Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

ТОЛГОО

Боюнда бар зайыптын айы, күнү жетип толго кире баштаганда баканды түндүккө бек тиреп коюлушу торөчү зайып баканды бек кучактап кармап, зайыптын арт жагынан отуруп бир карылуу киши кучактап бекем тартат, ал кишинин артынан дагы бир ошол сыяктуу карылуу киши биринин артынан бири отуруп күч менен тартышат. Кайсы бир зайыптардьщ эси ооса, «албарсты, кара басты» деп зайыпты камчыга алышат. Албарсты дегендин чоңдугу 5—6 жашар кыз-дай, ыраңы сары, чачы менен эмчеги жерге сүйрөлүп жүрөт. Бул албарсты ар бир жерде болуп, түн ичинде үйлөргө келип, бошураак, кайратсыз кишилерди басып эсин оодарат жана үйлөрдүн жанына кичинекей от жагып да кетет. Бул албарсты төрөп жаткан зайыптын өпкөсүн сууруп алып кетип, сууга салып жибер се зайып өлөт. Сууга көтөрүп бара жатканда куучу келип калса албарстыны кууп, «сал эле сал» деп кыйкырып айдап келңп өпкөсүн кайта салдырып, зайып кайта тирилет. Бул албарсты эч бир кишилердин көзүнө көрүнбөйт, жалгыз гана куучуга көрүнөт.

Талаада мал багып жүргөн малчылар албарстыны кокусунан кармап алып токмоктогондо, албарсты бардык билген дубасын үйрөтүп, андан кийин бу киши куучу болуп калат, бу куучу жүргөн жерге албарсты бир да жолобой качат. Кайсы жерлерде албарсты бар экендиги куучуларга ачык белгилүү болот. Төрөп жаткан зайыпты кара же албарсты басканда куучуну чакырып барган киши «баатыр» деп барат, ез атын айтып чакырса анда куучунун күчү кетет. Албарстыны киши кармап алганда албарсты эки эмчегин кайра эки ийнине арта салса, кишини албарсты жеңип өлтүрөт. Ийнине арта сала албай калса киши жеңип, анда албарсты кадимки кишиче жалынат экен. Каны бир аз токтоп жаткан кишилер да «мени түндө албарсты басты» деп ишенет. «Албарсты басат» деген ишеним азыр да толук жоюлган жок. Куучулар өздөрү келбестен камчыларын берип жиберсе да албарсты качат. Албарстылар көк улак болуп кубулуп журтта жатканында кармап алып өңөрүп бара жатканда албарсты кишиче сүйлөгөндө чочуп кетип кое берген кишилер да бол гон. Бул сыяктуу ишенимдер талаадагы кыргыздарда эң көп болгон.


Кыргыз