Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыз эл оюндары. Кан таламай, каным дат, дарткам.

Кан таламай

Оюнчулардын саны 2—6 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, бөлмө.

Оюнда колдонуучу буюмдар, чүкөлөр.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар тегерек болуп уй мүйүз тарта отурушкандан кийин шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Көзектеги оюнчу, оюнчулардын алдына бардык чүкөлөрдү чачып таштайт. Жылтырак түстүү болгон чүкөлөрдүн бирөөсү «кан» болот. Эгерде чүкөлөрдү көзектеги оюнчу чачып таштагандан кийин «кан» «таа» болуп түшсө, бардык оюнчулар «кан таламай» деп кыйкырып чүкөлөрдү талай башташат. Жердеги чүкөлөр таланып бүткөндөн кийин, эгерде кан кайсы оюнчунун колунда ошол оюнчу аларды дагы чачып таштайт. Эгерде «кач» «таа» болбой, «айкүр» «бөк», «чик» же оңкосуна гүшсе, оюнчулар «тикти» — чик» «бектү» — «бөк» түшкөн чүкөлөр менен чертишет. Үч чүкөнү утуп алгандан кийин «канды» чертип алса дагы болот, бул жолу дагы «кан» башка чүкөлөрдүн тегерегинде турса, чертип алууга болбосо дагы эки жолу башка чүкөлөрдү чертип «канга» жол ачыш аны утса болот.

Утуп алган чүкөлөрдү (3 же 5) черткен колунда чогултат, аларды «канды» утуп алгандан кийин гана бош колуна өткөрсө болот, андан кийин дагы утуп алган чүкөлөрдү бир колунан экинчи колуна үчтөн өткөрүүгө болот.

Чертилип урулган чүкөнү (кийикти) гана утуп алса болот, Чертилген чүкө (ок) ордунда калат. «Кан» менен чертип утууга болбойт, «канды» чертсе болот. Көп чүкөлөрдү чертип утуп алган оюнчу жеңет. Эгерде бир канча оюнчулардын уткан чүкөлөрү бирдей болсо, «канды» утуп алган оюнчу артыкчылыкка ээ болот.

Оюндун эрежеси. Оюн кайрадан башталгыча, утулган оюнчу утуп алган чүкөлөрүн бардыгын коёт. Уткан оюнчу, утулган оюнчу канча чүкө койсо, ал дагы ошончону коёт, калгандарын өзүндө калтырат,«Кан» менен бир чүкөнү (кандын досу) коюлат. Эгерде «кан» уткан оюнчуда болбой, утулган оюнчуда болсо, утулган оюнчу оюн кайрадан башталганда бир чүкө кем коюп, оюнду биринчи чертип баштайт. Оюн кайрадан башталганда «канды» таламайдан башталат.

Оюндун педагогикалык мааниси. Кол менен кыймылдарды так аткарууга аралыкты, ашыктарды туура чамалоого, бир бирин урматтоого, максатка жетүүгө аракеттенүүгө үйрөтөт.

Каным дат

Оюнчулардын саны 6—10 киши.

Оюн аянтчада, бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнда чүкө колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар тегерек болуп отурушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар чүкө өкчөшет. Чүкөнү айкүрргө калчаган оюнчу «кан» болот, «таага» тургузганы «увазир» ал эми «чик» «ууру».

«Увазир», «уурунун» колунан кармап, «канга» алып буратканда, «ууру» каршылык кылат, Анда ачуусу келген «увазир», «канга» «О каным, бул ууру», сиздин аттарыңызды уурдайын деп жатканда кармап алдым, буга катуу жаза бериш керек» деп даттанат, ачуусу келген «кан» ууруну ырдап же бийлеп берсин деп жазалайт. «Ууру» «кандын», каалоосун аткарып бергенден кийин оюн кайрадан башталат. Оюн каалаган убакытка чейин уланат.

Оюндун башка түрү. Падыша ууру туттум. Бул оюн «Каным, дат оюну сыяктуу болуп өтөт. Оюн «падышам», «ууру» туттум деп башталат.

Оюндун эрежеси. «Кандын» буйругун аткарбай коюуга, себепсиз чурулдоого болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнду кечки убакытта өткөрсө болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Чындыкка, тартипти сактоого, бир бирин урматтоого үйрөтөт.

Дарткам

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада, бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнда чүкөлөр, жип, таякчалар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар аянтчада, жерден 50 см. бийиктикке таякчаларды тургузушуп, аларга жипти тартып байлашып тоскоолдук жасашкандан кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден калган оюнчулардан бирден чүкөлөрүн алышып, бир колунун алакандарына катар кылып тизишип, тоскоолдуктун тушуна бир тизелеринде отурушуп, бир канча жолу чүкөлөр тизилген колдорун өйдө төмөн кылышкандан кийин, ашыктарды тоскоолдуктан «дарт кам» деп ашырып ыргытышат. «Алчы» болуп түшкөн чүкөлөрдү чүкө ыргыткан оюнчу утуп алгандан кийин, оюн кезеги көзектеги оюнчуга өтөт. Ал оюнчу чүкөлөрдү толуктап, оюнду кайрадан баштайт. Эгерде ыргытылган чүкөлөрдүн бардыгы «алчы» түшсө, оюн кезеги, чүкөлөрдү ыргыткан оюнчуда калып, ал кайрадан калган оюнчулардан бирден чүкөлөрдү чогулткандан кийин, оюнду улантат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Көп чүкөлөрдү утуп алган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, чүкөлөрдү көбөйтүүгө же азайтууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, тоскоолдук кыла турган эч нерсе жок болушу керек. Оюнду жалгыз чүкө менен дагы ойносо болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюн кыймылдарды так аткарууга, тартипти сактоого, бир бирин урматтоого үйрөтөт.


Кыргыз