Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Аш берүүдөгү бөтөнчөлүктөрү

Аш берүүдөгү бөтөнчөлүктөрү. Айрым аймактарда, мисалы, аксылыктарда (Аксы, Ала-Бука, Чаткал) аш берүү, той берүүдөн айырмачылыктары анча эмес. Мында да милдеттүү коноктор алы-нат. Ар бир үйгө бөлүп кетүүлөр бар. Кошуна-колоңдоруна конок берилет. Анын чыгымын аш берүүчү тартат. Ал эми ага-тууганда-ры, жерге-жээктери, жакшы санаалаштары кошумча ражаларын беришет. Ал аш берүүчүнүн үйүндө калат. Өзүнчө конок алуучулар да болот. Улуу жашты жашагандардын, атактуулардын аштарын берүүдө элдик оюндар жүргүзүлөт. Анын чыгымы ич-ара үлүштүрүлөт. Албетте, мындай жерелгелер бирин-бири колдоо, ынтымак-ырысты билдирүү эле…


Кыргыз