Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Колукту

Колукту – бул жаңы турмуштанган кыз. Ал бирди төрөгөнгө дей-ре колукту аталат. Т.а. анын чачы жандырылып, эки өрүлөт. Ага уч-тук, чолпу тагылат. Эми такыя элечек кийет. Колукту төркүнүнөн кай­ын журтуна шөкүлө кийип барат да, ал баш кийимди кайра кайтарат. Адатта, элечектин кыргагы күмүштөн, же кызыл, же жашыл сайма-дан болот да, аны кийинки синдилери кийип чыгат. Ал таберик ката­ры төркүнүндө сакталат. Шөкүлөнүн жердиги баркут, кырбуусу кун-дуз болот. Улактын жылбырска терисинен да жасап келишкени «ке-дейлик кемтик» эмес. Жашоонун чоң турмуш-тиричилиги мына ушул башка эшикти аттоодон, жат элге бүлө болуудан башталат. Келин келди, той берилди, нике кыйылды, эми үй ичин тирдентет. «Келин жаман эмес, келген жери жаман» болбоо керек.

Мыкты кайын эне-лер келинди өз балдарындай көрөт. Пейили жылып, анын баскан-турганы үй ичине жагып, боорлоруна тартып, бат эле быгышып ке-тет. Мыктылардын таалимин үндөктөп, уядан учурган ата-энелер-дин перзентине өз салт-наркттарын жугузат. Колукту эрте турат. Тураары менен кайын энеге, кайын атага жүгүнөт. Жүгүнүү- өзүнөн улууларга салам берүүнүн сылык белгиси. Узчулук менен бирге бий­кеч, беш-көкүл кыздар кой-эчки, уй-топоз, бээ саашка машыгышат. Барган жерлерине уз аталып, ар ишке жөндөмдүү болушу – эненин жүзү. Айрым тезек тердирбеген, куурай ордурбаган ата-энелер бо­лот. Албетте, бардарлар, байлар ал кыздарды алмончоктой асыра-шат. Бети-колдорунун туурулуп жүрүшү алардын намысына камчы чапкандай. Андайлардын отун-сууларын ала турган малайлары бол­гон. Барган жеринде камкордукка бөлөнгөн. Жакшы жерден чыкка-ны, т.а., жердиги тазалыгы, ата-эне тарбиясын көргөндүгү. Эртелеп туруп уй саайт, от жагат, төшөнчү-орунду жыят.


Кыргыз