Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

«Акыл коошот, билим жугушат»

«Акыл коошот, билим жугушат». Акыл, билим бир айтылат. Биринин маанисин, сапатын бири толуктайт. Акылдуудан акыл аласың, билимдүүдөн билим жугузасың. Биринин жарыгы бирине тийет. Ошон үчүн мыктылар өзүнүн күч-кубатын, бай тажрыйбаларын, акыл-оюн шакирттерине берет. Артынан ээрчитет. «Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети», албетте, буга етме мааниде түшүнүк бере алат.

«Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат». Түшүнүктүү адамдардын күчтүүсү «күрештө» бирди жыгып, балбан аталат. Билимдүүлөрэлди тарбиялайт, окутат, билимин берет, бири-бирине жугат. Алардын жазган китептери көпчүлүккө нуска болот. Генийлердин, акылмандардын ж.б.лардын эмгектери баарыга таралат. Андан илим жаралат. Алар акыл кенчине айланат. Академиялар, университеттер, институттар пайда болот.

«Шаарга барып шапке кийбей, же айылга калып аштык айдабай». Мында сез шаарга барган адам окуганы оң, билимдүү болуп же жумушчу аталып, же кайра айылга келип элге билим, тарбия, таалим берсе дегени. «Айылга калып аштык айдамайы» -дыйканчылык кылса, кетмен чапса, мал бакса, шаарды азык-түлүк менен тейлебейби дегени. Макал Советдоорунун алгачкы жылдары пайда болуп, кадимки орок менен балканын союзун түшүндүрөт.

«Бетеге кетип, бел калат, бектер кетип эл калат». «Токтогул кетип, тор калды, Эшмамбет кетип эл калды» (Коргоол ырчы). Макалда элдин-жердин улуулугу, ыйыктыгы, түбөлүктүүлүгү жөнүндө соз кыябы баратат. Кимдер келип, кимдер кетпеген. Жарык жана жалган дүйнөдө адамзат- бир келген конок. Ата журтта, жер энеде буйруктуу жашоо! Тиричиликтерин өткөрүп, табияттын жандуу аракеттери өзгөрүп-өнүп, бирде толуп, бирде бөксөрүп, оте берет. Кеп-сөздүн күчү мында уюткулуу элинди, жеринди, киндик кан тамган Ата Мекениңди унутпа. Ошолор барда адамсың, бу дуйне эч кимге опо болбойт-дегени.

«Жакшы аял (зайып) жарым ырыс». Өмүрлүкжар, жубайлар, эрди-катын, абышка-кемпир, карыя-байбичеж.б. сыпаттоолорэриш-аркак тууралуу ондогон макал-лакаптар, учкул создер, уламыш-болумуштар бар. «Эр-аял (зайып) үй куту», «Зайып жакшы-эр жакшы, вазир жакшы-кан жакшы», ж.б. лардын мааниси бир, мазмуну терең, уңгусу бекем. Турмуштан калпынып алынган мындай аныктамалар жөнүндө акындардын ыр саптарында таасын, кеңири баяндалат. Зайып сапаттарына кеп кырдуулук кирет:

Биринчиден, эрине ойдо карабоосу, каяша айтпоосу, ал анын сылыктыгы, сыйдалыгы, ыймандуулугу, изааттуулугу. Оболунда жүруүсү, бул мусулманчылыкты урматтоосу.

Экинчиден, ыплас жакка баспоосу, эринин көзүнөчөп салбоосу. Ала жипти аттабоосу. Шайкелең-шаттуу көрүнбөөсү, эринин кызыкчылыгын баарынан жогору коюусу.

Үчүнчүдөн, көпчүлүк орундарда, түптүү жашоодо элдик каада-салтты, үрп-адатты кармап, сактап, жактап, анын мыйзам чегинен чыгып кетпөөсү, отуруп-турушу, сүйлөө маданияты;

Төртүнчүдөн, тазалыгы, тамак-ашты бышыруусу, мал-салды тейлөөсү жана саашы;

Бешинчиден, тиричилигин кармоосу, бала-бакырасын үндөктөөсү, тарбия-таалим берүүсү, калп айтпоосу, төптүгү, калыстыгы. Аталарын үйдүн куту, табышкери, панакери катары кароосу;

Алтынчыдан, бу жарык-жалган дүйнөдө өмүр сүрүп, узак жашоодо, кайын журтуна алынуусу, ал сапаттары аркылу торкун-төсүнүн, оз элинин баркын көтөрүүсү;

Жетинчиден, иштүүлүгү, узчулугу, албетте, бул сапаттарга эгедер аял элдеги далилдүү чындыктай начар эркекти орто, орто эркекти жакшы, жакшы эркекти эң жакшы, т.а. эл башы, журт атасы, тон жакасы кылып ташташы…

Арийне, эр-жигит да зайып, жар, үй-бүлө күтүүнүн жалпы өлчөмүн билген шартта гана жогорудагы кырдаалдар дал өзүндөй сакталусу…

«Эр сыйлаган эшикке жатпайт, ат сыйлаган жөө баспайт». Эр жигиттин жана аттын сапаттары жашоо-турмушта эгиз, эриш-аркак айтылат. Элин-жерин, ата-журтчулугун баарынан жогору койгон жан ошол элдин сүймөнчүлүгүнө эгедер. Кары-жашына алынат, бирдей таанылат. Калың калктын кароолунда турат. Демек, алар – элдик адамдар, жанагы «эл мыктылары», «кал’кжакшылары». Кыя етпой, сыйлап, урматтап, астейдил болуп турушат. Төрдүн төбөсүнөн орун беришет.

Ат – эрдин символу. Эр жигит минген атынан корунот. Жоорсуз, семиз, сылап-сыйпап, оз убагында жеми-чөбү даяр, «жанга өлчөлүү жалгыз ат» кылып, жабуулап минее, эр азаматтын канаты. Качсаң кутуласың, куусаң жетесиң…

«Куттуу үйден куру чыкпа». Бала-бакыралуу, бакыт жаралган үйдө келди-кеттилер арбын болот. Жайыл дасторкон үйгө элдер үйүр. Ансыз ал үй коңултактап да турат. Казанын кайнатат, отун ойнотот, кабагын жайнатат. Ашын берет, келбери болот. Албетте, бул кут түшкөн үй, үйдөгү бирөөсүнүн куту бар өңдөнүүсү. Ашы менен кошо кыргыздар урматтуулардын, атактуулардын, элдик адамдардын алдына ат тартат, үстүнө чепкен жабат. Аң терилерин сунат. Айрымдарына жакалуу кийим, көйнөк кийгизет. Бул -жакасын агартуу. Алганы учун келген адам ыраазы. Бергени учун уй ээси ыраазы. Соопчулук учун андайлар бей-бечараларга да ете кайрымдуу болуусу.


Кыргыз