Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыздын салттары. Колго суу куйганда берилген баталар

Кыргыздын салттары. Колго суу куйганда берилген баталар

Кыргыздын салттары. Колго суу куйганда берилген баталар

Кыргыздын салттары. Колго суу куйганда берилген баталар

Кыргызда үйгө келген коноктун «колуна суу берүү, колуна суу куюу» парыз катары каралган. Колго суу куюунун тарбиясы да үйдө бекем иштелет. Баланы кичинесинен элге жумуш кылуунун башат тарбиясы катары башкалардын колуна суу куйдуруп көндүрөт. Колго суу куюунун да өзүнчө эрежелери бар. Бекем тартиби болот.

Өз үйүндөгүлөрдүн колуна суу куюп бата алуу болгон. Өз үйбүлөсүндөгү бир бүлө кишилерден эң кичүү бала чөөгүн көтөрө алгандай болгондон баштап эле ал үйдүн колго суу куюу милдетин өзүнөн удаалаш улуусунун колунан алат. Үйдөгү чоңураак кишилер (чоң эжеси) чөөгүнгө (кумганга) чабыштырып даярдап койгон сууну чылапчын менен көтөрүп, сүлгүнү (суу жоолукту) моюнга арта салып, эң төрдө отурган үйдүн улуусунан (чоң ата, чоң энесинен же атаэнесинен) баштап колго суу куя баштайт. Ал эми колго суу куюучу элден мурда сууну өз колуна куюп көрүшү, өз колуна ылайык келсе, анан баштан баштап куюу керек. Куюп жаткан суу өтө калыптуу ченемде, үзүпүзүп куюлушу керек. Колго суу куйган бала колго сууну өз эрежеси, аябай ыйбануулук менен куйса атаэненин батасын күнүгө үч маал алып турган.

Бир күндө колго суу куюу жумушу ошол үйдүн балдарынын талашкан жумушу болуп калуусунун себеби да үйдөгү улуукичүүнүн батасын көп алууну максат кылгандан болгон. Ошого бир үйдөгү атаэненин, улуулардын колго суу куйган балдарга өтө астайдилдик менен баланын көөнүн көтөрүлүүсү үчүн, жакшы тилектүү сөздөр менен бата берип, тарбиялап туруусу илгертен аткарылып келет. Бул жөрөлгө балдардын кичи пейил, башка бирөөгө (өзүнөн башка) кызмат кылуу көкүрөгүн ачып келген. Ал эми келген коноктордун колуна суу куюу кыргыздарда бекем эреже менен аткарылган. Анын негизги эрежелери:

1. Суу куя турган чөөгүн таза, бүтүн (агып турбаган), капкагы бек жабылган болушу керек.

2. Суу куюла турган чылапчын түбү бүтүн, өзү таза жуулган болушу.

3. Чөөгүндөгү суу бейман  кирген кезде куюлса, жылымык чабыштырылсын.

4. Дасторкон салына элек болушу керек. Мына ушул шарттар даяр болгонун колго суу куюучу бала көңүлүнө туюп болгон соң анан суу куюуну баштайт. Суу куйганда төмөнкү тартипти сактайт.

Дасторкон салынуунун (тамак тартылуунун) алдында колго суу куйганда, тор жактан баштап куят. Суу куйганда чылапчын жерге коюлуп, же жерге тиертийбес көтөрүлүп (сол жак кол менен) турат. Оң колдо чөөгүн сабынан кармалып, бармак менен капкагы этиятта басылып турат. Сууну үзүпүзүп колдун жарымынан көбүрөөк жайылгандай ченемде үч мертеме куюлат. Шар куюп коноктун кийимаягына суу чачыратууга, же тамчылатып куюп, конокту зарыктырып, келбээртип туруп алууга болбойт.

Суу куйган бала (же киши) сөзсүз бүгүлүп туруп, ыйбалуу куюусу, мүрүгө арта салган сүлгүнү (суу жоолукту) башкы кишиге кош колдоп сунушу керек. Дасторконго бата кылынып, дасторкон жыйылган кезде колго суу куюуда ушул эреже боюнча болот. Мында окшобой турганы суу этектен торге карай куюлат, суу мурдагыдан жылуулатылат. Мына ушул талаптар менен колго суу куйса, ар бир конок суу куйган балага айрымайрым бата берген, же кыска ак тилек айткан. Эгерим бул эреже боюнча куйбай калса, колго суу куйган бала коноктон бата алмак тургай «шапат алган» иштер коп болгон. Эл ичинде мындай эки нерсени айтып, бата албай «шапат жеген» жомокту айтышат: бирөө, бала чөөгүндөгү сууну оз колуна куюп корбой (мурда чабыштырып оттун боюна койгон чөөгүндү) барып суу куйганда, ал суу кайнап, ото ысык болуп калган болот. Аны дароо коноктун колуна куюп кол күйгүзүп салган.

Тиги улуу киши баланы жаакка бир шапат уруп, баланын колунан чөөгүндү ала коюп, кайра баланын колунун өзүнө куйганда жаагы тызылдап, колу күйгөн бала эстен кеткис тартипке жыгылган экен. Дагы бирөө, сууну эңкейип куйбай, отурган коноктун оозуна чөөгүндүн чоргосу кезелип калган болот. Анда ал конок балага колун сунбай, оозун ачып берип, уят кылган экен. Теги колго суу куюу тартибинде тартиптен тайгандар бата алмак түгүл, как эле ошол майданда жазасын тартып, элге сабак болорлуу окуяны сүйлөшүп жүргөндөр коп болгон экен.
Колго суу куюу жумушу кыргыздарда эң эле «сооптук» жумуш катары каралган. Анын сообу бата аркылуу тиет деген түшүнүк болгон. Ошого, колго суу куйганга берген бата ото ыкыластуу, берилгендик менен берилип, батанын мураттилегине жетүүсүн качан да болсо соз кубаты менен шыктандырып турууга тийиштүү болгон. Колго суу куйганда, шарт барабал астында, эр конокторго эркек балдар, ургаачыларга кыздар колго суу куюуну адат калыптанган көрүнөт. Андан бөлөк өзүнөн улуу жаштагы кишиге колго суу куйдурган. Сыйлуу коноктор да өзүнөн улуу киши колго суу куям десе, аянып, ыйбаа меен ынабайт. Ошого колго суу куйгузган кишини эстүүлүк менен кичүү кишилерден койгон жон.

Кыргызда үй ээсинин эстүүлүгүн колго суу куйдуруу тартибинен эле конок ичинен акырын баалай турган. Кадыресе мына ошентип, үй ээсинин тарбия көрүү деңгээлин бир гана колго суу куюу өтмөлүгү менен сынап ташташкан.

Кыргыздын салттары. Колго суу куйганда берилген баталар


Кыргыз