Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Өз үй

Шаардагы балдар үйүндө торт жашар кыз бар эле. Мына итого аз күндөн бери «апасынан» кат келе баштады.

«Салпматсыңбы кызым!—деп башталар эле кат. — Сагл кат жазып отурган апаң… Мен азыр сыркоомон жак­шы болуп калдым, жакында барып, сени алып кетемин…»

Kapai ;ri коз кызга эц кымбат да ушул «сени алып ке­темин…»— деген сөз боло турган. Тыпылдап тили таттуу. Катты окуп берип аткан тарбиячыдан «апасы» жөнүндө бирденкелерди сурай берет.

— Анда кипкичинекей болчусуң,— деп түшүндүрет ки-бирегем кызга. —Апаң катуу ооруп калып, сени убакты-сынча биз багып алганбыз. Мына эми, апаң догдурдан сакайыи чыгыптыр, аз күндө келип, сени үйгө алып кетет.

Сетирсйген кыздын суйүнүчүн айтпа!

«Апасынан» келген каттардан улам кыз алардын үйү тоо этегиндеги кыштак четинде, чоң суунун боюнда эке­нин биличү. Үйү эки бөлмө, сырткы үйдө идиш-аяк койгон боз шкаф, тамак иче турган күрөң тегерек үстол, анын жанында эки орундук — бири «апасыныкы», бири өзүнүкү. Терезенин түбүндөгү бурчта «Кварц» деген кичинекей те­левизор турат. А ички үйдө болсо эки кишилик керебет, кийим-кече салынчу күрең шкаф, күзгү бар… Үйдүн көчө жаккы бетинде үч терезеси бар. Ошол терезелердин жа­нында эки түп алча, эки түп алма, эки түп өрүк өсүп тураарын да каттардан улам билет. Баягы мандайында кашкасы бар кок уй мындан эки жума мурда күрөң музоо тууган, апасы азыр ошол музоого каралап, келалбай атат. Апасынан келген каттардан улам кыз апасынын гүлдүү кара жоолугу, тукаба пальтосу бар экенин билет. Атүгүл үйдө өзүнүн жапжаңы кызыл пальтосу, кок көйнөгү, ку­рен тумагы, кызыл пима чокою, анан да… бир кек коз

куурчагы күтүп атканын жазчу. Куурчактын ак жибектен көйнөгү бар, ал ар дайым күзгүнүн жанындагы кичине­кей орундукта отурат…

Айтор, кыз апасынын каттарынан улам уйдо кандай оокаттар бар, кандай идиш-аяктар жана кандай кийим-кечелер бар, баарын жакшы жаттап да буткон. Тек гана апасы келчү күндү чыдамсыздык менен күтүп жүрөт. Же-ке озу эмес, балдар үйүнүн кызматчылары да…

Акыры күткөн күн да келди.

Тарбиячы кызды терезесинен дарбаза корунуп турчу экинчи кабаттагы болмого алып келип, колуна алма бе­рип, отургузуп койду. Өзү да анын жанына көчүк басты. Бирок, кыздын ою колундагы алмада эмес, дарбазада. А бүгүн келген-кеткендер ото коп…

— Апам келатат! — Бир маалда чыйылдап ийди. — Тигине! — Кичинекей сөөмөйү менен бирөөну корсото бер­ди. — Келатат!

— Кайсы? — деп тактап сурады тарбиячы кыздан.

— Тетиги! —деди кыз сүйүнө. —Гүлдүу кара жоолук-чан, тукаба пальточон! Ошол! Ошол менин апам!

Ооба, кичинекей кыз көпчүлүктүн арасында келаткан, өмүрүндө бир да жолу корбогон «апасын» жазбай таа-ныды.

— Апама барам! — деди ал коз жашын молтулдо-туп.— Апама барам!

Тарбиячы аны көтөрүп, экинчи кабаттан биринчи ка-батка түшө баштады. Бул учурда апасы жаңыдан кирип келатыптыр. Ал да дароо кызына умтулду.

— Айланайын, кызым! — Кучагын жайды. — Ка-р алдым!

— Апа! — Кызы ага талпынды. — Апа!

Экоо узакка кучакташып калды. «Апасы» кызынын чачтарынан сылап, ооп-жыттап, жалбара берди. А кыз: «Мен сенин келеринди билгем апа!.. Билгем!..» — деп, өп-кө-өпкөсүнө батпай ыйлап атты.

Бул эки бечараны байкамаксан болуп, ары-бери басып турган тарбиячылар аргасыздан көздөрүнө жаш алышса да эмнегедир ыраазы болуп турушту.

Кыз балдар үйүнүн күндө кайталанма тиричилигинен жадап бүткөн болучу. Ал ошо апасы келгенден тартып анын колунан тушпой койду, апасы да аны кучагынан чыгарбады.

Апасы «кызын убактысынча багып бергени үчүн» бал­дар үйүнүн кызматчыларына ыраазылыгын билдирип, ала келген белегин берип, коштошуп сыртка чыкканда, кун али эрте эле. Туз эле автовокзалга келишти. Билет алыш-ты да, жолго чыгышты.

Апасынын алдына отуруп келаткан карагат коз кыз тирмийип алды жактан коз албайт.

Алар этекке кыйлада жетишти.

— Тигине биздин уй! — Кыз автобус дөңдөн төмөн эң-кейе брегенде эле суу боюндагы үч терезелүү үйдү сөө-мөйү менен көрсөтө берди.

— Ошол биздин үй, каралдым! — Апасы анын саал түйдүк тарта түшкөн чачынан сылайт, жыттайт, эрке-летет…

Алар үйдүн түбүнөн түшүп калышты. Кыз энтеңдеп, апасын колдон жетелеп, үйгө ашыкты.

Үйдүн тегереги да, короонун ичи да, анда жургон ку­рен музоо да кызга тааныш… Апасы үйдү ачты, кыз би­ринчи кирди. Сырткы үйдөгү оокаттар оз ордунда! Ички уйго кирди, андагы оокаттар да ез жайында! Кызга баары тааныш! Ал өз үйүнө келгенине эми көзү жетти… Кузгу-нун жанындагы кичинекей орундукта отурган куурчагын алды… Апасынын алдына отуруп, ойной баштады…

Коп отпой кошуна-колоңдор келе башташты. Алар:

— Калыя, кызыңды алып келдиңби?!—деп аны кут-туктап атышты, карагат коз кызды бети-башынан ооп атышты. Алар кур келбей, кызга белек-бечкек тартуулап атышты. Кичинекей кыздын оюнчуктары, жапжаңы кой-иок-көичөктөрү уйго батпай кетти.

Короодо самоорлор кайнап, дагы бир-эки келин аркы очокто боорсок бышырып, бечара Калыя эмне кыларын бнлбсй, кубангандан бирде күлүп, бирде ыйлап журот. Кызын колунан тушурбойт.

Кечинде айыл аксакалдары, байбичелери келди. Кичи-иекей кызга жалынып-жалбарбаган киши жок. Бойго жет-ксн бийкечтер аны которо коюп, эркелете кетишет. А бал­дар үйүнөн башканы корбогон кибиреген кыз чексиз таа-лайга батып, жадырап жайнайт. Ал жадырап-жайнаса келген элдин бардыгы жадырайт. Калыянын кызына бата берип аткан эле кемпир-чал…

Жакшылыкка келген эл тарап кеткенден кийин, апа­сынын алдында отурган кыз ошо боюнча катуу уйкуга кирди. Ал коптон бери ушинтип жыргалга батып мемиреп уктаган эмес эле… Бугун гана. Өз үйүнө келгенде гана…