Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Бирөөнүн дасторконун сыноо

Бирөөнүн дасторконун сыноо. Бул-терс адаттардан, бирөөнүн ак пейилин коро албастык. Той, аш берүүдө ар ким оз дасторконун эл үчүн, жеп-ичип кетиши үчүн жаят. Азбы, көппү ал милдеткор эмес. «Пайгамбар барга назир, жокко кайыл» болуу зарыл. Ошого тобо кылуу керек. Айрым ичи бузуктар бирөөлөрдүн дасторконуна, бер-ген ырыс-даамына кытмыр карашат. Өзүнүн ичи бузуктугун билди-рип коюшат. Ошол аркылуу бирдеме чыгаргысы келишет. Албетте, андай ичи тарларга, пейили караларга бир гана наалат айтуудан баш­ка соз жок.


Кыргыз