Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Туулган күндү белгилөө

Туулган күндү белгилеө кыргызда каада-салт катары болгон эмес. Эркек бала үчүн 3 же 5 жаштарында сүннөткө отургузуу эң чоң той деп эсептелет. 13 жашы – мүчөлүүгө чыккандагысы. Мына ошондон «мүчөлүүгө келди» кылып, айрым ата-энелер мал союп, айыл-апаларды чакырып, дасторкон жая турган. Мүчелүүжылында сарамжалдуулар мал мууздап, бата алуу жагдайы болгон. Эгер эле туулган күндү белгилее илгертеден келген салт десек, анда үмөтүбүз Мукамбет пайгамбардын туулган күнүн белгилее жыл сайын отмек.

Арийне, бул орус эли аркылуу кыргыз элине терең сиңип кетти. Улуулар муну азыр анча эске албайт. Мунун күйөрмандары жаштар болду. Алар өзүлөрү менен кошо кийин ата-энелеринин туулган күндөрүн, анан 25 жылдыгын «күмүш той», 50 жылдыгын «алтын той» деп, этап өткөрүп жатышат. Мында ага карата белек-бечкек-тер даярдалууда. Деген менен:

Биринчиден, туулган күндү белгилөөнүн чордонун аракка айлан-дырууда. Аракка тоюнуп, мае болмоюн ал туулган күн өз максатына жетпөөде.

Экинчиден, ага алып келген белек-бечкектердин оодук-соодук-торунан ич-ара нааразычылыктар күчөөдө.

Үчүнчүден, бир үй-бүлөде, мисалы, он жан болсо, жыл сайын ар биринин туулган күнүн белгилее, демек, анын кызыкчылыгын жо-готууда. Туулган күндү антип еткерүү – «шылтоого шыктоо» кылып, арак ичүү, тамак ичүү, сокур намысты ойготуу;

Тертүнчүден, бардарлар үчүн туулган күн «аш кеп болсо, каада кеп», колунда жоктор үчүн, улутунуу, социалдык теңсиздик болуп кала берүүде.


Кыргыз