Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Олтурган кыз орунун табат

«Олтурган кыз орунун табат». Мунун экинчи мааниси «Таш түшкөн жеринде оор». Сөз күйөөгө чыккан кыздын ошол барган жеринде биротоло бүлө болуп калышы, орун-очок алышы туура­луу болуп жатат. Төрөл-түшүп, ак этек басып, жабуулу кара инген аталышы – кайын журту үчүн да, төркүндөрү үчүн да абийирге эгедер. Кыздын төркүнүнө чыгып келиши, чыгыштык кылышы, эр-ден-эргетийиши, желпинип жүрүшү, ата-энеге аброй алып келбейт. Жер каратып коет.


Кыргыз