Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Накыл, санаат, насыят

Накыл, санаат, насыят. Өзүн жупуну кармаганга – кудай утуру карайт.
Рух дүйнөсү бай адам – улгайган сайын корогеч, байлык менен жашаган адам- аң-сезими пас адам. Ал барган сайын кекүрөгүн май басып, тамак, кийим, дүнүйе, мүлк менен алек.
Карылыкка жетип, касиетке жетпеген жаман.
Адамдын денеси – тамакка, кийимге, жарыкка, жылуулукка, эс алууга муктаж. Адамдын жаны пейилге, ыйманга, ысапка, адепке, ылхамга, эргүүгө, сүйүүгө, кудайга муктаж.
Күнее – тажрыйбалуу шимшүүр, ал сени кайда жүрсең да табат.


Кыргыз