Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

БАЛА ТӨРӨЛГӨНДӨ

Бала төрөлгөндө айылдагы эркек, зайып, балачакалар баланын ата-энесинин камдап жүргөн май, куруттарын жентек деп жешет. Келген кишилер «бешик бооңор бек болсун» деп алкыш сөздөрдү айтып келишет. Баланын ата-энеси да «айтканың келсин» деп жооп айтат.
Сүйүнчү — төрөлгөн бала эркек болсо атасы жана ага жакын дос туугандары сүйүнчү беришет. Баланын киндигин кескен зайып балага киндик эне болот. Келгендерге жентек берилет.

Баланын кыркын чыгаруу — эркек жана кыз бала төрөлгөнүнө кырк күн толгондо баланын энеси бүтүн айылды кыдырып кырк курак сурайт, жыйнап келген майда чүпүрөктөрдөн курап көйнөк тигип, аштамак даярдап айылдагыларды чакырып даам берет. Муну баланын кыркын чыгаруу деп айтылат.

Баланын чачын алдыруу — бала төрөлгөндөн бир нече күндөрдөн кийин эркек жана кыз баланын чачтарын алдыруу да, бир жашка толгондо кыз баланын кулагын көзөтүү да жакын досунун өзүнө, зайыбына аш-так, жана буюмдар алып барып чач алынып, кулак көзөтүлөт. Анда да мал энчилеп берүү, кийимдер берүү адаты болот.

Бешик той — бала төрөлгөндон бир нече күндөн кийин баланын атасы мал союп, элди чакырып той берет да, бир аксакал кишиге алдына артыкча табак тартып, колунан келсе чапан кийгизип, ат мингизип, балага ат койдурат.

Эскертүү: кыз балага андай ырымдар кылынбайт.

Жентек — жаңыдан бала төрөлгөндө ата-эненин куда, достору жентектеп мал, чапан, тамак алып келишет. Айылдагы жакын зайыптар да жентектеп тамак алып келишет. Баланы көрүүгө келгендер көрүмдүк берип көрүшөт.
Баланы асыроого берүү — балдары токтобой жүргөн адам жаңы төрөлөрү менен баланы башка бироөгө тез берип жиберет. Бир топ күн же бир нече ай, же бир нече жылдан кийин мал, бычак, шибеге ж. б. темиртезектер берип, баланы кайта сатып алат. Мындай ырымдар кылынган балдар көбүнчө токтоп да калат. Элеөсүз калсын деген ырым менен балага эң жонокей аттар да коюлат. Мисалы: Бокчу, Күчүк башкалар.

Баланын тушоосун кыркуу — бала чала же там-туң басып калган учурда тамак даярдап, зайып менен балдар чогулушуп ичип-жешип, баланын бутун ак, кара (ала жип) жип менен тушоо сыяктуу бууп, балдарды жарыштырат. Чыгып келген балага мөөрой көп берилип, андан кийинки балдарды да куру койбой беришет. Чыгып келген бала жипти (тушоону) кыркат. Бул тушоо кыркуу деп аталат.

Сүннөт той — эркек бала 3—5—7 жашка чыкканда малдар союлуп, эл чакырылып сүннот тою берилет. Кудалар, достор кошумчаларын кошушат. Тойго келген зайыптар да мүмкүн болушунча дасторконго тамак ороп келишет. Кайра дасторкондору куру кетпестен тамак оролуп берилет. Тойлордо ар түрдүү оюнтамашалар болот: ат чабуу, кокберү тартуу, эр эңишүү, балбан күрошүү, бирок эр сайыштырылбайт. Тойдо жээндер чүйгүн табакты жээн аяк деп алып алат. Жээн түрдүү жактан эркелик кылат. Мисалы, аттардан да кармап алган ж. б.

Кыргыздар эркек баланы артыкча жакшы көрүп сүйгөн. Артымда тукум калса деп тырышкан. Кызды тукум дебеген, бирөөнүн бүлоосү деген.

Кол адалдатуу* (чочок кестирүү) — колдон келишинче балбан күрөштүрүп, эр эңиштирип атып той берет. Жок дегенде бир союш соет. Бил ген устат кишиге баланын колуна жото жиликти карматып (устага коюлган жасалуу табактын жото жилигин), көзүн ак жоолук менен таңып, устатка колдон келишинче кол байларым деп берип ыраазы кылып туруп, анан кестирет.

Ырымы жок. Кок чүпүрөктү күйгүзүп туруп баса берет. Бала өзү турмайынча тургузуу керек эмес. Айыкканда өзү туруп кетет. Аралаш эле тамак бере берет.

Илгери торобогон аялдар бала отургузгандагы кесиндисин ырым кылып жеген учурлар бол гон экен.

Баланы атка мингизүү — эркек бала 4—5 жашка чыкканда баланын ата-энеси айырмачын, тердик, токумдарын камдап, баланы кунанга мингизип, кой, тай союп бышырып жана да кадырлуу кийит чапандардан алып бир досунун үйүнө алып барат. Бала түшкон досу балага кадырлуу малдарынан энчилеп берип чыгарат.

Мурут серпүү — эркек бала кара мурут болгондо мал союп, ат коштоп атасынын бир досуна барат. Ал досу да жигиттин мурутун серпип, ат мингизип, тон кийгизип сыйлап чыгарат.


Кыргыз