Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Үй-бүлөдөгү ич ара жардамдар

Мында бала үчүн ата-эненин айтканы – эм. Алар баланын алына жараша жумшоого, женил жу-муштарды аткарууга көнүктүрөт. 7-8 жаштагы бала мал тосот. Атка мингизип койсо, алыс-жакындагы жерге барат. Бирөөлөрдү чакы-рып, бирдемелерди байлап келүүгө жарайт. Музоо, козу-улак кайта-рат. Коён, took, каз, өрдөк, күрп, көгүчкөн өндүү үй канатууларына жем, чөп, суу берет. Бөбөктөрүн сооротот, аларды ойнотот. «Музо-очулук мундурбайт» – деп, ага ата-энелери ыраазы. «сүйүнчүлөп кел», «Жентекке чакырып кел», «туз, чай сурап кел». Бул кол-арага жароо белгиси. Тууган-туушкандарына боор тартат, аларга эркелейт. «Бул биздин тууган, буларды жакшы көрүүм тийиш» – деген ойдо жүрөт. Бара-бара үйгө адамдар келет, аларга жылуу сезим ыроо-лойт. Орун бошотот, төргө чыгарат. Тал-төөндөй болуп, даам ооз тийгизет. «Атамдын досу», «агамдын курдашы», «апамдын сырда-шы», «тайатамдын жердеши» – өндүү кыязда жүрөт. Сый конокту сыйлоо керек деген сыпай маанай түзүлөт. Кичипейил, сылык, сый-да мамиле жасоо так ушул учурда калыптанат. «Балапан уяда эм-нени көрсө, учканда ошону алат». Ата-эне, ага-эже, тууган-туушкан-дардын насыяттары, турмуштук мамилелери кичинекейлер үчүн нуска болуп келе берет.

Жүк жыят, суу алып келет, казан-аякты тейлейт. Бөбөктөрүн багат, мал тосушат, тейлешет, от жагат. Бул да болсо өзүнөн кичүүлөргө улуулук үлгүсүн көрсөтүп, тескеп, оң жолго буруп турат. Узчулукка багыт алып калат, сайма саюуга жөндөмдөлет. Көркөм кол өнөрчүлүктүн түрлөрүн түшүнүп, айрымдарына кол тийгизип ка-лат. Тестиерлер өз себин өзү камдоого башат алат. Көңүлү жетик, колу тетиктенүү мына ушул чактан баамданат. «Ата көргөн ок жо-нот, эне көргөн тон бычат» -деп ушул кез кыз үчүн таасирдёнүүгө өбөлгө болот. Ата-эне бир жакка кетсе, үй ичине тээк болот. Алар да бейкапар болушат, «үйдө кызым бар эмеспи» деп ойлошот.


Кыргыз