Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Тамактын кадыры карының ачкан кезде, төшектүн калыңы, уйкуң келген жерде

Тамактын кадыры карының ачкан кезде, төшектүн калыңы, уйкуң келген жерде. Ар нерсенин ез учуру болот. «Ач кадырын, ток билбейт». «Ток бала, ач болом деп ойлобойт. Ач бала ток бала менен ойнобойт». Ошол сымал тамак адам үчүн биринчи дымак. Курсак ток чактары тамакты тандап, баркына жетпей, эринип, ичип-жеш бар. Анда тузу, майы даярдалышы, алдыга келиши, баары тенделет. Андайда пен-дечилик кылып, ысырапчылык бар. Ал эми ач курсакты тойгузууда Кы­зыл кекиртектен откену эсеп болот. Ошого топук тиленет, тобо кылынат.

Уйку катуу келгенде, такыр жерге жат, жамбаштан сыз өтпөйт. «Мындай салынды, андай салынды» – оңдүү тандоолор, уктай ал-бай чыгуулар, жууркан-төшөктүн көп учурунда болот.


Кыргыз