил-бул иштердин оор-жеңилине карбай, токтонуп турбай, иш кылып жаткан жайда жаштар шымаланып, абалы ишке денелерин таштайт. Улуулардын колдорундагысын ала коет да, аракетти ары улайт. Улуулар, карап тургандар, анын ал адебине ыраазы болот. Батасын берет. Карылар ишке эмес, ашка чакырылат. Санжыра чечип, балдардын иштерин баамдап төрдүн төбөсүнөн орун алышат. Дасторкондо жадырап-жайнап отурушу- өзүнчө керк. Ушундан улам «Жакшы ишке барат, жаман ашка барат» – деген туунду макал бар.

«Эл акысын жер жебейт». Мында сез эмгектенүү, жерди иштетүү, дыйканчылык кылуу, мандай терди кара жерге тамызуу жонундо барууда. Байлык жерде, жер адамды багат, аны асырай билүүбүз тийиш. Эгер үрөөндү оз убагында сээп, мыкты малалап, отоо чөптөрүнөн арылтып, жер семирткичти тап менен берип, шарты менен сугарып, жаак-туяктан коруп, ойдогудай барктай билсең, ал токоч, ал талкан, чөбү тоют, мал чарбасын өнүктүрүүнүн мыкты шарты болот. Жер эне эмгек атасы, адамзатты ошол эле багат: «Жаз жарыш, күз күрөш» -деген мына ошондон калат.

«Иштесең кулча, тиштейсиң байча». Кул – байдын малайы. Ал шордуунун эмгеги, албетте, күчтүү, кулда чарчоо болбойт. Башкага барууга, көңүл ачууга укугу жок. Байдын козун карап, орун которууга айла-амалы тар. Эмесе, сен да эмгектенүүдө так ошондой аракеттен, бай чайнаган майды, нанды сен да чайнайсың. Т.а. «таман акы, мандай тер гана байлыкты жеткирет» – дегени. «Иштесең тиштейсиң, иштебесең тиштебейсиң» – социалистик эмгек принциби да ушундай түшүндүргөн.

«Кийиз кимдики болсо, билек ошонуку». Мунун сөзтүшүнүгү кайсыныкы болсо өзү көбүрөөк аракеттенет, башкалардан ашык эмгектенет. Мандай терин бөтөнчө чачат. Өз буюму үчүн өзү күйүп-бышат. Мында кийиз уютуунун татаалдыгы, т.а. буладай жүндү тепкилөөдө, чөктүшүп алып, билектөө менен асыл буюмду жаратуу оңой эмес дечи. Бул аркылуу өз иши үчүн өзү баарыдан күйөрман экенини баамдалат. Ошондой эле кийиз басуучуларга бар мүмкүнчүлүктөрүн аянбашы жонундо да түшүнүк бар.

«Көйнөгү көөлүү, тамагы майлуу». Көө – казандын, тулганын отундан, түтүндөн пайда болгон кара боегу. Көөлөө-аны кез-кез кыргыч менен кырып туруу, көөлөнүү – казан аяк кармап отуруп-туруп жүргөн аялдардын көйнөгү ага тиет, кара көө жугат. Бул сөздүн оң түшүнүгү болот. Таптаза кийип, эчтекеге кол тийгизбей, эмгектенбей өзүнчө эле чиренип, бөйрөгүн таянып, акын Мидикем айткандай:

«Күрөң көз айнек кийип,

Муруну булутка тийип,

Көкүрөгү бийик»

- болуп тургандар бар. Ал жел жутуп, ачтан өлөт. Андайлар -жел жутуучулар. Эмгек гана эресеге жеткирет, курсакты ток кылат, ач-жылаңачты жок кылат – сымал насаатты билдирип атат.

«Отун апбаганга, отжактырба». Отун-жагылуучу жыгач. «Отун олжо, суу кордук», «отун алып, от жакмак, оңой эмес мал тапмак», «катын алган, отун алат» дешет. Албетте, жашоодо оңой-олтоң эчтеке жок. Баарына мээнеттенүү керек. Отун коп болсо, отту улуулата жага беруулор бар. Бирок, ошол отунду тоодон которуп келген адам башка. Анын антип жасаган аракеттери андай учурда эске алынбайт. Кыскасы, ушундан улам сөздүн торкуну мында башкада. Турмушта озунун ак эмгегинен тапкан табылга бироолордун алган олжосунан айырмасы билинет. Өзүңкүн аяп турасың, башкалардыкын элес албайсың. Анткени мандай териң, таман акың башкача сезилет. Ага эмгектенип жеткенсиң. Арийне, адал менен арамдын айырмасы, ушинтип билинет.


Кыргыз