Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Калта кагаар

Калта кагаар. Балдардын эң кенжесин, адатта, көкүрөк күчүк деп айтышат. Ал – ата-энени багууга даяр бала. Анткени үйдүн түндүгү, мал-мүлкү, ата-эненин тапкан-ташыгандары так ошого ка­лат. «Калта кагаар» – акыркы уулу, т.а., андан кийин балалуу боло албайт. Бул тамаша катары айтсак, атанын эң акыркы күч-кубаты. Андан белок бала жасай албайт, байбичеси бала бүтүрө албайт -деген ойду түшүндүрөт. Аксы тарапта муну «дорбо кагаар» – де­шет. Дорбо – баштыктын чоңу.


Кыргыз