Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Ажырашаар дос ээрдин арткы кашын сурайт

«Ажырашаар дос ээрдин арткы кашын сурайт». Туз мааниде түшүнгөндө ээрдин алдында бир гана кашы болот. Ал «бүркүттомо-го», «уй туяк», «куш баш» өндүү түрлөргө бөлүнөт. Ээрдин арткы чарасында андай сыпатталуучу каштар болбойт.

Туура, кыз-келиндердин (ургаачылардын) ээрлеринин алды-арты ыңырчак сымал чарасыз бирдей чабылат. Муну отмо мааниде түшүнүүбүздө, демек, «Дос таарынса, бергенин алат» болуп, жок нерсеге тогоп, досчулуктан биринен-бири таптакыр кечип жатышкан учурду туюнтуп турат.


Кыргыз