Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

«Атауул» дейбиз

«Атауул» дейбиз, бул сенсиң, менмин, керт башыбыз. Ал үйлөнүүсү парз, колуктусу экоо бир үй-бүлөдө түтүн чыгарат. Үй-жайлуу, очок күтүүсү. Балалуу-чакалуу болуусу. Байдылда акын: «Биз баш коштук, бала күттүк, үй күттүк. Баары биздик, үйүбүздө ырыстын» – деп айткан. Мындан тууган-урук өсүп, анан уруу, эл жа-ралган. Мисалы: Сарбагыш, Бугу, Саяк, Моңолдор, Сару, Кушчу, Ади-гине, Тагай өңдүүлөргө бөлүнүп, алардын салты, наркы, үрп-адаты, ырым-жырымдары бир бүтүмдү түзүп, кыргыз улуту аталган. Бул -урууларды бөлүп-жаруу эмес, жалпылык. Алар өзүнүн наркы-сапты менен ширелишип турат. Демек, кутмандуу журтчулук – топтун, көптүн, жамааттын, калайыктын, коомдун, доордун катмарына си-ңип, жакшыга жанашууга, жамандан адашууга үндөгөн түйүн. Бай-ыртадан башат, суу, баба, конуштуу кыргыз болгону ушунусу менен булганбай, өмүрдүн соолбос булагында калкка айланып келген. Санжыра – «уруулаштырып-жамаатташтырат», «аталаштырып-жик-тештирет», «жер талаш – эл талаш» кылат дечү^ Жок, эл ич кадыр-баркына жараша бааланып, үйрөнүү, билүү, таануу иштерин күчөтүүгө муктаж болот. Жыйынтыктап айтканда, салтты салтанат-туу, насили айкын, азгын-тозгондорго, кары-майыптарга, бей-беча-раларга, кары-картандарга, жетим-жесирлерге ырайымдуу, кайрым-дуу, боорукер, алым-беримдүү болгону айдан ачык, күндөн жарык.


Кыргыз