Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Эр мушташ

Эр мушташ (эр уруш). Кыргыз ата-баба салтында бул – ото одо-но көрүнүш. Айрым билермандардын, улуктардын, жойпулардын, намыссыз кара жемсөөлөрдүн, «Казанчынын ез эрки, кайдан кулак чыгарса» болуп, «Өзүлөрүн өзү билүүсү, өтүктөрүн тергө илүүсү». Кыргыздар табиятында мушташып көрүшпөгөн, мушташты сүйүшпөгөн. Ачуулары бири-бирине келе калса, жакалашуусу, анча-мынча кер-мур айтышуусу, күнөө кимден көбүрөөк кеткенин се-зишүүсү, кайра жакаларынан колдорун кое бершип, ич ара өзүлөрү эле, же калыстар аркылуу кеп-сөзгө, жүйөөгө моюн сунушуусу.
«Жакалаша кетишип», «камчы үйрүшүп», «тизгин кагышып», «те-минишип», бул өңдүүлөр элибизде ото одоно көрүнүштөр. Мындай-ларга эл ичи, аксакалдар жол бербеген. Күнөө кеткенин айыпка жы­гып койгон. Ал калктын ыркын кетирүү болгон. Азыр уялбай эле бул спорт оюндарынын катарына кирүүдө. Эржигиттержайдактөштөнгөн. Бет, жаак, чеке тарамыштары түйүлүп, кандары кайнайт. Былчылда-та мушташат. Ошого да эл топтолуп, бүт денелери дүрбөшөт, калты-ракбасат. Батыш, чыгыш, түндүк, түштүкжумуруяттарын көрүп, алар-ды туурап, көзгө көрүнгөндү көпчүлүккөжасай берүүбүз менен алар пайдабыз, көрөр күнүбүз кайсылар?
Биринчиден, элдик маданият, ата-баба ыйык жолу кайда ка-лат? Эгемендүүлүк десе эле башкалардын кунарсыз жагдайларын туурообу? Белимчилик кылуубу? Бул башка мусулман өлкөлөрүндө барбы?
Экинчиден, салт-санаабыз, каада-наркадашып, акыры мушта­шып кан суюлууга өттүбү? Элибиздин эчтеке менен иши жок ушун-дай одоно жосундарды көрүп калуудабы?
Үчүнчүдөн, мушташып жүрүп, чыныгы спортсмен аталабы? Бети-баштары тырыйып, куник көрүнөбү? (Боксер, каскадер, каратэ кыр-гыздын табитине ойдогудай коошобу?). Ар бир элдин улуттук өз бөтөнчөлүк-өзгочөлүктөрү бар. Ага адамзатты куштарлантып кел-ген. Эми биз мушташып, дымактанабызбы? Бир чактары «Мешок чабыш» пайда болгон. Ал ат майданындагы таң-тамашаларга кир-ген. Жайдак минип мешокко саманды жарым-жартылай толтуруп алып, бири-бирн башка-көзгө койгулашса, чет елкөлүктөр маашыр алуучу. Арсыздар үчүн кыраан-каткы. Алар ошондой одоно көрүнүштөргө талгактары кануулары.
Төртүнчүдөн, кызыл-төш мушташуу – кызыл кандын бузулушу, суудай суюлушу жана жинденүүсү. Мындайды көргөндө эле кыжыр-дануусу, кыжырдануусун токтото албашы. Муштумдары түйүлүп оту-руп, тура калышуу. «Чыр чыккан жерди көргөндө, чын күлүктөй

ээлирүүсү». (Райкан). Демек, кан-сөөлү качышы. Ырайымдуулук жүздүн жоголушу.
Бешинчиден, андайлар үй-бүлөчүлүктөгү кажы-кужуну кетере албашы. Биз көрүп-билип жүргөндөй, мындайлардын кызуу кандары тукумкуучулукка да доо кетирүүсү. Коймаарек, айкөл, жайдары, ко­нур, сылык сыяктуу кыргыз мамилелерден кол жууп калышы. «Бок­сер ыргыта бир койду», «Ал эр мушташка катышат, өлтүрүп коет», «Мушташты эле самап турат», «Токтоно албай турат», «Тишин күбүп салды», «Ушундай да оюн-тамашаны чыгарышабы?» ж.б.у.с. кептер Кыргыз Ата тукумуна аброй, сыймык, сыйлык алып келеби? Арийне, биз жогоруда айткан жана айтпай калган «Эр уруш» элибиздин абал-тан келген адебин, келечеги менен жаш муундардын тарбияланы-шында деле улуттук сөөлөт да эмес. Мындай жорук – жүрөк каны коюу асыл калкыбыздын касиетинин кунун учуруу. Бул башка му-сулман өлкөлөрүндө бар бекен? Муну ойлонуу зарыл.
«Эр мушташтын» т.а. муштум менен мушташтын эң эле жа­ман жагдайы – жан эттери желип, бири-бирине өчпөс так калтыр-гандар, ирбитин келтирип өч алуусу. Ич ара сөөкөчтүүлүгү. Акы­ры андан төрөлгөн муундун ойдогудай өсүшүндө кедерги мендем-дин шексиздиги.
Жүрөк каны коюу, кой маарек, коңур адамдын, ушинтип, кызуу кандуу – суюк кандуу болушу м.а. «каны суюк», атка конушу, айла-на чөйрөсү, бала-бакырасы өз жактары үчүн да уятка калуусу. Бул урукка, бир атанын тукумдарына, бара-бара урууга, акыры Кыргыз Атага доо кетирип коюусу. Айтымдарында, Чаткалда орөөнүндөгү Чапай айылында кыпчактар жашашат. Балдары кез-кез эр көкүрөктөнүп, мектептерге келишип, окуучуларды атайын мушташу-уга чакырат. Мында ураан талашуу турат. Мындайга Союздун уба-гындажол берилбеген. Акыры мушташ ыйманды, адепти, ынтымак-ты, ырысты жеп жутуусу. Бул тутанса ортко айланат.


Кыргыз