Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

«Алдыраар күнү жаздыраар»

«Алдыраар күнү жаздыраар» Турмушта эмнелер болбойт. Көбүнчө бул ууручулукка карата айтылуусу. Күнү-түнү кайтаруудагы малбы, дүнүйөбү, эгин-тегинби күтүүсүз арадан бирдеме себеп, кездон кайым болуп, тизени мыкчып, алаканды шак коюп, куржалак калуулар бар. Андай нерселерди алдыртан андып, сыртынан багып, аста-секин жүргөндөрдүн колунан келет. Ага көбүнчө көздүн бурула жана илине түшүшү, кушуйку ж.б. айрым азгырыктар себепкер.
«Көйнөгү көөлүү, тамагы майлуу». Көө – казандын, тулганын отундан, түтүндөн пайда болгон кара боегу. Көөлөө-аны кез-кез кыргыч менен кырып туруу, көөлөнүү – казан аяк кармап отуруп-туруп жүргөн аялдардын көйнөгү ага тиет, кара көө жугат. Бул сөздүн оң түшүнүгү болот. Таптаза кийип, эчтекеге кол тийгизбей, эмгектенбей өзүнчө эле чиренип, бөйрөгүн таянып, акын Мидикем айткандай:
«Күрөң көз айнек кийип,
Муруну булутка тийип,
Көкүрөгү бийик»
- болуп тургандар бар. Ал жел жутуп, ачтан өлөт. Андайлар -жел жутуучулар. Эмгек гана эресеге жеткирет, курсакты ток кылат, ач-жылаңачты жок кылат – сымал насаатты билдирип атат.
«Отун апбаганга, отжактырба». Отун-жагылуучу жыгач. «Отун олжо, суу кордук», «отун алып, от жакмак, оңой эмес мал тапмак»,

«катын алган, отун алат» дешет. Албетте, жашоодо оңой-олтоң эчтеке жок. Баарына мээнеттенүү керек. Отун коп болсо, отту улуулата жага беруулор бар. Бирок, ошол отунду тоодон которуп келген адам башка. Анын антип жасаган аракеттери андай учурда эске алынбайт. Кыскасы, ушундан улам сөздүн торкуну мында башкада. Турмушта озунун ак эмгегинен тапкан табылга бироолордун алган олжосунан айырмасы билинет. Өзүңкүн аяп турасың, башкалардыкын элес албайсың. Анткени мандай териң, таман акың башкача сезилет. Ага эмгектенип жеткенсиң. Арийне, адал менен арамдын айырмасы, ушинтип билинет.


Кыргыз