Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

АТА-ЭНЕ БАЛДАРДЫ ӨСТҮРҮҮ ЖАНА ҮЙЛӨНДҮРҮП ЭНЧИЛЕР БЕРҮҮ САЛТЫ

Ата, эне ар баланы багып өстүрүп, зайып алып берип, үйлүү кылып, энчи мал бөлүп берүүгө милдеттүү болот. Ар бала атасынан энчи алып, өзүнчө оокатын кылып караандаш жүрө берет. Ата менен энени эң кенже баласы багып калат. Ата, эненин артык малдары, үйүжайы да кенже баланын колунда калып, ал үй чоң үй деп аталат. Берки бөлүнүп кеткен балдары чоң үйдөн дайым үмүт этүүлөр болот. Бул бөлүнүп кеткен балдардын ата, энесине карашканы да, карашпаганы да болот. Жарды болсо да кенже бала ата, энени багууга милдеттүү болуп багып калат. Эгер балада мал, оокат коп болуп, бөлүнүп кеткен бала начарлап, оокатсыз болуп калса, кенже баладан экинчи ирет энчи алган убактар да болот.
Ата, энени улук тутуу, батасын алуу деген иш кыргызда эң ыйык иш. Ата, энени ыраазы кылбай, каргыш алууну эң безер санап келген. Атанын каргышы балага ок деп ишенишет.

Туугандар да бирибирлери менен эң татуу, ынтымактуу туруулары тийиш. Туугандарына жамандык кылып жүргөндөрдү да кыргыздар эң жаман көрүп «тууганга кара санаган туура жарыбайт» деген макалды айтышат.
Тууган эрегиши — кыргызда тууган эрегиши деген нерсе эң коркунучтуу иштердин бири болуп эсептелет. Эки эле бир туугандын балдары ыкташып таТУУ тура алышпастан мансап талашып душмандашат жана бирибирине колдон келген жамандыктарын аябай жүрүшкөндөрү анык. Артыкча калк бийлеген мыктылардын балдары тууган эрегиштерин эң катуу жүргүзүшүп, бирибирлерин өлтүрүшкөнү да болот. Өлтүрүп тууларды кангандыктан «тууган» деп айтылган деген карыялардын байыртадан бери айтып келген сөздөрү бар. Ошондой болсо да тууганды чет душманд ан катуу корголгон.
Жесир алуу — кандай киши болбосун өлүп, зайыбы жесир калганда аны оз бир тууганы гана алат, өзү менен туушкандар болбосо, аталаш туугандары алат, башка кишилерге эч качан берилбейт. Көп катын алуу — кыргызда коп катын алуу адаты жана жаш кыздарды сакалдуулар алуу, жаш балага чоң кыздарды алып берүүлөр байыртадан бери эле эң күчтүү орун алып, кээ бир чоңдор, байлар жетилеп аял алган. Мындай коп аял алгандыктын себеби — тукумужумум өссүн деген «чоң айгырдын үйүрү болоюн, беш камчы кимде болсо, береке ошондо» деген байыркылардан калган керээз сөздөрдү колдонгон.

Бул коп зайыптын бир экоон эле жакшы карап жүргөн болсо да, калгандарынын кайсы бирлеринин үйлөрү, малдары бар болуп, өзүнчө оокаттарын кылышып жүрүшсө да, кайсы бирлери үйсүз, малсыз болуп, берки жакшы зайыптын отун, суусун алып, казанашын кармап күң катарында калган. «Камчы кайраттуу болсо катын уяттуу болот» — деген. Эри жакшы коргон зайып көрөр коз, «алынды катын» деп айтылып, жаман көрүлгөн катын салбар, «салынды катын» деп айтылган. Салбар катындын балдары да коро коз катындын балдарына тең болбостон томон турган. Салбар катындын балдарын эл мазактап: «баланча кишиден туулган» деп аныктап айткандар эң коп болгон. «Арамдан бүткөн» — деп беттерине салып айтуулар да болгон.

Кайсы бир убактарда салбар катындын балдары да мыкты чыгып эл бийлеген учурлары да болгон. «”Атанын сүйбөс уулу түп тутат» деген создор ушулардан алынып айтылган. Катын эң кор саналып, уруусогуулар коп болгон, катынды акылсыз делген, түрдүү жактан укуксуз болгон.
Конок кондуруу — кыргызда конок кондуруу эң ыйык милдеттердин бири болуп эсептелген. «Кел дебеген уйдон кетмендеген кор жакшы» деген макал ушундан калган болуш керек. Кандай чоочун, кандай бир аты угулбаган элден конок келип консо, аны сыйлап колунда барын конокко берип, атын да тойдуруп баккан. Короосунда кою болсо кой союп бербей жаткырбаган.

Конок кууш олум катарында эсептелип, конок кууган кишини ошол элдин бийи чакыртып алып бир тогуз мал айып салган. Конок кууган кишинин 2—3 малы болсо, бир малый айыпка сойдуруп, конокко бир чапанын алып кийгизген. Конок куу деген кыргызда болбогонго эсеп болгон. Эшикке тушкон кишинин атын алып, эшик ачып киргизген. Аткарууда эшик ачып чыгарып, атына колтуктап мингизип аткарган.
Конок конгон уйдун короосунан бору коюн жеп кетсе, конок уят болгон, киши олсо конок озу эле аттанып кете берген.


Кыргыз