Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Чоң ата, чоң эне менен небере

Чоң ата, чоң эне менен небере. Бул – тукумдун ез багыты, т.а. тукумдун уланышы, көбөйүшү. Жээндин эли-журту башка де-лет. Уулдун баласы, андан ары чебуресу, чебереси, кыбырасы, шыбырасы, тыбырасы, жыбырасы б.а. жети атасына чейин бары-шы – эл-журттун көбөйүшү. Чоңата, чоңэне небересин көбүнчө өзүлөрү багышат. Илгери «Кимдин баласыңсың?» – дешсе, адат­та, чоңатасын айтышчу, өз атасы «Менин уулум» -дештен уялчу. Өз аталарын «байке», өз энелерин «жеңе» дешкен. «Келиндин

боюна бүтсө, кемпирдин мойнуна бүткөн». Албетте, бул макалдын мааниси чоң эне багат, чоң ата ээрчитет. Коюндарына алып жа-тат. Мунун өзү карылар учун – дөөлөт. Небере чоң эрмек, небере, чебуре, чеберелерин керду дейбиз. Айтымдарында, уулунун небе-реси ысык, чебересинен да ысык, чебуресу андан ары андан ысык болот деген чындык айтылат.
Тайаке, тайжезде жана жээн. Тун жээн теролгенде кыздын төркүндөрү бешигин, жентегин кошо алып барышат. Муну тайата-сыбы, тайэнесиби, тайакесиби, тайжездесиби, баары бир аларга ден болот, ошолор даярдайт. Ага наристе жээн болот. Кыздын баш­ка балдары кез жарса жана бешик алып барышпайт. Калган бал-дары ошо биринчи бешиктен чоңоюшат. Ал эми жентектеедо бо-орсок, татымал, мал союп барышат. Тайаке менен жээн жеринен ынак болушат. «тайакем» деп эркелей да, кийин сыйлай да билет. Тайакесинин айтканын аткарат. Тайаке-тайындар жээндин экинчи Ата-журту болуп саналат. «Биз ушулардан чыкканбыз» – деп, жэ-эндери тайакелерин пир тутат. «Тайаке – жээндин пири» – деген аныктама айтылат.
Жеңе жана кайын сиңди. Жеңе эшикти аттаары менен кешегеге кирет. Анын жанында кайын сиңдилери отурат. Демек, эң алгач кай­ын синдиси менен таанышат. Жаңы колуктунун ыманы, кайын сиң-динин ыманы жылдыздана тушет. Эшик-уйде келинди кайын синди­си коштоп калат. Аны, адатта, келин жашына карата «кыз», «кичине кыз», «эрке кыз» деп айта баштайт. Андай үндөктөөнү кайын эне жасайт. Ушундан улам кыйышпас жеңе пайда болот да, кайын сиң-диси сырын жеңесине айтат. Сырдаш-мундашы болуп чыга келет. Отун-сууга, кыз оюндарына бирге барат. Кыздын кыздай өсүшүнө энеден кийин тарбияны жеңе берет. Жакшы жеңе кайын синдисине өзүнүн жолун, өрнөгүн керсетет. Кийин кызды турмушка аткарууда, кызга жеңеси болуп барууда алымдуу болуп калат. Жеңкетайын ошол жейт. Кээде келинди жеңеси сүйлөштүрөт.
Жеңе жана кайынини. Улуулардын салтында жеңеси келгеде төрөлүп калганды сөзсүз тергетет. Эң жакынын «Уул», «Кичине бала», «эрке бала» деп айтыш – ата салты. Кайынини чоңоет. Сы­рын жеңесине айтат. Көңүлүнө жаккан кыздарды алдыртан сүйлөшүп, анан ага сүйлөштүрөт. Бир тууган жеңелерине кайыни-нисЛ сөзсүз тил алышы зарыл. Ал отун-сууга барат. Кеч жүктөйт, боз үй тигишет, мал саадырат. Көчүп-конууда да жеңесине кол тий-гизбейт. Кайыниниси жеңенин жеңилин жерден, оорун колдон алат. Ал ырыстуу жеңе аталып калат. Илгери бай-манап, болуш-бийлер-
дин келиндери кайынинисине таянып, эч бир кара жумуш кылдырба-ган. Колу-буту чордонбогон.


Кыргыз