Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Уурулук

Уурулук. «Уурулуктун тубу оңолбойт» (Эл сезу). Бул – адам­дардын мал-мулкун колдон талашуу, биреелердун эмгеги аркылуу кун көрүү. Тирүүчүлүктөгү эңжаман адат, ак малый, тапкан-ташыган уй оокатын уурдаса, ботодой боздогон адамдардын наалатын кетеруу, каргышына калуу. «Баландын сеегунжак», «Баландын кунун кербе», «Баландын боорун жеп кал», «Карыш узабагыр», «Этегиң эки болбосун», «Кан кусуп кал», «Менин кунумду кер» сыяктуу куйуп-бышкан кептер, наалаттар так ушул биреелердун адал байлыгын колдон талашуучуларга, кезун тазалоочуларга арналат.

13185816034728 Ууру – кески адам, уурулук анын адаты.кесиби. Албетте, мын-дайлар турмушта кеп кезиккен, кезигип да жатат, кезиге да бермек-чи. «Ал анын каргышына калган. Демек, уурулугу учун колго, торго тушкен, ошондон соң ал оңолбоду, езү тентип-тербип жүрүп, ач бел-де, куу жондо елдү, сеегу кемулбей калды. Ошону кормок, кудай бар экен. Өзү жарды болду» – деген чындыкты кеп угабыз».

Чын эле уурулуктун аягы узап кетпейт. Карандай каргыштын кесепетинен ырай-бешене, кейпи бузулуп, шордуу, байкуш, алсыз калган пенделерди козубуз менен көрдүк. «Кудайга тобо» – деп, жакаларыбызды кармандык.

Уурулук укум-тукумдарына да жаккан учурунда билдик. «Ал ата-бабасынан бери ууру» – деп айткандарды угабыз. Уурулук бала чак-тан башталат. Бара-бара улантыла журуп отурат.

Мектепте дептер, китеп, карандаш, сыя челек, калем уурдайт. Класста булар жатса, жолдошторуна айтпай шып ала, чөнтөгүнө сала койсо, ал уурулукка жатат. Тапкан буюмун «Мен муну таптым, бул кимдики» деп уч жолу айтпаса, арийне, ал буюм арам, озу ууру ата­лат. Илгеркилердин айтымында: «Бир айылга ууру кириптир. Уурдап баратып, айылды «ууру кетти» деп ойготуптур.

· Кайда кетти, – эл жапырт карбаластап, эшикке чыгат.

· Мына бул тарапка кетти – дейт ууру.

Айыл ошол тарапты көздөй дүрбөйт. Ууру ал кезде акырын оз сапарын башка жакка беймарал улайт. Бул уурунун айлакерлиги ка­тары кийинкилерге айтылып калат.

«Ууру», «Кески» дегендер эгиз баяндалат. Алар ата-бабалар-дан бери ууру-кескилер, этеги эки болбогондор, тукумкуруттар. Эл-

журт ушундай баа берет. Минтип наалатка татыктуулар – элдин кар-гышы жеткен жери экени белгилүүдүр.

Ууру – калың эл-журт учун кесепет. Уктатпаган, жанды тынчыт-паган адамдар гана эли-жерине батпайт, азат, тозот.

Илгери бирөөлөрдүн мыкты атына, жоргосуна сугу тушкен бай-лар, болуш-бийлер атайын ез ууруларын жиберген, уурдатып алган. Ичи тарлары аны сойдуруп да койгон. Казандагы сууга арканды са-лып кайнатып, атты жыгып, ысык аркан менен терисин куйгузе чыр-маса, аттын өз тугу тушуп, башка тук чыккан. Ат таанылгыс болуп калган. Ашынган уурулар жападан жалгыз өзү эле бодону жыгып союшка машыккан.

Кой-козулардын башын өйдө кылып, куржундун эки көзүнө са-лып тенденип кеткендежаныбар маарап да койбогон. «Уурулук-чаап баратып, эңип кеткен олжо» деген.

Ууруну кеп карганганы – «мындан ары да ууру кыла берем» -дегени. Бир кеп: Ат-Башыга Нарындан бир атактуу ууру аттанат. Айыл четине барып, акырын бегүп жатат. Желе агытылат, коз байланат. Туу калган боз бээни кармайт. Анын кулун-тайын ээрчите чыгат. Туну ме­нен жетелеп отуруп, айылга алып келет. Бээни токойго бекитип коет да, тайды соет. Ээси артынан сая түшүп келип, эшикте буурул тайы-нын териси жайылып турганын көрөт. Этин жеп бүтөйүн дегенде эшик-тен куучу кирет. Ошондо ууру чектүшө калып куран окуп, атасына багыштай салат. Куучу уятына чыдабай шарт аттанып, жолуна тушот.

Чоң уурулар алыска аттанышкан. Казактардан, калмактардан жылкы чаап келген. Кыргыздар да аларга жылкы чаптырышкан. Би­рок, «уурунун кочугу кууш» – дейт. Ал эртели-кеч колго тушкен. Ууру-лардын арты козун жалдыратып, абакта отуруу болуп саналат.


Кыргыз