Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

«Суроосу жарашса, соз айтылат»

«Суроосу жарашса, соз айтылат». Адатта, эл арасынан куйма кулактар коп чыккан. Алар – санжыра сандыгын ачкандар, шекердей ангеме сездору аркылуу калк кумарын жазгандар, соз баккандар, кулактын курчун кандыргандар. Создү уга билүү менен айта билүүнүн тыгыз эриш-аркак жагдайларын сактоочулар. Таамай берилген суроолор аңгеме создун иче-карын чубай алат. Сез кадырын билүүчүлер илгертен эле тилемчиси жарашса аттан түшүп берген.

Болбосо, айрымдар аңгеме учугун өзү саптай алат. Кээлер сөз төркүнүнөн адашып, тык токтоп.оңтойлуу суроо издеп калат. Окуя суроо-жооп аркылуу толукталат.
«Бөйрөктөн шыйрак чыгарып». Бөйрөк менен шыйрактын айырмасы асман менен жердей. Бейрек жан-жаныбарлардын ички органы, сийдикти тазартуу, тамакты сиңирүү сымал милдетти аткарат. Шыйрак- бут. Жан-жаныбарлар бутсуз баса алышпайт. Демек, бойрок эч качан шыйрак болуп бербейт. Макалдын өтмө маанисине келеек, айрымдардын туура эмес журуш-туруштарына барып такалат. Т.а. бул женсуз нерсени алып барган, башка коошпогон обу жокторду, эби-сыны жок шылуундары туура эмес иштерди «туура» дечулор.
«Эр жигиттин ичине, ээр-токумдуу ат батат, катындын ичине карабашыл киши батат». Макалдын маани-жайын оң маанисинде да, отмо маанисинде да туюндура алабыз. «Катындын ичине карабашыл киши батат» – дегени – курсакта бала жатат. Аны эне ичтен жетилтип, убагы келгенде тореп берет. Ал адам болот. Эненин мээрими, чыдамы, баарына тобокелчи экенин ушул аркылуу билдирип турат, «Эр жигиттин ичине ээр-токумдуу ат батат» – дегени, тигиге эриш-аркактүшүнүктү берет. Мында да жигиттик пейилдин кенендиги, адамдык айкөлдүгү, теңиздиги, терендиги, кенебестиги айтпасакда шарттуу түшүндүрүлөт.
«Жооштуку жоон». Мында адамдын мүнөзү жөнүндө айтылат. Айрымдар оор басырыктуу, коңур, баскан-турганы токтоо, куудум-шудуму жок, ез оокаты менен алек, ошол адам айрым шартта күтүүсүздөн эле бирдемеден улам катуу ачуулана, капалана кетүүсүнө карата макал айтылат. Маанилүү маселеге чыдамы кыстап кетүүлөрү бар.
«Желмогуздун кичинеси эң кыйын». Турмушта «желмогуз бул» -деп аныктап айта турган далилидер коп. Бул жомоктордо жолугат. Это коркунучтуу, сүрдүүжети баштуу адам, жегич катары сүрөттөлөт. Сез маанисинде айрымдарды, мисалы, кичине сезилген кишилердин терс жүрүш-туруштарын, кылган иштерин ошол жети баштуу желмогузга салыштыра айтабыз.
«Чөптү кордосоң, көзгө зыян». Кек чөп жан-жаныбарлардын жашоо-тиричиликтери үчүн чоң ырахатты тартуулайт. Аны биз жашыл чеп болуп көрүнсө да «ыраң» деп тергейбиз. Момун, коңур, б.а. биреөлөрге карасанатайлык кылбаган, ез арбайын озү соккон адамдарды, оз бетинче оокатын кылып, эл ичинде тынчжүргондордү «Чёл менен суудан башкага зыяны жок» – дейбиз. 8тме маанисинде кээде так ошондой теңиз жандарды кор кармоо аркылуу айрымдар
өзүлерү да жаза керүп калат. Т.а. алар да чоп кезду сайгандай абалда калат. Макал – биреелердун убал-сообун эстей жур, алардын да кудай-теңири бар-дегенди билдирет. Ал эми «сэры ичине чеп салып», – ошондой адамдардын жакшылыгын баалабоо, биреелердун эмгегин бурмалоо, кайра жакшылыкка жамандык издео, адамкерчиликти акмакчылыгына алмаштыруу. «Кезүнечоп салуу», изин жашыруу. Мисалы, эрди-аялдардын биреолор менен билгизбей жагымсыз жактарга, алдоолорго баруулары, ж.б. аркылуу түшүндүрүү-туюндуруу.
«Моюнунан байлаган ит ууга жарабайт». Жетекке конбегон ит тарткынчыктап, кетенчиктеп кеткиси келип турат. Жетекке кенбогон, ууга чыгып, уусун алууга машыккан тайгандар (бул да ит баласы) тоодо атчандар менен бирдей темпте катар журот. Ушундан улам бир ишти аткарууда адамдардын да ар кандайы бар. Бироелеру элпек, шайдоот, дагы бироолору копшок жана башкалары кежир, ителеп-суреп жатып, араң бир жака жумшайсың. Макал жумуш кылып бербеген, берсе да «тилди тешип» жатып, аткандарга арналат. Андайды «моюнунан байлаган итче» деп коюшат.
«Суунуку сууга». Бул – кыскача баяндаганда оңой табылган олжо. Берки маңдай тер, таман акы аркылуу табылган байлыкка Караганда жумушу жок болот. Бат эле пайда болгон андай «чокой боолорун» кезун тез тазалап жиберүүге адам аярдык, анча сарандык кылбайт, колдун кириндей карайт. «Кайсы эле эмгегим, мээнетим кетти» – деп. Андай табылгаларга адам езу март, берешен келет. Создүн маңызы мына ушунда турат.
«Тойгондо токтунун эти топурак татыйт». Токту – бир жаштагы ургаачы кой. Анын эти жумшак, козунун этинен анча айырмасы болбойт. Албетте, ото жегиликтүү да келет. Сезсүз ичтейи келип, коп жеп, тойгон соң, тамактын даамы мурункудай сезилбеши шексиз дечи. Ушуга карабай ичкен тамакка, кесирленүүлор бар. «Ал мындай», «чала бышыптыр», «арык экен», «супсак тура» сымал создор ич-ёра жүрүшү ыктымал. Мунун отмо мааниси адам тойгондон кийин ошол ичкен тамагына акарат айтуусу. Бироодон бирдемени үзүлүп-түшүп алуу, максатына жеткен соң, аны карабай кетүү да ушуга барып такалат.
«Талаага кетти мээнетим, тартыштым байдын дөөлөтүн». Адатта, байларга, бийлерге, болуштарга, манаптарга, бектерге, хандарга кимдер кызмат кылбаган. Мисалы, алардын малын багуучу, отун-суусун алуучу, жерин айдоочу, чөбүн чабуучу ж.б. муктаждыктарына жароочу кедей-кембагалдар, малайлар эле.

Ошолор гана чыдоочу, мээнетти мына ошолор ченебей кылуучу. Бирок эмгек акылары ар дайым ойдогудай алынбай, болушаары табылбай, көбү жемин жедирип жиберуучу. Ушундай эзүүлөрдөн чыдай албай айрымдары байдан тайманбай мандай терин, таман акысын доолоого баруучу. Дөөлөттүү байлар манчыркап, аларга ондуу жооп бербей, ич-ара нараазылыктар болгондо арызданып барган бийи да байдын сөзүн сүйлөөчү. Бул макал мына ушундайды туюндуруп турат.


Кыргыз