Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Сахнага (эл алдына) чыгуу

Сахнага (эл алдына) чыгуу. Кыргыз Атада «Эл улуу сынчы, элдей калыс эчтеке жок» – деп баалашат. Себеби бардык көрүнүштөр калың калктын коз элегинен өтүп турат. Сыдыргыга салгандай жүрүм-турумдар аркылуу адамзат пендеси бааланат, оз ордун табат. Жур-тубуздун ата салтында, эне адебинде карыбы, жашпы, өзү жоопкер-чилигин, абийирин, адебин, ыйманын ала жүрөт. An тубасадай сези-лет. Ошонусу менен оз ордун, баасын, кадыр-баркын ала барат. Ти-лекке каршы, укмушуң кур, азыр кыргыздын андай сапаттары мууну-уда, жоголууда, жоюулууда, көмүлүүдө. Анын айкын мисалы, онорпоздор сахнага чыгууда, эл алдына көрүнүүдө:

Биринчиден, мында кийим-кечек чечет. Ар ким өзү каалагандай денесине бирдемелерди илип, эл алдына өзүнө татына, табигый аде­бин маскарапоздукка айлантып жатуусу. Кыргыздын аймончоктой жаштары ата-эненин жүзүн, жаратылыш тартуулаган өңүн, өзүнөн өзү өчүрүүсү. Ал адамдарга серт, күлкү келээрлик кебетеге алып келүүсү.

Экинчиден, сахна – ыйык жер, эл алдына чыгуунун өзү ото жо-опкерчилик. Кары-жашка чейин жоон санын, киндигин, эмчегин, ж.б.ла-рын көрсөтүүсү улууларды сыйлабоосу, уят-сыйытка сыйбоосу. Кыр­гыздын адеп-ыйман башатына таптакыр коошпоосу. Ажына болгон-суп, байлантма жинди өңдөнүп, сахнада күтүүсүз мөңкүп, тыбырчы-лап кетүүсү, аны көрүүчүлөр серт кабыл алуусу.

Үчүнчүдөн, анысы аз келгенсип, кумган түп көчүктөрүн элге көргөзө мүлтүңцөтүүсү, ооздорун чое, алжактап күлүүсү, кебете-кеш-пири бир укмуш, оптонуп кетүүсү. Көрүүчүлөр аларга шылдың, маа-шыр болуусу, бирок, өзү болсо, өзүнөн-өзү «сахна жылдызы» ката­ры сезүүсү.

Төртүнчүдөн, ырдап чыккан ырынын кунарсыздыгы, бир созду он-он эки кайталап айтуусу аркылуу сахнада бир кумардан кануусу. Бир ырды аткарууда кийимин, чачын, кашын, бешенесин бир нечеге түрдөнтүп жиберүүсү.

Бешинчиден, эң өкүнүчтүүлүк сахнага, телеге чыгарууда корком жетекчиликтин, режиссердуктун жоктугу. «Мен ушундай чыгам» десе, куттуу орунда ошондой болуусу, корком жетекчилер, режиссерлор башкарбай, ырчылар, маскарапоздор аларды баш ийдирип алуулары. Бул – эгемендүүлүктө өзүбүздүн көөнөрбөс дөөлөттөрүбүздү жерүүбүз. Батыштын (азыр аларга да жат) заңырсыган маданиятын туу тутуу-

буз. Элдик мурасыбызда кайра жаратуу, унутулган түрүн кайра калы-бына келтирүү эмес, аны кайра чыгаруубуз эмес, башкапарга чөктүшүп берүүбүз. Бул – Кыргыз Атанын улуттук жана бир шору.


Кыргыз