Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Эсепчи. (Баамдоочу)

Эсепчи. (Баамдоочу). Бул-айрым адамдардын жекече касие-ти. Башкалардан айырмалануучу кандайдыр бир баамы. Журт көзүнө бөтөнчөлөнүп көрүнүүсү. Мисалы, табыпчылык, тамыр кармоочу-лук, телге тартуучулук, бал китеп алуучулук, бакшычылык, козу ачыктык, бирдемелерди аңдай, дааналай билүүчүлүк, ошого акыл-ою жетүүчүлүк, андай кереметтерин эл арасы таануучулук Кыргыз Атада жеринен болгону айтылып келгени, мисалы, Кудаяркан уулу Эсенбайды (Кочкор району, Кара-Суу айылы, уругу Чоң-Чарык, 1930-

жылдары 70-тердин жоон ортосунда дүйнөдөн кайтат. Эл «эсепчи Эсенбай» дешкен. Керсе, илимдин тили менен айтканда, жарык-тык, астроном болот. Кыштын кырчылдаган аязы аяктап, бирдин айынын (февраль) орто ченинде, Сеек Караколдон, Кызыл-Омпол-ду этектей, Кара-Кочкор ичин аралай, Чоң-Кара-Кужурду толук кап-тай мал-жанды чыйрыктырган шамал аралаш катуу суук болот. Аны «Эсенбайдын чилдеси» дейт). «Келкекжайлоосундабыз. Кызалак деген карыя менен Эсекем «тогуз кумалак» ойноп отурушкан, – дейт Абдыбек уулу Сыдык. – Мал короого кайтып, кун кечтеп, батыш манаттай кызарып батып бараткан. Ойноп отурган Эсекем оюнунан алаксып, батып бараткан кунду кайра-кайра карап… Оюндун кызы-гында калган Кызалак карыя:
Жүрбөйсүңбү, Эсенбай?-шаштырып калат.
Күндү кудай урду! – дейт, эсепчи. Кызалак карыя батышты бир жалт карап:
«Эсенбай эсепчи, Эсенбай эсепчи» десе!.. Эсепчини жут ал-ганы отурат. «Күн кызарып чыкса, элиңди жоо чапкандай күйүн, кун кызарып батса, эркек бала тапкандай сүйүн»…
-Аны эртең менен көрөсүң… – Экөө оюнун улантышат. Эртеси эртең менен турсак, түндүктартылбай, эшикачылбай калыптыр. Түнү бою тизеден карды элеп салыптыр.
Карыя Абдыгаазы Жунуш уулу, (Кара-Кужур кыштоосу, Лахол айылы) минткени бар: «Анда Кочкор ичиндебиз, Үрүстөм аттуу ага-быз экеебуз кош айдап, тукумун сээп болуп, эми аттанган атсак өйдөнү карай Эсенбай эсепчи чаап етуп баратат. Катар салам ай­тып калдык. «Ай, балдар, ай, тукумуңарды эрте сеппей же эртең сеппей…». Ушинтип кете берди. Биз тушке чейинки сепкен урук ме­нен түштөн кийинки сепкен уруктун жерин белгилеп койдук. Бирин-чи, экинчи сугатты эгинибиз бирдей ичти. Түштөн мурунку баягы эк-кенибиз жайкалып жакшы чыкты. Туштен кийинкиси кодура болуп калыптыр. Уругу үшүп кеттиби?..
Абдыбек уулу Жупу карыя: «Кыйкач мал телдеп жаткан учу-ру. Биздин үйге эртең менен эртелей келип, тур Абдыбек, күндүн түрү бузулганы турат. Жылкылар өтөккө түштү шекилдүү. Менин кара бээм туугандыр. Сенин тор байталындын кулуну карга-куз-гунга жем болбосун» – деди да, чыгып кетти Эсекем. Атам атын арыдан-бери токунду. Керсе, жылкылар ылымта жерге келиптир. Эсекемдин кара бээси тууп, кулунун телчитип жатыптыр. Биздин байтал атам барган чакта кез жарат. Албетте, анын байкоолору жаза кетүүчү эмес».


Кыргыз