Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Башы иштебесе, эки бутка күч келет

Башы иштебесе, эки бутка күч келет. Бул – айрым адамдар-дагы илээндилик, өзүндө жоопкерчиликтин жоктугу. Бир нерсеге сал-кын мамиле кылуусу. Ар бир ишке тыкандыктын, тактыктын, сарам-жалдуулуктун жоктугу. Азыраак ойлонуп, көбүнчө өйдө-төмөн убара болуусу, суй жыгылуусу, отмо мааниде алганда да жүрүш-турушу-
нун шалаакылыгы. Мындай бир кеп бар. Бир белгилүү адамдын үйүндө олтурушса, уулу эшиктен шаша-буша кирип келип, атасына: «Сүйүнчү?!» – деп, мурунун таноолорун дердеңдетип калат.
Ии, и, болсун, уулум.
Мен бүгүн «5» деген баа алдым.
Кайсы сабактан? . -Физкультурадан.-Анда атасы камарабай:
Ошентип башың иштебесе да, бутуң иштеп турсун, – дептир. Минип жүрүп атын издейт. Бул -айрымдарынын унутчаакты-
гынын бир белгиси. Ою башкада болгон адамдар ошол оюнун арты-нан сая түшөт да, өзү тууралуу да унутуп коет. Эстутумдары анча эместерди, бир ордунда турбагандарды отмо мааниде «Минип жүрүп, атын издейт» – деп коет. Отурган жеринде буюм-кечелерин ж.б. бир-демелерин, чечкен жерде кийим-кечектерин унутуп, баса берүүчүлөрдү унутчаак, кээде талма дейбиз. Жаратылышты жабыркантуу.
«Арбытпай жүрөк жарасын, . Бузбачы тынчтык талаасын, Энесижалгыз калбайбы?! Атпачыэликбаласын». (элыры)
Экология – бул жаратылыштын жашоосунун тең салмагы, жан-жаныбарлардын тиричилик-турмушунун бейкуттугу, байлыгы, кооз-дугу. Айлана-чөйрөлөрүбүздүн бозоруп, томсоруп, куузан тартып калышы. Табият менен адамзаттын ортосундагы карама-каршылы-гы, бири-бирине каргышы тийиши. Мындан аны кордоо, биротоло кол үзүү кырдаалы пайда болуусу. Өзгөчө эгемендүүлүктүн мезги-линде бул жорук күч алууда.
Биринчиден, бизде жер сарамжалы абалтан сакталбай калга­ны. Кандай жайды өздөштүрүүбүз, пайдалануубуз керектиги колго алынбаганы, туш келди иштер асыл жердин эрозиясын сактай алба-ганы. Кээ жайлардагы суу ташкыны, селдин жүрүшү-жер киндиги-не доо кетиши, т.а. топон суунун, ал эми жер титироо – зилзааданын элесин бериши. Табияттын ченебей бизге таарынышы.
Экинчиден, тоодо кайберендер жабыр тартуусу. Себеп, бир кез-дери ага капкан салуучу, тузак тартуучу, анан түтөмө мылтык алуу-чу. Кийин бешатаар чыкты, анан мергенчилер вертолет минди. Ав­томат аркылуу улуу тоолордогу аркар-кулжаларды, эчки-текелер-ди, элик-телкилерди, бугу-маралдарды тегизге айдап түштү, «жуу-

шатууга» өтүүсү. Т.а. март, апрель үзүмчүлүк айлары – кайберен-дер желин чоюп, арыктаган учуру. Айрымдары картайып, чеп ала албаган чактары, жуттан езүнөн-өзү өлгөн чагы. Ошол адамзаттын жырткычтык кылуулары – Сур эчкинин тукумунун каргышына калуу-лары. Мындай иштерге жоопсуздуктардан өзүлөрүнүн да аянычтуу апаатка кабылуулары.
Үчүнчүдөн, суулардан балык көрүнбөсө. Мурун кайырмак, кыл-так салуучу. Балыктардын өрдөе, икрасын чачуу учурун, көзөмөлгө алуучу. Кийин-кийин биринде тору бар шар сууну буруу, сууга крал-лин төгүү менен балыктарды уулантуусу.
Төртүнчүдөн, токойлор бүлүндү. Мурун отун үчүн куу жыгачта-ры алынса, кара ниеттик жолунда баары кыркылууда, мөмөлөрү күбүлүүдө. Арийне, бул жаратылыштын мыкаачы адамдардан эрте-ли-кеч өз өчүн алаардыгы!


Кыргыз