Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

«Үйүнө жакын иттин куйругу чагарак»

Кабанак иттердин куй-ругу чагарактап, жондору дүктүйө чыгып, короого, уйго адам жо-лотпойт. Макалдын бир мааниси, айрымДар айылында, элинде, үйүндө кыйынсынышканы, баатыр, эржурокболушканы менен ко-лунан анча эчтеке келбейт. Үйдө баатыр, жоодо жок көрүнөт. Айы­лы, үйү үчүн пайда-батасы бир аз болсо да, эли-журтунун керегине аттанып туше албайт.

«Ала карганы атынан чакырат». Журт-езу калыс. Ак, караны алар ылгашат. Баатыр, эр, эпкиндүү, жалкоо ким? Кыраан, алгыр, чабал кайсы, эл өзүчыныгы бааны берет. Макалда кимдин кимдигин даана өзүн айтуу тууралуу сез баратат. Жакшыны жакшы, жаманды жаман, түзүктү түзүк, акты ак, караны кара – деш парз. Демек, ала кушту оз атынан эле чакыруу керек.

«Арстан алганына кубанбайт, чалганына кубанат». Арстан -жырткыч, азуулуу жаныбарлардын сүрдүүсү. Ал чалып, т.а. азуусу менен душманын жара тартып коет. Аны «арстан чалыш» дейт. Ал эми адамдарды да арстанга салыштырат. Тотен, эзүүчүл, чөйрөлөрдө бирин-бири ичтен пасташуу-басынтуу бар, айрымдарды артыкча көкөлөтүү же таптакыр жок кылуулары туюлат, ж.б. жагдайлары, уруу билермандарында коралбастыктар, атаандашуулар коп болгон. Ми­салы, күлүк ат көпчүлүктүн коз кырында турат. Ага, дубанды бузган жорго, сулуу кыз оңцүүлөргө суктары тушуп калса, анын баркына жетеби-жетпейби, акыры аны колго тийгизүүсү, намысын колуна алу-усу керек. Макал ушундан улам айтылат. Алар өзүлөрүн чалган ошол арстанга салыштырат. Бирөөлөрдүн убалына карашпайт…

«Ат баспайм деген жерин үч басат». Адатта, алые жерди ат арытат, ат арбытат. Кыргыздар алыска аттанаарда алдына ат шай-лаган, үстүнө тон камдаган. Тар капчыгай, таштак жолду ат аркы­луу откон. Мынданат барбаган, адам корбогон жер жоктой. Мын­дан адам да барбайм деген элин, жерин уч, андан да кеп басат оңдүү корутунду чыгат.

«Мал ээси менен, баш мээси менен». Уюткулуу калкыбызда мал-башка ошол уйдун ээси эгедер. Союуну-коюуну, бир жакка берүүгө үйдүн ээсисиз калган үй-бүлөсү бийлик жүргүзо албаган. Мурунтан чукталып койгон нерсеге гана үйдүн зайыбы кийлигише алган. «Атаң айткан», «Атаң айтып кеткен, өзүңөр билгиле» -деген. «Макул болгон» өңцүү ыраазылыктар аркылуу беркилер бийлей алыш-кан. Албетте, бул үй-бүлөдө ич ара сыйлашуу. Үй ээсинн пир тутуу-су, чыгыш мусулман элдеринин ыйманы, адеби, ырыс-кешиги… «Баш мээси менен», мейманга жандык сойсо, баш тартат. Баш сыйда мүлжүлөөрү менен баш мээси алынып, сорпого эзип, туураган этке (нарынга) кошулат. Ал тамактын даамын чыгарат.

«Балык башынан чирийт». Мында создун чоо-жайы адам­дарга чаап турат. Б.а. мансаптуулар, улуктар өзүлөрү заң-мый-замды бузуп, башкаларга таба болуп жатышы, эл алдында уят-сыйыттан кетиши тууралуу билинип отурат. «Алар минтсе, калың эл кантмек эле» – деген бутум чыгарышат. Ал эми балык башы-

нан бузулабы же башка жеринен жыттанабы? – Аны илимий жак-тан изилдеп аныктаган жок.


Кыргыз