Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Тузак үзгөн неме

Тузак үзгөн неме. Бул аттан улам айтылып калат. «Ат-адам­дын канаты» болгондуктан кыргыздар бул мингичти укмуштай асы-рашкан. Балдарына талкан кылуучу өлчөлүү арпа данын атына ил-ген. Анткени ал алыс-жакынды бирдей артат. Жонунан ээр токум түшпөйт. Бардык тиричилик ат аркылуу жүргөн соң анын баркы-ба-асы артылып турат. Бирок жылкы байкуш да кыярданат. Амалдуу боло баштайт. Кыяр – кески аттар ээсине оңтойлук менен кармат-пайт. Минээрин, үстүнөн дагы тердиктүшпөөрүн, баягы таз кейпи-не келээрин сокур сезиминде туюп барат. Ал ээсин коргондо качат, жылкынын үйүрүнөн окчундап, жакын барса, чоп баштарын сейрек чала, улам арылай берет. Айла кеткенде ээси анын сырын билсе, анча убара болбой туз, шор, жем тогуп, атка таман тузак тартат. Жыт алып, ал куу кекиртек учун келет. Тигини жалайт, аркан тузак-тын алкагын бир буту менен басканда, ээси ойдо серпе тартканда тузакка түштү болот. Кээде ат ошол тузакты үзүп кеткен кездери бар. Ушундан улам «Тузак үзөөр», куу, амалкой, далай балакеттен откон, неченди жолго калтырган адамдарга карата отмо мааниде багышталганы билинет.


Кыргыз