Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыз эл оюндары. Так орун, Тушоо кесмей, Чикилдек

Кыргыз эл оюндары. Так орун

Оюнчулардын саны 15—20 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө, сахна.

Оюнда колдонуучу аспаптар. Эшилген жоолук.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар экиден биринин артынан бири, терек болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун шарты боюнча катышуучулардын бири тургандардын артынан тегеренип кача баштайт. Экинчиси болсо, качып баратканынын артынан кубалап жетип колундагы эшилген жоолук менен далысына уруп калууга аракеттенет. Качып баратканы, ага жеткирбей, жуп болуп тургандардын бирөөсүнүн алдына тура калууга үлгүрүшү керек. Артта турганы — үчүнчүсү так болуп калгандан кийин тегеректи тегеренип кача баштайт, ал дагы жуп болуп турган оюнчулардын бирөөлөрүнүн алдына турууга аракеттенет. Эгерде кубалаган оюнчу, качканына жетип артына (белдерине, куйруктарына, буттарына) эшилген жоолук менен уруп алса, ал оюнчу жоолукту жерге таштап өзү тегеректи тегеренип кача баштайт, мурдагы качкан оюнчу жоолукту жерден көтөрүп алып, качкан оюнчунун артынан кубалап жетүүгө аракеттенет. Оюн каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн.

Оюндун эрежеси, Тегеректин ичинде качууга, кубалоого, катуу жана башка урууга, качкан жана кубалаган оюнчуларга тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнду теги, ыңгайлуу жерге жана айлуу түндө өткөрсө болот. Качкан жана кубалаган оюнчулардын аралыгы 2—3 м. болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси. Күч, ылдамдык, шамдагайлыкка тарбияланат, тегеренип жүгүрүүнүн ыкмаларын үйрөтөт.

Тушоо кесмей

Оюнчулардын саны 5—10 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.

Оюнда колдонуучу аспаптар. Жип, кайчы.

Оюнга даярдануу. Жаңыдан басып жаткан бөбөктүн буттарын жип менен тушайт, анын буттарынын жанына кайчы коюлат. Оюнга катышуучулар 40—50 м. аралыкта бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча баары тушалган бөбөктү көздөй жүгүрүшөт. Биринчи келген оюнчу, кайчыны алып тушоону кесет. Тушоо кескен оюнчуга байге берилет.

Оюндун башка түрү.  Тушоо чечмей, жип чечмей,

Оюндун эрежеси. Буйруктан мурда жүгүрүүгө, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Күч, ылдамдыкка тарбияланат, тартипти сактоого, салтты үйрөнөт.

Чикилдек

Оюнчулардын саны 3—6 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа.

Оюнда колдонуучу аспаптар: эне таяк  (1 м), бала таяк (15—20 см)

Оюнга даярдануу. Диаметри 1,5 м. келген тегерек сызылат, тегеректин ортосуна бала таяктын узунунан тигирээк чуңкур казылат. Оюнчулар эки топторго бөлүнүп, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат. ;

Оюндун баяны. Оюндун шарты жана кезеги боюнча бир топтун оюнчулары тегеректин жанында, экинчилери талаада турушат.

Бала таяк тегеректин ортосунда чункурдун үстүнө коюлат. Биринчи оюнчу эне таяктын бир учу менен, бала таяктын астына киргизгенден кийин, аны бийиктикке ыргытып, бала таяк кайра жерге түшүп жатканда, эне таяк менен, талааны көздөй уруп, тегеректен алыс учурганы аракеттенет. Эгерде ошол оюнчу эне таяк менен, жерге түшүп жаткан таякчаны ура албаса же ургандан кийин бала таяк тегеректин ичине түшүп калса ал оюнчу аракеттенүүсүн пайдаланды деп эсептелип, колундагы эне таякты көзектеги оюнчуга өткөрөт. Эгерде баланын таягы туура урулса, талаадагы оюнчулар аны жерге түшүрбөй абада кармап калышса, оюнчулар ролдору менен алмашышат. Бала таякты кармай алышпаса, талаадагы оюнчулардын бирөөсү аны алып, тегеректи көздөй ыргытат. Ыргытылган бала таяк тегерекке түшсө, оюнчулар ролдору менен алмашышат. Эгерде түшпөсө, бала таякты уруп жаткан оюнчу, эне таяк менен бала таякты өзүн көздөй тартып, бала таякты эне таяктын учуна чыгаргандан кийин, аны бийиктикке ыргытып кайрадан жерге түшкүчө дагы алыстыкка уруп учурууга аракеттенет. Талаадагы оюнчулар бала таякты жерге түшүрбөй тутуп алганы же тегерекке ыргытып түшүрүүгө аракеттенишет. Ыргытылган бала таяк түшкөн жерден, тегерекке чейин, эне таяк менен өлчөйт. Мисалы 10 таяк, бул деген 10 упай утулду деген болот. Андан кийин ошол эле оюнчу, оюнду жаңылып калгыча улантат. Ал оюнчудан кийин, кийинки кезектери келгендер оюнду улантышышат. Ошентип бир топтун оюнчулары белгилүү упайга жеткиче оюн уланат. Макулдашышкан упайларды алышкан топтун оюнчулары жеңишке жетишишет. Утулган оюнчулар зуулдашып белгиленген аралыктан жүгүрүшүп өтүшөт.

Зуулдаш үчүн жеңишке жетишкен оюнчулардын бирөөсү 3 жолу эне таяк менен бала таякчаны уруп алыстыкка учурат. Мисалы биринчи жолу бала таякча 20 м учуп барып түшөт, экинчи — 15 м. үчүнчү — 20+15 + 20=55 м.

Утулган топтун бирөөсү 55 м. аралыкты терең дем алып, төмөнкү сөздөрдү кайра дем албай айтып, жүгүрүп өтүүгө милдеттүү.

Ак бай,

Ток бай,

Уяттары жок бай,

Катуу жорго

Кашка тай,

Кадик балбан

Катуу чапса чарчаба,

Жеткирбеген башкага

Үстүндөгү жаш бала

Уруп кетип аскага

Чабалекей чамчум Мына жетип калдым! — деп марага жетиш керек.

Эгерде жүгүрүп бараткан оюнчунун алган деми жетпей калып, кайрадан дем алса, ал зуулдашты кайра баштоого тийиш. Эгерде ал оюнчунун алган деми, экинчи жолу дагы жетпей калса, утулган оюнчулардын тобу, уткан оюнчулардын тобун белдерине көтөрүшүп, ошол аралыктан өтүшүшөт. Андан кийин оюнчулардын каалоосу боюнча, оюн кайрадан башталышы мүмкүн.

Оюндун эрежеси. Эне таяк менен, бала таякты (уруп жатканда, жакын калууга, тоскоолдук кылууга, оюн бүтпөй туруп, оюндан чыгып көтүүгө болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнчулардын жаштары бирдей болушу керек. Ар бир топтун оюнчулары өз аспаптары менен ойношот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ылдамдык тарбияланат, жүгүрүүнүн, ыргытуунун ыкмаларын, максатка жетүүгө, тартипти сактоого үйрөтөт. Зуулдаш учурунда бронха тамырларынын иштөө процесси жакшырат.


Кыргыз