Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Сүрдөнтүү

Сүрдөнтүү – албетте, айрым адамдардын ага карата мамиле-си. Башкаларга зор таасири, чоочуркоосу. Кыз сүрү уландарга, уяң-дарга ошондой көрүнүүсү. Сүрдөнтүү, сүрүн салуу, ага атайын өзүнүн мамилесин билдирүүсү. Пендечиликте сүйүүлөр да, сүрдөнтүүлөр да, сүрденүүлөр да, сүрүн көрсөтүп, жактырбоолор да ж.б. бири-бирине зор таасир-таалим этүүчүлөр-этүүлөр да бардыгы.
Сыпайы сырын жашырбайт. Бул – адептүүлүктө ез чын сы-рын айтуусу. Аны кыйбастарга билдирүүсү. Сыпайы көңүлү да, пей-или да, жүрүм-туруму да бөлөктөргө үлгү, отуруп-турганы мадани-яттуу, бирөөлөргө мамилеси сылык адам. Мына ушундай абалда жашоо-турмушту өтөө аркылуу карылыкка жетүүсү. Элге-журтка алынуусу. Андай пенделердин асыраган, аздектеген сыры да баш­каларга өрнөктүү болоору аныктыгы.
Жылкы кыял. Бул – айрым адамдардын жекече мүнөздөрүн жылкыга салыштыруусу. «Жылкы эт алса, жонуна чымын кондур-бай калат» – деген ишеним да айтылат. Чыныда, эттенсе жал, чойчек алса, жылкы чалпоо келет. Тердикти араң салдыргандар бар. Ушун-дан улам өтмө мааниде адамдар мансап күтсө, арадан баркы, даң-кы артылса, дөөлөтүнө мае болуп, кыял кутет. Текеберчилик кылат. Көпчүлүктү көзүнө илбей калат.
Коймаарек. Мында да адамдардын жекече мүнөздөрүн өтмө мааниде салыштырмалуутүрдө койгожакындаштырат. Адатта, мал­дын Чолпон атасы, бул – беш түлүктүн жоошу, маарап, жалдырап, маңыроо тартып, өзүнүн коңурдугун көрсөтүп туруп берет.
Таразалап көрүү. Бул – адамдардын алгылыктуу сапаттарына карата айтылган сез. Тараза – салмакты так ченөөчү, тартуучу ас-
пап-курал. Ар кимдин сапатын, түздүгүн, чынчылдыгын билүүгө мында өтмө мааниде түшүндүрүп жатат. Кандай да болсо таразанын башы­на келгенде анын канчалык деңгээлде экени билинет. Ап эч качан мүлтүлдей, эки жүздөнүп, буйтай, жүзүн буруп кете албоосу. Тараза билдирип турардыгы.


Кыргыз