Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Уулдан уят, кыздан кылык кеткенде

«Уулдан уят, кыздан кылык кеткенде». Байыркы элибиздин жашоо-тиричилигинде ар бир муундун орду, ыйман, адеби өзүнүн туштугун аныктайт. Улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй, теңтушка тең-туштай мамиле кылуу асыл каада-салтыбызда укмуштай айтылат.

Ошонусу аркылуу айкөл элдин мурасы бабалардан бери сакталып, изден тайбастан аткарылган. Меер баскандай болгон. Ыйман, адеп, абийир, ахлак жаш озгечелукторду тандабаган. Бардыкка бирдей, аны«ич ара жузеге ашыруу мыйзамы кагазга жазылбай эле күчтүү сакталган. Бешкөкүлдор, бийкечтер – кир кол менен кармабастар. Сырдашы – кайын жеңелери, ез жеңелери. Адептүү, эстүү ыймандуу жеңелери өз энеден, кайын энеден кийинки таалимдүү, таасирдүү тарбияны берүүчүлер. Акылсыз жеңил ойлуу жеңелер – кайын кы-зын жардан түрткондей абалга келтиргендер. Кыз тагдыры жеңелер-дин ошол сапаттарына да байланышат. Азыркы шарт ойдо жок жо-руктарды пайда кылды. Жүгөнү жок атка окшош, айрым уулдар кочөдо сүйлөшүп жүргөн кызын үйүно алып келет. Кыз да келин болоорун билдирет. Таң калыштуу нерсе: өзүбүздү өзүбүз кордоп отурбайбыз-бы?! Жаштарыбыз кайда баратат? Кыргыздын баба-бубалардан келе жаткан адеби көмүлдүбү?

Биринчиден, биз өзүбүздүн элдик маданиятыбызга умтулуп, анын асыл жактарын кайра жаратабыз, унутулган түрүн кайра калыбына келтиребиз, ал үчүн иликтөо-изилдеө иштерин жүргүзобүз деп айкын максатыбызга төмөндөн ойдөнү карай окметүбүзго дейре талапта-нып жаткан шартта эмне деген жорук?! Жаштарда ийменүү, уялуу, элге-журтка кеп болуу буюрбайбы? Бул батыштын кунарсыз, жарым жылаңач цивилизациясын бешиктен бели чыга элек жаштарыбыз кууп кетүүсү.

Экинчиден, күнее энелеринде да, чоң энелеринде да, тайэне-леринде да керүнүп турат. Аларга шыпты кашкасы: «Жигитим бар, силерге корсотем» -деген кызына, небересине, жээнине жетине албай жатпайбы, езүнүн жеңил ойлуулугу башына жетип отурбай-бы. «Кызым, неберем, жээним күйоотааптыр», -деп сүйүнчүлегөн байкуш энелер да бар! Ушунун өзү энелердин шору! Эми андан төрөлгон балапандар уяда эмне көрсо, учканда эмнени алары өзүнөн өзү белгилүүдүр…

Үчүнчүдон, «Шарт ошондой, жеке эле менин кызымбы? Балан-чанын кызы деле шуркуя болуп жүрбөйбү? Ага Караганда кызым ачык айтып, ак сүйлөп отурбайбы? Мунун эмнеси жаман. Тим кой, аман эле болсо биз үчүн ошол олжо», – дечүүлөр бар.

Төртүнчүдөн, бизде «Өзүң бил, билбегенди башкадан үйрөн, таалимин ал, турмуш көчүнөн калба, эл менен бир жүр», – деген накыл сөз бар. Улуулардын нускоолорун минтип эске түйүү гана эмес, этибарга алуу жоюлду. Бул да эне-атанын баш терисине шартташат.

Бешинчиден, табиятыбызга жат көрүнүүчү жардыктар кап. Эне, кыз ошону кадала тиктейбиз. Телекөрүүдө да жаш өзгөчөлүктөр ыл ганбайт. Жапырт жал пак олтурат. Уятына чыдай албай, жан дилин таштап карап жатканда езүң коомайсыздана, туруп кетүүге туура келет.

Илгери кыздардын адеби орундуу эле. Аларды ез үйүнен керүүчү, же кыз оюндарынан көз кырын салуучу. Кеенүне жакса ата-энелери аркылуу жуучу түшүүчү. Жигиттер кыз тандоодо жоро-жолдоштору менен акырын баруучу. Минтип алуу колуктусун «Мен ушуга уйленем, албасам^муунам, 9- кабаттан ыргыйм, келге чегуп, Нарын сууга агып елем» – деген эмес. Кыздар: «Келин болуп ушул уйге келем. Мени уулуңар албаса, боюмда бар, уу ичем» – дечу эмес. Чоң энелери менен улукташ байбичелер небелерине жеңкетай жечүдөй жеңелик милдет аткарган эмес. Андай байбичелердин башында бир чымчым акылы жок?! Ошол небелерден укмуштар чыгууда:

«Көзу өтүп турат иңирден,

Көп жигитке сөз берип.

Жүрөгүжүзгө тилинген,

Жашабай жатып башкага.

Райкан маркум айткандай,

«Лекция» окуйт сүйүүдөн». (Байдылда)

Арийне, жеңенин да, эненин да, чоң эненин да оз орду бар. Алар балдары, небелери алдында женил баа болбошутийиш.


Кыргыз