Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Миң койлууга карышкыр тийсе, бир койлуу бычагын ала жүрүптүр

«Миң койлууга карышкыр тийсе, бир койлуу бычагын ала жүрүптүр». Сөз төркүнү байга Караганда кедейдин марттыгын билдирүү. Бай болууга, мал күтүүгө ынтызар эместиги, бычагынын курчтугу. Адатта, байлык бир тыйындан куралатдейт. Томаяктардын, кембагалдардын, кедейлердин, букаралардын өз алдынча жашоого Караганда, бирөелөргө жалданып, малай болуп, эптеп оокат кылууга, жеңилдей туюлушу…

«Ат айланып, казыгын табат». Ат жерин тушойт, жайытын эңсейт, качып келгени тууралуу болумуштар бар.

1916-жылы кыргыздардын Кытайга качышында Жумгалдык Бекболоттун Нарбашы (башы бир метр) кошо кетет. Ал тараптан бут кулук барымталанат. Кийин эл турган жерине кайтканда Нарбаш Кашкарда калат. Үч жылдан кийин эл артынан качып келет. Келип, чоң аш-тойлордо чабылып, баш байгелерге татып журуп, Кочкордук Бекчоро дегендин ашында чоң ат чабышта алдыда келе жатып, котон кыртасы узулуп кетип, жан берет.

Жумгалдык Кокумбай манаптын кара шумкары да так ошентип, эл артынан Жумгалга кайра качып келиптир.

«Оюндан от чыгат». Кыргыздардын ата-бабалардан бери келе жаткан оюн-тамашалары бар. Ал да жаш өзгөчөлүктөрүн айкындап турат. Жаштар оюну, улгайгандар оюну, карылар оюну, ат үстүндөгү оюндар… деп, бир топ түрлөргө бөлүп, ошол оюндарды өзүнүн жол-жоболору аркылуу жүргүзүү – адамды кумардан чыгаруусу. Ойноп, эс алуу, кийинки муундарга үйрөтүүсү, алар анын баркын билгендей даражада машыгып чыгууга шарттар түзүүсү. Оюңцан от жанат -мындан чыр чыгарат-дегендик.

Биринчиден, таң-тамашаларды ез эрежеси менен жүргүзбөөдөн пайда болот, буга ар бир көрүүчү күбөгө тартылат.

Экинчиден, оюнчулардын ичинен чырлар чыгат. Алар уттуруп баратканда итакайлашып, эптеп жыдытууга алып барат.

Үчүнчүдөн, Оюнда да теңсинбөө, утса унчукпай калуу, уттурса чырга айландыруу жагдайы бар.

Төртүнчүдөн, оюндун тууралыгы, тазалыгы, нукуралыгы үчүн күйөрмандар чыдабай кетүүсү, акыйкаттык талап кылуулары бар. «Ордо», «упай атуу», «атчабуу», «улактартуу», «жорго салдыруу», «кыз куумай», «жоолук таштамай», «эл чабар», «ак чөлмөк» өңдүү улуттук оюндарда чыр чыгаруу аркылуу оюнчулар тарап кетүүлөр коп болгон. Мисалы, Бугу-Сарыбагыштын айтылуу чабышы (1853-55-жылдар) карандай чүкө чертүүдөн, Сарбагыш менен Карамоңолдун чабышы ат байгесин бербей коюудан, ошол эле Карамоңолдор менен Чагалдактын чабышы Чоң Киндик деген жайлоону талашуудан ж.б. чабыш-уруштар учурунда арбын боло турган. Албетте, элдешип, кайрадан элчиликке келишкен. Ата салтын сактап, оюндун нышаасында жүргүзүүбүз зарыл.

«Жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл». Нар-төөнүн чоңу. Атан тоо, лек тоо, буура тоо деп да коет. Негизи нар оркочу бир. Ал – чөлдөрдү басуучу төөнүн бир тукуму. Тоодон жыгылуу – албетте, бийиктиктен жыгылуу. Эми отмо маанисине келеек, күрөшсөңда, мелдешсең да, тирешсеңда, төкөрдөшсөңда, барымталашсаң да, басташсаң да, кыйындар, улуктар, менменсингендер, төбөсү көрүнгөндөр менен ачыкка чык. Тобокел тууду, жалтанба, чүнчүп калба, андан өчүндү ал, аяшууга болбойт. Же жеңдиң, же жеңдирдиң, уттуң же уттурдуң, эмнеси болсо анын бир талуу жерин таап, ошонусун кармоосу. Арийне, бул чечкиндүүлүгү, бир чети эр-азаматты кайраткердүүлүгү, тайманбастыгы, таймашуусу, ж.б. жигиттик сапатка даана татуусу. Буйла – төөнүн мурдун тешип, ага өткөрүлгөн жип, аны менен төө жеңил жетеленет. Сени менен ачыкка чыгуучунун аяшка эч кандай мүмкүн эместиги. Бул карма-каршылыктын ото курчушу.


Кыргыз