Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

«Колдо бар алтындын баркы жок»

Албетте, алтын – бардык түстүү металлдардын эң кымбаты, өтүмдүүсү. Андан ото асыл нус-калар жаралат.

«Алтынды болсо дат чалбайт, Алты жыл жерде жатса да. Жезди болсо дат чалат, Сандыкка салып катса да». (Эл ыры)

Деле колдо турган алтындын баркы, наркы кантип артылбасын, бааланбасын. Ал байлыктын чордонун тузет. Мында айта турган ой башкада, кобунчо пендечиликке карата багышталат. Айрым адам­дар укмуштай эрдиктердин тузуна татыйт. Зор натыйжаларга ээ бо­лот. Бироолордон айырмалуу ийгиликтери бар. Тируусундо ага на-зар ташталбайт. Жарыкдуйнодон кочет. Оо, бирчактары анын эле-си, эмгеги кайрадан эл алдына козголот. Барктай, даңктай башта-шат, буга мисал коп. Макалдын отмо мааниси мына ушундай…

«Чүкөсүн белок жыйнап». Кыргыздарда чүкө оюндары коп. Бироолор утат.бироолор уттурат. Уттургандардын чүкөлөрүн уткан-дар озуно менчиктеп жыйнап алат. Албетте, бул оюндун шарты. Отмо маанисине келеек, олжого ортоктош, оюнда оноктош болгондор кээ­де өзүнчө жыйнап, башкаларга тап жылдырбай, беришп’ей калат. Ынтымак-ражадан бөлүнүп чыгат. Кеп кыябы так ошондо өзүмчүлдөр, жекече байлыкка умтулгандар тууралуу болууда.

«Тегин жерден орт чыкпайт». Арийне, ар нерсенин чыгуу за-рылдыгы, муктаждыгы, мүмкүндүгү, кокустугу жаралат. Бир нерсе­нин жаралышы үчүн экинчиси себепкер, андан орт чыгышы да ык­тымал. Орттоп таштоочу учур да болот. Бул макалда мына ушун­дай шарттарга тогоп, айтаар соз, адамдардын жашоо-тиричилигин-де карасанатайлар, короалбастар жолугат. Жамандык кылуулар, ж.б. терс көрүнүштөрдүн чыгуу себептери бекеринен эмес, сөсүз анын төркүнү бар өңдүү ойлорду эл отмо мааниде туюнтуп атат.

«Аш ичсең, акылың менен». Сыягы кийинки чыккан макалдар-дан болушу керек. Ошон үчүн мунун отмо мааниде эки түшүнүгү бар. 1. Ичкен ашың сиңимдүү болсун, макирөө кылба, тамакты макироо кылуу, ал арам тамак дейбиз. Буга кошумча бироонун эмгегин жеш, коомдук мүлккө кол салыш – бул да арам, макироо тамак.

2. Макал арак-шарапка барып такалат. Арак ичүүдө жагымсыз создор козголот. Кер-мур айтышуулар, уруш-талаштар жүрөт. Улуу-кичүүнү көзгө илбөөлөр болот, кусуп-чычууларга чейин барышат. Ошон үчүн ушул накылды эрксизден айтууга туура келет.

«Шай кеткенче шыңкыткан, Өзүбүздөн көрөлү. Ар бир тамак кыйын го, Ашык болсо ченеми. Челектеп ичпей, курдаштар, Ченемине көнөлү». (Байдылда)

«Алып алтоо болбойт, берип бешоо болбойт». Бул – ич-ара катнаштыкты, санаалаштыкты билдирет. Мындай мамиледе эки та-раптын бирин-бири түшүнүүлөрү, алыш-бериште алардын ыраазы-чылыктары, тең кароолору. Ынтымак-ырыска мындай сапат, тотон, куда-сооктердун, дос-тамырлардын, т.а. катышы бар адамдардын арасында болот.

«Адам болуш аста-аста, айбан болуш бир паста». «Адам бо­луу баарынан артык». Атанын баласы болгуча, адамдын баласы бол

· дейт. Демек, эң эле кымбат жердик адамзат. Андан улук, кере-меттүү, касиеттүү нерсе жарык жана жалган дүйнөдө жок. Ошончо-лук улуу нерсенин изден тайбай төрөлүшү, чоңоюшу үчүн убакыт, тарбия-таалим ж.б. сапаттар зарыл. Анан барып, адам атка татыктуу болот. Ошондон соң, «адам болот деген ушул», деп түшүнөбүз. Муну ачып козду жумгуча булгап айтуулар чыгат. Бир соз менен ал «ай­бан болду» – деп коет. Буга «Кожо болуу кырк жылда, ленде болуш бир кундо» – деген макал даана үндөшөт.

«Мал бир жуттук». «Байлык колдун кири» (макал), «Кедейлик кемтикэмес» (макал). Албетте, Кыргыз Ата малы-жаны менен мак-танат. Малды боор этиндей корот. Мал – байлыктын ата башы ката­ры каралат. «Карынбай малга тойбоптур, Улукман жашка тойбоптур»

· дешет. Жыл жакшы болгондо мал толу менен дүркүрөп осот. «Ма­лым бар»-деп мактанат. Жутжылдары койчумандар жалгыз таягын кармап калат. Ага кардын калың түшүшү, көчкүнүн болушу, колдо тоюттун жоктугу, малдын жерден от ала албай калышы, кок мээ, ылаң, сакоо, сарыолко, котур, карасаң, түйнөк, кара жамаа, кара опко, ж.б. дартка чалдыгышы – баары биригишип келип, «жут» деп айты­лат. Ушундан мал кырылат. Ага да кайыл эл «баш аман болсунчу, мал бир жуттук» – деп коюшат.

«Жакшы мал-жанга аралжы». Күлүк, жорго, омоктуу, аркалуу мингич, сүттүү уй, эгизчил жандык, кыскасы, короо ичинен кезго бөтөнчө көрүнүп турган малдан чыгаша чыкса, кыргыздар «бала-ба-кыранын башына садага, ушунуку менен кырсыктан, балакет-балаа-дан оолак калалы, мындан ары мал-баш эсен болсун» – деп, ага кейип-кепчишкен эмес. Бул макал отмо мааниде да, оң мааниде да ушундай элдик ырым-жырымды туюнтат.

«Жарга жамаачы болбо»… Адатта, адамдар бири-бири ме­нен аласа-бересе үчүн доолашат. Моюндарына коюуга ич-ара жүйөөлөшөт. Ошол шартта үчүнчү адам ортого кийлигише түшсө, бирөөсүнүн талабын талашеа, жогорудагы соз отмо мааниде колдонулат. Мунун экинчи түшүнүгү: «Куюшканга

кыпчылган боктой болбой» ары турчу, сенсиз деле өзүбүз че-чишип алабыз», – деп коюшат.


Кыргыз