Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыз Атанын касиетин качыруу

Кыргыз Атанын касиетин качыруу. Элибиз ырыска шерик, меймандостугу артык, айкөлдүгү, адамкерчилиги аркылуу ар-на-мысын бийик туткан кутман эл. Азыр антип айтууга ооз барбайт. Себеп дегенде:

Биринчиден, эң жогорку сапатыбыз, пейилибиз тарыды. Ал-дым-жуттумдун артынан сая түшүүчүлөр кеп. «Ээ, кудай, пейи-лим менен ала көр» -дешүүчүлүкжоюлуп баратат. Өзүм эле үчүн алсам-жутсам, илсем, алдасам, бирөөлөргө бирдеме бербесем өңдүү өзүмчүлдүк. Арийне, мындай шартта адамдын кең пейили жоюлаары бышык…

Экинчиден, адамдан ыйман кетти. Адеп-ахлакты элибиз жого-ру баалашчу эле го? «Ээ, кудай, ыйманым менен алгын» – дешчу. Бул жарык жана жалган дуйнедон кайтканда «Ыйманы жолдош болсун», – деп ага ыйман айтуучу. Эми ыйманы айтылбайт. Му­нун жоголушу кундөлүк күйпүл жашоо-тиричиликтин, элдикжашо-онун нугунан чыгышы.

Үчүнчүдөн, Кыргыз Атабызда ар бир пенденин, наристеби, бөбөкпү, тестиерби, уланбы, секелекпи, бешкөкүлбү, жигитпи, ко-луктубу, келинби, зайыппы, кишиби, катынбы, байбичеби, карыя-бы ар биринин жеке оз орду, жүрүш-турушу, кыял-жоругу, каада-салты айырмаланып туруучу. Ошого карата күндөлүк турмуш эре-желери багыт алып келген. Азыр бул жаш өзгөчөлүктөр, ага ка-

рата аракет-кыймылдар аралашты, баш аламан. Карыя ким, бай-биче ким, бешкөкүл ким, улан ким, баарынын асылдуулугун, ар-намысын куу турмуштун айынан базар, соода ж.б. келгиндердин таасири соруп, өзүнө сиңирип бүттү. Кир кол аркылуу кармагыс, алмончоктой асырап, таалим-тарбиясына каныктырып, уядан учу-руп келген бешкөкүлдөрүбүз, бийкечтерибиз, улан-жигиттерибиз орун, соода талашып, эртели-кеч эшикте жүрүшөт. Алар уйдо жок, же чүйдө жок. Окуудан да, иштен да арабек, орусиялап, казакстандап куулук-шумдук кылып жүрүшөт. Азыр жаштарыбыз ыймансыз жашоого өтүшкөн.

Төртүнчүдөн, аалам алкагынан көптөгөн меймандар келет. Азыр-кы абалыбызды «аттан» түшөөрү менен эле баамдашат. Биздин улут-тук касиетибизди кайсы белгибизден керет? Элдир-селдир ак кал-пакчандар. Ошол коноктор Өзбекстанга, Түркмөнстанга барышты бекен?! Т.а. бизде Кыргыз Атанын нагызы туюлбайт. Жасалма кыр­гыздар жашап жатышат. Өзүбүз кийбей, меймандарга чапан жаап, ак калпакты кийгизуу аркылуу кыргыз эмеспиз.

Бешинчиден, бул киндик кан тамган өз жерибизди, осуп-онген элибизди, ак элечекчен Ала-Тообузду, айдың көлүбүздү, суубузду, топурагыбызды баркалбаган, чанган, жериген, сатып жиберүүчү, ке­рек болсо, өзүн да карматууга дапдаяр жагына бурулуусу – Кыргыз Атанын касиетин качыруу эмей эмне?! Буга ордо шаарынын азыркы көрүнүшү айдан ачык, кунден жарык күбөдүр.

Алтынчыдан, Кыргыз Атанын тукумубашкалардын малайы, эши-гин андуучусу. Айтылуу Байдылда бир кездери улутубуздун кадыр-баркын көтөрүү үчүн:

«Жери змее бул жер өзгөнүн, Жети атаң сүйгөн өзжериң. Өзүңдүн өскөн жериңде, Өзүңдү мейман сезбегин», – деген.

Турмуш мунун бир сөзүн гана өзгөртүп отурат. «Өзүндү мейман сез­бегин эмес, өзүндү байкуш, бечара сезбегин» – деп айтаар элем. XVIII кылымда эле бир немец философ – акын: «Улуту жоюлар эл ез ар-намы-сын сатып калат» – дептир. Кудай сактай кор, эмне деген кезу ачыктык! Азыркы агымды, көчөдөгү жүрүм-турумду туюп туруп, эт журок оозго кеп-телет. Эл экиге бөлүндү, байлар, чиновниктер, экинчиси – кедей-кемба-галдар, букаралар, малайлар! Ушул эки ажырымда эл коп, элден машина кеп. Деген менен элибизде итке минерлер, кайырчылар кеп!

Жетинчиден, чиновниктер бирөөлөрдүн, келгиндердин коюн-кол-туктарына кирген, укунун уясын тапкан. Калк куру жалак калган. Улуктар – кекиртеги кернейлер, териси менен кой, мүйүзү менен уй киргендер. Булар-карышкырдай арааны ачылгандар. Кыргыз Ата­нын табиятына, ариетине доо кетирүүчүлор.

Сегизинчиден, тууган тууганга карабай, боор тааныбай, илик албай, кара чечекейлер аталык, уруктук, жакындык санабай ке-тишти. Ич ара жардамдары пайда-батасы жок, «башка оскондүн боору таш, ташка оскондүн туягы катуулар». Алар бай-жардыга иргелишти. Байлары кедейлерине аяктүбүн, табак түбүн, кешигин арттырбай, озу менен озу болуп калышты. Куу турмуш эл-журтту тентитти-тербитти.


Кыргыз