Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

ДИНИЙ ҮРП-АДАТТАР

Бакшы — кыргызда бакшылар деген бир кыйла адамдар болуп, алар эл аралап жүрүп, оорусыркоолорду эмдепдомдоп көрүп жүргөн адамдар бакшы деп аталган. Бакшылардын адамдарга көрүнбөй өздөрүнө көрүнүп, бакшылардын кызматын орундаткан чымындары болот. Чымыны коп бакшылар күчтүү бакшылар болот. Бакшылардын эң күчтүүлөрүн кара жиндүү бакшылар деп айтылган. Байлатып койгон жинди ооруларды Кара жиндүү бакшыларга көргөзүшкөн, Бакшылар айкырыпкыйкырып, колдоруна бычак, шамшарлар алып ооруну койгулап, жаргылчак таштарды алып көтөрүп оз төшүн өзү уруп, жазы темирлерди отко салып кыпкызыл кылып туруп шыркыратып тили менен жалап, ар түрдүү укмуштуу сөздөрдү айтып бакырып жана олуямазарларды айтып чакырат, аны менен катар ар түрдүү коркунучтуу сөздөрдү айтып көрүм көргөндө, карап турган кишилердин эстери ооп, көңүлдөрү айнып, үйдүн ичи кол болуп, үстүндө өрдөктөр сүзүп жүрөт. Көпчүлүк оорулар сопсоо болуп айыгып да кетишет.
Кайсы бир бакшылар чымындарын башка бакшыларга алдырып жиберип, жөнөкөй эле киши болуп калышат. Эч бир иши жок, бекер болуп калган кишилерди «чымынын кактырган бакшыдай болуптур» деген ылакап создор бар.
Бакшыларга да оорулар сыйынган, мал ж. б. беришкен. Бакшылар ооруларды түндө (түн ичинде) көргөн.
Бүбү — Зайыптан чыккан бакшы Бүбү деп айтылат. Бүбү да нак эле бакшынын жолдорун жолдогон. Тамырчы — кыргызда ооруларды билегинен тамырын кармап дарылаган адамдар болгон. Аларды тамырчылар деп айтышкан. Алар ооруну коргон учурда билегинен тамырын кармап коргон да «ооруң ысыктан болгон ысык оору экен, суу ич, же болбосо суук оору экен, күчтүү тамак ич» деп дарылаган тамырчылар болгон. Кыргыздар оорудан көбүнчө суу ичип айыккан. Суу ичкен оорулуу кишилерди тамырчылар тупадан туура тамакка киргизбестен, адегенде күчү жок кок сорпо, ак жарманы 2 — 3 күнү ичирип туруп, андан кийин тамакка салган.
Кабыргасынан түкүргөн, алдынан сезгенгендерге карандай эле суу ичирилген. Бир айлап суу ичкен оорулар болгон, алардын жиликтери тамам үзүлгөндө мал болгон.
Канчылар да түрдүү ооруларды кан алып айыктырган. Кыргыздарда мындай ооруларды айыктырган кылдат тамырчытабыптар коп болуп, ооруларды айыктырып, тартууларына малдар алышкан.
Дарымчы — оозду кара жама жеген, шишик, жылан менен бой, кара курт чаккандарды дарымчылар түкүрүп айыктырган. Дарымчы чыныга сууну куюп алып ууртап, ар түрдүү дуба сөздөрдү айтып түкүргөн. Жылан, бой чаккандарга ар түрдүү жылан жана курттардын аттарын айтып түкүргөн. Мындай сөздөрдү айткан:
«Алабата бүрү менен,
Ажыдаардын түгү менен.
Арал, арал, аралга коч,
Арал отун оттогон маралга коч» ж. б.лар.
Дарымчылар жылан чаккан киши жана малды дарымдаганда бир бычакты сабынан жерге сайып коюп дарымдаганда жети суудагы жыландар келип бирден бычактан оролуп өткөндө, эң акырында чаккан жылан оролгондо өлөт. Киши менен мал айыгат.
Дарымчылар дайыма жыландар менен арбашканда, жылан аяк өөдө тик туруп оозун кыбыратат. Киши да дубасын айтып турат. Экөөнүн тең ичтери (Koon чыгат, аттарын тапса, ошо замат эле жыгылат да, ичи жарылып олот. Жылан менен кара кой жана торгой да арбашып, көбүнчө торгой жеңилет да жыланга сордурат. Кара кой дайыма жеңип, башын үзүп сугунат экен.
Албын — ашуунун белдери, сырт жерлерде аба

жетпей кишинин деми кысылып кыйналат. Кыргыздар муну «түтөк» деп айтышат. Түтөк деген Албын аттуу шайтандардын бир түркүнү болуп, алар кыздар болот имиш. Ага уяттуу булганч создордон айтылып турулса уялып кача баштап, тутоккон киши эс алат экен. Сырт жерлерине мал багып баргандардын жандарына талкан, орук, мейиздерди ала жүрүп, түтөккөндо татыпжыттаса болот деп колдонгон.
Жайчы — кыргыз ишенигинде киши күндү жаадыра алат деген ишеничтер болгон. Кун жаадырчууларды жайчылар деп аташкан. Жаңычылар эт, майларды аябай жеп анан кун жайлаган. Жайчыларда кара таштар болуп, ал таштарды кара сууга салып жай сөздөрүн айтканда, чайыттай ачык турган кун бурколуп жаай баштайт.
Жай таштар кызыл чаар таштар болуп, уйдун ичинен чыгат экен. Кээ бир чоң адамдар жайчыларга суранып өздөрүнө каршы уруунун жерине жут тушуртуп, малы баштарын кырдырган учурлар болгон. Эгин, чопторго да жайлатып кун жаадырган. Аттын жалына кун тийгизип, соорусуна кун жаадырган жайчылар да болгон. Калмактан чыккан жайчылар кара сууну айран сыяктуу уютат экен.
Жайчылар тируу кезинде жай ташын жерге комбосо, ооругандан баштап тынымсыз кун жаап, корго койгондо да жаап, качан ичи кооп жарылганда гана кун ачылат экен. Жайчы өлгөндө ичине бычак жүргүзсө, анда кун жаабайт экен. Кай бир учурда кишилер жайчыларды карман алып орттоп да л^иберген учурлар болгон экен. Жайчылар мындай деп айтат: «Таз каранын таңдайынан катты, Жагалмайдын жанынан катты» ж. б.ларды айтат.
Кут — бубу, бакшыларга ырымдатып коргошундан куйдуруп, торге жабыкка илип коюп, аны «кут» деп эң касиеттүү санаган. Бир ишке ишендирмекчи болунса «Куттуу уйдо турам го» деп таасирлүү, ишениктуу кылып айткан. Оокаттуу, жакшы жашап турган бай адамдарды кутмандуу бай деп айтылган. Кут өзүнчө коломтого тушуп калат деген ишеним кучтуу болгон.
Арбакка сыйынуу — кыргыздар бир чоң тилек тилегенде же бир жакшы ишти жасоодо шашып калса ж. б. учурларда дайыма арбакка сыйынып «арбак колдо» деп башташат.
Жерсуу таюу — кыргыздар жаз, куз ушул эки убакытта тутунго бирден кой, же улактарын бир таза бош жерге чогулуп алып союшуп, жер, сууга жалынып тайып, эттерин жеп бата кылып тарашат. Кун, ай тутулуп, жер титирегенде, оорусыркоо кобойгондо да чогулуп жерсуу таюу, жерге, сууга жалынып жакшылык тилоо адаттары эң кучтуу орун алган.
Жылдар — жыл он экиге болунуп алар: Чычкан, Уй, Жолборс, Коен, Балык (Улуу), Жылан, Жылкы, Кой, Маймыл (Мечин), TOOK, ИТ, Донуз.
Адам ар бир 12 жыл толгон сайын мүчөйт, мучол жылы адамга катар жыл болот. Бул жылда адам катуу ооруйт, же олот. Ошондуктан ал жыл башталарда адамдар кийимдеринен берип, садага чаап, кол кайыр берилген.


Кыргыз