Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыз эл оюндары тууралуу кыскача маалымат

Кыргызстан Советтик Чыгышта жашаган калктардын эң байыркыларынан. Жазма булактардан карап көрсөк кыргыздар тууралу маалыматтар мындан 2000 жылдан мурда эле дайын болгон. Дүйнө жүзүндөгү 19 мамлекетке жайылып жашаган жети миллионго жакын кыргыздар бар.

Кыргыз эли өз жашоо тарыхында татаал жолдорду басып өсүп, эли жерин, маланын ал тургай коңшулаш жашаган тектеш тилдүү калктарды да сандаган жоодон, табийгаттын катаал кырсыктарынан коргоп келген. Ошону менен катар өз биримдигин, үрп-адатын, салтын, кылымдар бою түзүлгөн маданиятын көөнөртпөй сактаган. Не бир ажайып ыр күүлөр, элдик кол өнөрчүлүктүн түмөн түрү, макал ылакаптар, жомоктор, ал эмес залкар эпосторго чейин тилден дилге өткөрө аздектелип эс акылдын кудурети менен ушул күнгө жетти.

Ат жалында эркин ойноп, көчүп конуп жүрүүгө шай жаралган жоокер элдин кулк мүнөзүнө, улуттук өзгөчөлүгүнө жараша сандаган кыймылдуу оюндарды ойлоп табышкан. Ал оюндар азыр биз жашап жаткан күздөргө да жетип, кай бирлери социалдык мазмунга жараша өзгөрүүлөргө дуушарланган.

Негизинен ал оюндарда элдин ой тилеги, үмүтү, кубанычы, өкүнүчү, эрдиги, эркиндик теңдикке умтулуусу, адилеттик, акыйкаттык үчүн болгон күрөшү камтылган. Ал оюндардан элдин педагогиканын мыкты үлгүлөрү, элдик терең философиялык көз караштар, улуттук өзгөчөлүк көрүнүп турган.

Эл тагдырына көмөктөш оюндар адам коомунун бардык мезгилдеринде өмүр сүрүп, доордун өнүгүшүнө, өзгөрүшүнө, талабына жараша жаңыланып алымча-кошумчаланып, ар кандай сапаттарга, түрлөргө өтүп түбөлүктүү жашоосун уланта берген. Элдик маданияттын, дөөлөттүн айныгыс бөлүгүнө айлантат. Ага умтулган адамзат доорунун өзгөргүс жолдошу болгон. Баарынан да калкты дене түзүлүш жактан жеткилең тарбиялоодо, кооздукка, сулуулукка умтулууда бирден бир курал — бул кыймылдуу оюндар, ыр күүлөр, санат-санжыралар, жаңылмачтар, табышмактар болгонун эч ким тана албас.

Кыргыздар да эл болуп жаралгандан өздөрүнө мүнөздүү ар кыл доорлорго, мезгилдерге, ошол кездин социалдык шартына жараша ошого таандык оюндарды жаратышкан. Эл канчалык көчмөн өмүр сүрүп, сабатсыз болгонуна карабай калың калктын башынан өткөргөн өмүрдүн элесин унутулгус кылыш, оюн өнөрүндө калтырып, келечек урпактарга белек катары сактап келиптир.

Улуу Октябрдын шарапаты менен журтубуздагы бардык унутулган нерселер жаңыча өмүр, жаңыча түс алды. Элдик оюндардын негизинде кыргыздык спорт оюндары жаралды. Алар жааны журт менен кошо көптөгөн спартакиаларда, оюн-зооктордо, эмгек менен эс алууда кеңири өмүр сүрө баштады. Ошентип, кыймылдуу оюндар калкыбыздын күндөлүк жашоосунда тереңдеп кирип, турмуштун негизги факторлорунун бири катары саналып калды. Башкача айтканда турмуш шартка туура келген оюндар кыргыз элинин физкультурасына айланды.

Бул жерде айта кете турган дагы бир нерсе доор өзгөргөн сайын адам баласынын рухий талабы да өзгөрүп, кээ бир феодалдык доордогу адам баласынын адеп-ахлагынах адебине, уят-сыйтына туура келбеген оюндар тууралу кеп болбойт. Андай оюндар эбак турмушубуздан жана аң-сезимибизден алып ташталган. «Төө чечмей», «Жылаңач баатыр», «Баш таңмай» деген оюндар адамдын адамдык касиетине доо кетирген намыстарды жерге тепсеген оюндар болгон.

Ушул колуңуздардагы китепке киргизилген кыймылдуу оюндар ар түрдүү талдоолордон өткөрүлгөн, Кеп жылдар бою Кыргызстан мамлекеттик физкультура  институтунда тажрыйбадан өтүп, иш жүзүндө текшерилген.

Айрыкча, оюндардын баяны эл ичине колдонууга мүмкүн болгон методикалык талаптардын негизинде жазылды, Ошол себептен атайын физкультуралык же педагогикалык билими жок адистерге да, ар бир ата-энелерге да жеткиликтүү жана оңой эле иш жүзүндө пайдаланууга болот деген туура ойдобуз.

Ар бир оюнду өткөрүүдө ага катышууга оюнчулардын жаш курактарын, даярдыктарын, жекече өзгөчөлүктөрүн, жынысын, оюнда колдонулуучу аспаптарды, оюн өткөрүлүүчү жайларды эсепке албай коюуга болбойт.

Сунуш кылынган оюндардан ар түрдүү шарттарда уюштуруп жана колдонуш үчүн каалаганын тандап алууга кыйынчылык түзүлбөйт. Маселен; аспаптар, оюн өткөрүү үчүн жай, элдик майрамдарда, айыл-чарба эмгекчилеринин күнү белгилеген шаңдуу күңдөрдө, тойлордо, нооруз майрамын майрамдоодо, же болбосо жөн гана күндөлүк машыгууларда, ар кандай кружоктордо каалаган оюндарды тандап алып өткөрө берсе максатка ылайык болот.

Эл болгон соң ой-тилеги, умтулуусу, үмүтү, жакшылык-жамандыгы окшош эмеспи. Ошондуктан, кээ бир оюндардын аттары, аткарышыш башка калктын оюндарына окшош болушу да табигый нерсе. Айрыкча, коңшулаш Орто Азия жана Казакстан жумур уяттарынан биздин эл дегидей түркүн оюндарды азбы, көппү жолуктурууга мүмкүн.

Ошондуктан, кыргыздардын Советтер Союзунун башка жумууриятында жашап, эмгектенип жаткандыгын да эске алып байланыштырабыз. Ал эмес жакын жашаган калк бири бирине кыз алышып, кыз беришип, өтмө катар жакындашып кетишкен окшоштуктар бар. Анын бары ооз эки чыгармачылыкта, элдик оюндарда көрүнүп турат.

Элдик оюндарды жыйноодо жана изилдөөдө негизинен Октябрь революциясынан кийин колго алынып, мамлекеттик мааниси бар иштердин бирине айланганын баарыбыз билебиз. Өкмөт менен партиянын улуттук маданиятка жасаган камкордугу астында Совет бийлигинин алгачкы жылдарында эле элдик оюндар калың калктын арасынан изилденип, жыйналып, кагазга түшүрүлө башталган. Мисалы, 1928 жылы А. Н. Рожденственский, 1936жылы М. Н. Аманжолов, С. М. Абрамов жана башкалар алгачкылардан болуп бул баарыга пайдалуу ишти колго алышкан.

Ал эми элдик кыймылдуу оюндарга болгон илимий иштер ушул күндө чегине жетип оожалып турган чак. Алардын ичинде А. Абдыкалыков 1971, С. М, Абрамзон 1972, Р. А. Абузяров 1976, Лнара X. Ф. Анаркулов 1980, Ф. Е. Байман 1972, Т. Бобовская 1965, Д. Омурзаков 1978, С. М. Саипбаев 1979, М. К. Саралиев 1983, Э. Черикбаев Н. И. Шарабакин 1986.

Албетте, кылымдар аралап ойнолуп келе жаткан кыргыз элинин оюмдарынын болгонун түгөтө жыйнадык деген ойдон алыпсыз. Эл арасында оюндар деле бар. Бул китепте биз болжолдОюн 1500дей элдик оюндардын үчтөн биринин гана баяны жазылып, ошолордун гана тегерегинде сөз кылып китепке киргизүүгө аракет кылдык.

Кыскача айтканда жыйналган элдик оюндар бүгүнкү күндүн талабына карата кайрадан иштелип чагылып, аларды төмөнкүдөй тартипте жайгаштырууга ык койдук. Маселен адегенде оюнчулардын саны, оюн өткөрүлүүчү жер, колдонулуучу аспаптарды айтып келип андан соң оюндун даярдык, ал оюн тууралу кеңири баянды берип, окурманды кеңири түшүндүрмө берилет. Мына ушундан кийин тигил же бул оюндун педагогикалык тарбиялык маанисине, ошол оюнду ойноодогу методикалык көрсөтмөнү да берүүнү унутканыбыз жок.

Элдик оюндардын мааниси канчалык зор экендиги ар бир гражданга белгилүү. Бул тууралу мына кечеги эле болуп өткөн эл депутаттардын курултайында олуттуу сөз болду. Айрыкча социалдык экономикалык түзүлүштү кайра курууну тездетүүдө чоң, мааниге ээ экендиги баса белгиленди. Анткени, элдик оюндар дене тарбиясына гана колдонулуучу демейки гана көнүгүүлөр эмес советтик патриоттукка, интернационалдык тарбияда, негизги — гуманитардык умтулууну, улуттар арасындагы мамилелерди жакшыртууда жана жакындатууда берген таасири баасыз.

Эл арасынан жыйналган элдик оюндарды казынаны кайра иштеп чыгып элдин кеңири катмарына сунуш кылууда негизинен төмөндөгүдөй классификацияны туура таптык.

  1. Басып жүрүп ойнолуучу оюндар.
  2. Секирип жүрүп ойнолуучу оюндар.
  3. Аспаптарды атып, таштап, ыргытып жана чер тип ойнолуучу оюндар.
  4. Кар үстү менен жана музда жылгаяк тээп жүрүп ойнолчу оюндар.
  5. Боортоктоп жылып, жармашып чыгып, тоскоолдуктардан өтүп ойнолчу оюндар.
  6. Тең салмакты сактап ойнолчу оюндар.
  7. Уруп жана тээп ойнолчу оюндар.
  8. Оордуктарды  көтөрүп  жана  аны  бир  жерден экинчи жерге алып барып ойнолчу оюндар.
  9. Жекеме жеке чыгып ойнолчу оюндар.
  10. Сүзүп жана суу ичинде ойнолчу оюндар.
  11. Ат үстүндө баратып ойнолчу оюндар.
  12. Жалпы көнүгүүчү жана башка оюндар.
  13. Эриккенди жазуучу оюндар.
  14. Аң уулоону туураган оюндар.
  15. Сөз менен ойно оюндары.
  16. Эмгек үстүндө жана ырым-жырым оюндары.
  17. Өнөргө байланышкан оюндар.
  18. Денени чыңалтуучу оюндар.

Бул классификация албетте, кандайдыр даражада шарттуу да болуп эсептелет. Биротоло бүткөн, эң акыркы эталон катары сунуш кылуудан өтө алыспыз. Анткени, бул элдик кыймылдуу оюндар адам коомунун формациялары өзгөргөн сайын өзгөрүп, түрлөнүп, өнүгүп-өсүп бара берүүчү кыймыл деп санайбыз.

Акырында айтаар сөз. Бул материалдарды жыйноодо калк арасындагы мага кезигип жогорудагы оюндардын сырын, сынын толук баяндап берген аксакалдарга, ошондой эле күндөлүк практикалык ишинде колдонуп, сактап жүргөн мугалимдерге, илимий кызматкерлерге чоң ыраазылыгымды билдирем. Андай ишкердүү жардамсыз бул китеп жазылбайт эле. Анан да бул китептин жаралышында кемчиликтерди, сөзсүз болуучу каталыктарды же байкоосуздуктардын болушун алдын ала сезип, аны дагы келечекте оңдоого, мындан да кызыктуу, пайдалуу билген оюндарды, оюңуздарды жазып жиберсеңиздер өтө ыраазылыкта болмокмун.


Кыргыз