Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыз элинин астрономиялык илимдери

Кыргыз элинин астрономиялык илимдери.  Кыргыз эли эзелтеден мал чарбачылык, дыйканчылык, уучулук менен алпурушуп келген эл. Алар узун жылдык турмуштук тажрыйбаларына негиздене отуруп, 12 жылды айбанаттардын аттары менен белгилеп чыгышкан. Алар чочка жылы – токчулук, жылан, жылкы жылдары каатчылык болорун белгилешкен. Малдып төл алуу мезгилин суук дагы, ысык дагы эмес беш тоголго (үчүнчү ай) тууралашкан. Ай менен үркөр же сары жылдыздын тогосунда суук боло тургандыгын, же шамал чыгып, жаан жаай тургандыгын тажрыйба аркылуу байкап, бул мезгилде курулушу жана айдын жаңыдан туулушуна карап малга дыкат  карай  турган  болгон.

Күндүн, айдын мезгилди белгилешкен. Беш тогол айланасында жана 22-марттан 27-мартка чейин болгон мезгил алмашуу мезгилинде сары кар түшө тургандыгын, 70 жылда бир ирээт, же 40 жылда бир ирээт асманда куйруктуу жылдыз көрүнүп, каатчылык боло тургандыгын билишкен. Анткени, ал жылдыз жерге жакыныраак келгенде анын атмосферасы жердин атмосферасына таасир көрсөтүп, өзгөрүш пайда кыла тургандыгын тажрыйбадан өткөргөн. 12 жылга чычкан, уй, жолборс, коен, балык, жылан, жылкы, кой, маймыл, тоок, ит, доңуз, деп ат коюп, кишилердин ушул жылда туулганы боюнча эсептешкен. Кыргыздар колдонуп келген айдын аттарынын көбү айбанаттардын аттары. Алар кыргыз элинин уучулук кылууда тажрыйбасынан келип чыккан болуп, ушул айбандардын төлдөө мезгилине туура келет. Бул мезгилде кыргыздар уучулук кылбайт. Кыргыздардын бул айлары шамсия календарына тууралап түзүлгөн болсо   дагы,   муну   эсептеште   асмандагы айдын жаңырышына карап, камария календары боюнча эсептешкендиктен төп келбей, оошуп өзгөрүп кетүү абалдары келип чыгат. Анткени, шамсия календарында бир жыл үч жүз алтымыш беш күн, камерия календарында бир ж ыл 354 күн.

Байыркы заман кишилери бул абалды түшүнгөндөн кийин, кийинирээк ар бир 3 жылда бир айды кошуп жиберип 13 айга толтуруп эсептеп чыгара турган болушкан. Мындан башка эл аралык астрономияда “чоң аюу” деп аталган 7 жылдызды кыргыздар “жетиген” деп, “кичи аюу” деп аталган жылдызды “темир казык” деп, анын жанындагы кош жылдызды, аны темир казыкка уланткан катар үч жылдызды “Аркандаган ат” деп аташкан. Тараза жылдыз менен үч аркасындагы жылдыздарды “Мерген мылтыгы менен ити” деп аташат. Булардын аты дагы кыргыздын мал чарбачылык, уучулук кесеби менен байланыштуу. Үркөр кулжа айынын биринчи күнү батып, кырк күндөн кийин терс айынын 10-күни, кайта көрүнгөндө, тамыз жерге түшүп, жер астындагы муздаган булактар эрип чыга баштаганда малды жайлоого көчүрүшөт. Бул жөнүндө эл оозунда мындай ыр бар:

Үркөр, үркөр, үч жылдыз,
Үркүп кайда барасын?
Жөө желимге барамын,
Жөө желимде эмнен бар?
АштЫк айдар уулум бар,
Жибек созор кызым бар.
Аштыгынан айдашам,
Жибегинен созушам.

Үркөрдүн оозунан айтылган бул ыр да элди турмушка камдоого, даярдоого үндөлөт. “Беш тогоол өтпөй бел чечпейт”, “Үркөр үйдөн көрүнсө, үч ай – 90 кышың бар” деген эл макалы да кыргыз элинин узун жылдык табигатты таануудагы тажрыйбасы. Экинчи айдан Юнун айланасында өткөзүлө турган Норуз майрамы кыргыздардын жаңы жылы.


Кыргыз