Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыздардын каада-салттары. КҮЙӨӨЛӨӨ (КҮЙӨӨЛӨТҮШ)

Күйөө болчу бала бир жылдан кийин күйөөлөп барат. Күн мурун кыз атасына баланын атасы кабар кылат. Күйөө женке тайына 30—40 кез кездеме (кез), малдан кой, бээ, уй, тай жана акча алып жонойт. Ырчы, комузчу теңтуштары менен барат. Күйөө кошчусу бироо гана. Ошентип 3—4 жигит жонойт.
Бала күйөөлөп бармак болду деп кабар угуп, (бала атасы жиберген кишиге) макул болуп күнүн болжогондон тартып кыз атасы камынат. Күйөөгө бир сыйра кийим кече: койнок, дамбал, кемсел, тебетей (суусардан) ж. б., күйөө жолдошко койноккече, ырчы, комузчуларга да белектерин камдап, келерге жакын атайы үй көтөртөт. Айылдагы кызкелиндер да камданышат.
Күйөө келип бир, бир жарым чакырым жерге түшөт. Жолдошторунун бири келип, күйоө келди деп кабар берет.
Айылдагы кызкелиндер тосуп барышат. Алар жакындаганда күйөө ордунан туруп баш урунат (жүгүнөт). Анда жеңелери: «кудай жалгасын, бай бол» деп алкашат. Күйөөнүн атын балдар минип чаап да кетет, же «күйөөнүн аты менен күл ташыйт» кылып пайдаланышат. Күйөөнүн жолдоштору ат коштоп да келишет. Күйөө күүгүм талашта келет. «Күүгүмдөтүп келгидей күйөө белең» деген элде макал бар. Күйөөнүн канжыгасындагы жанбаштыгын чечип, андагы бойрок, шыйрак, керчоо жана ушу сыяктууларын алып чогулуп жешет.
Күйөө, күйөө жолдоштор жана кыз жактан барган кызкелиндер баары чогуу жөө келишет да баягы атайын көтөргөн үйгө киришет. Анан жакшылап чайланат, кызкелиндер алып келип чай беришет.
Шыкалашуу — бул шыкалашуудагы максат — күйөө, кыздын кимиси мурун көрсө, ошол октом болуш керек деген ырым боюнча кылынат. Көбүнчө кыз мурун көрүп коет. Анткени — күйөө кайын ата, кайын агаларынан уялып, түн кирсин деп жатып кий¬ин калып калат.
Жеңелери келип жеңкетай доолай башташат: «Калыңсыз болсо да, каадасыз кыз болбойт» дешет.
Аларга 30—40 кез кездеме, ЮОдөн сом (илгери бир баш кой, кочкор — 5 сом эле) акчаны жеңеси аркылуу кайын эненин колуна еткорот. Ал жакшы санаалуу абысынажындарын жыйнап алып, жеңкетайды «кашык салганга кашык сал» деп, мен жеңкетай жеген абысындарыма берем деп, оз билгениндей кылып, кездеме, акча болүштүрүп таратат. Конок камын кы¬лып союп (тай, кой) аракеттерин кыла беришет. Күйоо, күйоо жолдош ырчы, комузчулар менен келинкыздар шьщкылдашып ойноп отура беришет. Анан жеңелери жүз корүшүүнүн аракетине кирише башташат. Котөрүлгон үйгө күйөө кирип отурганда, балдыздардын бардыгы (кыздар), колуктудан чоңу дале балдыз аталат, күйөөдөн жогору отурушат, жакындары жа¬кын отурат. Келинкесектер (катындар) маңдай жакка жана (оң) томен жакка отурушат. Улам жаңы кай¬ын эжелерге, аял (чоң жеңеге) келсе эле күйөө баш урунуп турат. Эгер күйөө манап болсо, анын күйөө жолдошу баш урунат да, күйөө өзү ордунан туруп гана зьщкыйып туруп анан отурушат. Кол таштап бир гана эңкейип баш урат — күйөө же күйөө жолдош.
Күйөө жолдошту абдан тандап, ото тьщ жигиттен алат.
Жеңелерден да бирөө ото тың болуп, башчылык кылат.
Күйоө, күйөө жолдош чек түшүп отурушат. Бузса жеңелери келип күйөө жолдошту тизеге чапкылап отургузушат.
Жеңкетайды мурун башкы (башчы) жеңеси эле бөлүштүрүүчү, кийин гана энесине жеткирип, энеси бөлүштүрүүчү болду.
Кыз, жигиттер ойноп отурушкандан кийин этке чейин күйөө жолдош «кызды алып келгиле» — деп жеңелерди шаштырат. Акыры эт бышкыча кызды жасап туруп женелери алып келишет, анда баары ор¬дунан турушат. Кыз келатканда «эшик ачар» деп дагы алат, «жүз көрүштүрүүсү» деп дагы алышат да кыз¬ды күйөөнүн жогору жагына отургузушат. Күйөө кыз бирбиринин тизесин басып отурууга аракеттенишет, анткени өкүм болгусу келет. Кыз келгенде дагы чай алып келишет. Аны аксакалдата экиүч жеңесине бе¬рип, анан күйөөгө сунат, ал кызга сунат, кыз тың (мыкты) болсо эки, үч ууртап «келиңиз» — деп кайра сунат. «Шилекей алышат».
Кулак чоюу — көбүнчө күйөө жолдоштукун чоюшат, күйөөнүн кулагын кээде гана эркелетип чоюмуш болуп коюшат.
Кыз, жигит отурган кезде, ага чейин жана кийин кайын эне, кайын эжелери шыкаалап кетип турушат…
Чай ичилгенден кийин бат эле кызды кайра алып кетишет. «Каным дат», бааша ойноп шап алышат, билектерин кызартышат. Күйөө жолдош кызкелиндердин шакек, билериктерин утуп алат. Анан бир уйкуда кызкелиндер да тарап, ете жакындардан гана үчтөрт келин, кыз менен калат. Бир табактык болуп калышат. Анан эт алып келет, аны кызсыз эле жешет. Анан жатышат. Ал күнү кызды жаткырышпайт. Таң атат. Дагы жыйналып оюнкүлкү кылып «Каным дат» ойноп, ыр, комуз болуп тамаша менен отурушат. Күйөө жолдош тың болсо кечкечейин кызды дагы бир эки жолу алдырып келтирет.
Жеңкетай алгыча жеңе, анан күйөө жолдош октом болсо, кеч курун кызды алып келет да кайра алып кетпейт.
Ойноп чымчылашып отурушат. Жеңеси кызды «биз дале ошенткенбиз» деп күйөө бала менен кол кармаштырып, жакын отургузуп көндүрүп үйрөтүп көнүктүрөт, үйүр алып калышат. Жатаар мезгилде жеңе, балдыздар кызды эшикке алып чыгышат, күйөө күйөө жолдошу менен да эшикке чыгат. Келиндер төшөк салат да «төшөк салар» алышат, анан «коюнга саларын» алышат.
Күйөө жолдош да башка үйгө кетет. А да жеңелерден бирөөн таап алган болот. Ырчы, комузчулар да жон жатышпайт. Күйөөнү жеңеси коштоп келип жаткырат. Кызды алып келет, кыз ыйлайт, бирок бизди уят кылба, баарыбыз ушинткенбиз деп көндүрүп күйөө баланын койнуна салып берет да жеңеси өзү жанына жатат. Кыз көшөгөдө күйөөнүн ар жагына кереге жакка жаткырылат.
Мында күйоо кызга тийбейт, жен эле жатат. Эртең менен турушуп ошол (көтөргөн) үйдө эле чогуу отуруп калышат. Чайланат, анан жене, балдыздар кошулуп бир сыйра кийит алып келип кийгизет.
1) тебетей (суусар, түлкү, көрпө) тукаба тыштап (кызыл, жашыл); 2) сайма топу; 3) койнок дамбал ме¬нен; 4) кемсел (баркут) шымы менен; 5) белине саймалуу жоолук, бет аачы; 6) чырмаган ычкыр. Ушуларды кийгизет. Күйөө жолдошко койнок, жоолук бет аачы. Ырчы, комузчуга да ошо сыяктуу.
Ошентип, ошо күнү эле күйөө баланы атказышат. Атказганда жеңе, балдыздар аттарды коштотуп алып жоо айылдан алые узатып чыгып анан күйөөнү атказышат.
Андан кийин келипкетип күйөөлөп жүрө берет. Кийинки келишинде женелерине гана союш (тай, кой, козу) өңөртүп күйөө жолдошу менен гана келе берет. Эртеси, эки күндөн кийин кете берет. Кийит да бербейт. Жеңелери эле ычкыр, бет аачы жана ушу сыяк¬туу сыйлыктарды беришет. Күйөөлөп жүргөндө колуктусу да топу сайып, ычкыр чырмап, бет аачы сайып*ж. б. сыйлыктар берип турат.
Күйөөнүн белеги милдеттүүрөөк түрдө: күмүш жаак комуз (ооз комуз) атыр, самын, билерик, шакек, сойко жана ушул сыяктуу нерселерден белек алып келет. Ушул тартип менен эки, үч жыл күйөөлөп жүрүп алышчу.
Кыз кууду — айбашы күнү күйөө жолдошу менен бир козу айттык алып жеңелерге келет, конуп эртеси аттанып кетет. Түшкө чейин аштойдо, көпкөрү байгеде болуп, анан туш ооганда келинкесек, кызкыркын, жигитжалаң чогулуп эки жаат болуп: жигитке, кызга ар кимиси оз жагынан аттарды тандап мингизишип (көбүнчө кызга түзүгүрөөк ат мингизишет) кызга ак барпы бейкасам, же башайы чапан, башына кундуз же суусар («суу бөрү» — абысын) тебетей кийгизип, белин жоолук менен курчап, женеси атказып, а да атчан бир жигитке коштотот.
Болжоп марасын белгилеп үч мартаба куудурат. Жеткенде токтойт, жетпесе үч жолу кыз куулат.
Жетпесе моорой кыз жактыкы, жетсе камчы ме¬нен кыздын оң ийнинен артылта аттын соорусуна че¬йин сылап кетет — моорой жигит жакка отот. Ар айт сайын ушундай оюн болуп турат.
Тамаша үчүн жаш келиндерди дале куудурат.
Эки, үч, торт жылдарга чейин ушинтип жооп сураш, мал салуу, калың бычуу, күйөөлөш, кыз куудуруш жана ушул сыяктуулар менен отот.
Жооп сураш — жигит атасы мал жетелеп, туугандары, аксакалдар менен келет да, «малым бүтпөсө да күнүм бүттү, эми эки баланы кол кармаштырып коелу» дешет.
Аларды коноктоп сыйлашат, оз айылындагы туугандары менен дагы аксакалдарын жыйнап мал салышат: 30—40 кара мал, 100 кой жана башкалар. Акса¬калдар эптешип «Алтын шилекейиңерди чачкыла, ыгынарга карагыла» дешет. Бирок ошол бойдон кетишет.
Чара көтөрүп келүү — баланын атасы дагы тапкан малый алып, кой союп, чара көтөргөнүм деп келет, эки жак аксакалдар да болот. Анан өткөндөрдү эске алышып, дагы эмне мал берерин жана качан, эче жумадан кийин (өргөө көтөрүп) той союларын такташат. Ошого чейин калың да, камылга да бүтөт.
Өргөө көтөрүү — малы бүтүп, баарын камдап алып кудалар болжошкон күнү келишет. Эртең жума деген күнү, же жума, же экиүч күн куда, кудагый менен күйөө келип жатат, келчүүлөр да кошо келет. Өргөөнү тигет, ичитышын аябай жасайт (төтөгө, үзүктүн этеги). Үй жасаганда жүгү менен кошо жасайт. Шайы, башайылап коп колдонулат. Желбоого бусурман кымкап илет. Ошентип өргөө көтөрөт. Өргөө көтөргөндө TOO, ат, бээ берип котортот. Жигиттин атаэнесинен ошентип түндүк көтөрөр алат. Муну «өргөө көтөрөр» деп да атайт. Өргөө көтөргөндө кудагый илинген кымкапты кийип кетет.


Кыргыз