Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

«Ачууну таттуу кылган туз, алысты жакын кылган кыз»

«Ачууну таттуу кылган туз, алысты жакын кылган кыз». Кыз
бала – жеринен башкалардын бүлөсү. Ал алые кетеби, жакынга барабы, тагдырынан, буйругунан. Кыргыздар антип жол аралыктарды олчоп олтурбайт. Жакын арадан эле турмуш тапсын дебейт. Тушкон жуучу да ага карабайт. Мыкты бүлө үчүн баарына кайыл. Шарттары туура келсе, куда-сооктордун катташтары, сый-урматтары ж.б.
жагдайларына бул анчалык кымбатка турбайт, кадимкидей шартка карата келди-кеттилер боло берет. «Кол башында коп Бугуда кызыбыз бар», «Чоролук саяктар бизге куда-соок», «Тайаке-тайындары Кеминдик», «Сарыбагыш-Жантайлар», «Кайын-журтум бул эле чүйлүк» ж.б. дайындуу даректердин чоо-жайы – ошол кыздын алые кетсе да, баарына данакер болушу. Ошентип эки тарапка аралыктар анча мааниге ээ эмес. «Кыз баладай болобу, элди эл кылат, жерди жер кылат, жер тамырынан эл тамыры коп болот. Бироолордун тукумун остурот» – сыяктуу кептин торкуну «Алысты жакын кылган кызга» барып такалат.
«Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт». Торкүнү жакын болсо эле, салган тошегу жыйылбай калбайт. Соз кыябында кыздын ата-энелери, ага-туугандары ж.б. жактары чукул турушеа, карым-катнаштарың, баруулары, келүүлөрү, албетте, арбын болот. Күн болобу, тун болобу, эл аягы үзүлбөт. Төркүн басты, төркүнгө барды көрүнөт. Акырын үй-бүлөлүк шарттуу иштерге бул да тоскоол кылат. Ток этээр созубуз макалда ат тезегин кургатпай, төркүн-төсүнө теминип баруучу, жээлигип туруучу ургаачыларга карата айтылган.
«Сагызган сактыгынан өлбөйт, суктугунан олот». Албетте, сагызган – канаттуулардын ото сагы да, айлакери да, акылдуусу да. Анын бир нече өнөрү, митаамдыгы бар. Тооктун, каздын, өрдөктүн жумурткаларын уясынан билдирбей, эки жакты карап, шакылыктап ташып кетет. Аттын жорун көрсө, соорусунан тушпойт. Тумшугу ото шиш келет. Сагызган – кыраан куш. Мүнүшкөрлөр сырын билип, кеп жасоо аркылуу таптаса, айбанаттардын коздорун чукуп алат. Үндөккө да, тапка да бат кирет. Сагызган жонундо жалпысынан мына ушундай мүнөздөмө берүүгө болот. Эми мунун отмо маанисине келеек, адамдарга багышталат. Коомдук мүлктү отоп-бутап, жеп-ичип тургандар калп эле журт козунчо сактанымыш этип, казандагы кайнап жаткан ашка колун салган сугалактар эске келет.
«Элдүү түлкү ачка өлбөйт». Түлкү – айбанаттардын митаамы, айлакери. Адам таппас жоруктары бар. Буйтап да, жазгырып да кетет. Ал оозеки адабияттарда, айрымдардын эскерүүлөрүндө ж.б. жерлеринде да айтылып келуудо. Ал эми адамдарда мына ушундай айлакерлер, акылдуулар, митаамдар коп жолугат. Эл маанактеп, көрүнгөндөрдүн ичи-койнуна кирип, айрымдарды алдап да, кээлерине чын эле жүрүш-турушу аркылуу жагып алат. Өз оокаттарын тың кылып кетүүлор арбын кездешет. Макал мына ошондойлорго арналат.
«Балтыр бит башка чыгат». «Биттин жүрбөгөн жери жок» -деген кеп бар. Бирок, соз башка багытта баратат. Мында дөөлөттүүлөрдүн, мансаптуулардын томаяктарды, кедей-кембагалдарды кемсинтүү, мазактоо, төмөн саноо, келекелөө мааниде айткандарына барып такалат. «Буларды үйге киргин десек, дароо улаагаңдан терге етет, теңтуш болуп алат, сый жарашпайт» – деп, озулорун жогору саноо -сыяктуу тушунукторду ичине камтыйт.


Кыргыз