Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Музоочулук муңдурбайт

«Музоочулук муңдурбайт». Бул кол арага жараган эркек бал-дар тууралуу айтылат. «Музоочулук – музоо, кадимки уйдун бала­сы, андан алты айлыгы тана деп аталат. Демек, уй тиричилигине жардам берүүгө катыша баштагандары козу-улак кайтарышат. Айыл ичине жумшаганга жарайт. Тезек терет, отун алат, суу куят. Демек, ата энеге тээк болот. «Мундурбайт» – кичинекейлер да колунан кел­ген аракетин жүргүзүп жатат деген түшүнүктү берет. Улам тестиер болгону атжалын тартып минет. Айыл аралайт. Аш-тойлорго барат. Жаман-жакшыны көрөт.


Кыргыз