Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыз эл оюндары. Ачакей жумакей, чүкө атмай, чүкө чертмей.

Ачакей жумакей

Оюнчулардын саны 2 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.

Оюнда колдонуучу аспаптар. Чүкөлөр.

Оюнга даярдануу. Катышуучулардын бирөө кимисинин кезегин аныктоо үчүн, оюнчулардын сакына жараша чүкөмдү колуна алып, аларды жерге чачып ыргытат. Кимдин чүкөсү «айкүр» болуп түшсө, ал баштайт. «Таа» түшкөн чүкөнүн ээсинин кезеги экинчи болот. Калган оюнчулардын кезеги дагы ошентип аныкталат.

Оюндун баяны. Ар кимдин кезеги аныкталгандан кийин, ойноло башталат, Ыргытылган чүкө «айкүр» болуп түшсө, анын ээси «жумакей» деп бир колунун баш бармагы жана сөөмөйүн жумушат, ал оюнчу 2 упай (очко) алат. Эгерде чүкө «таа» болуп түшсө, анын ээси «жумакей» деп баш бармагын жумат. Эгерде чүкө «чик» же «бөк» болуп түшсө оюндун кезеги, көзектеги оюнчуга өтөт. Манжалардын бардыгы жумулгандан кийин, кайра чыпаалактан баштап манжаларды «ачакей» деп түздөй баштап, 10 упай алгыча оюн ойнолот. Биринчи 10 упайды алган адам жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси. Оюндун кезегин бузууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, утулган оюнчуларга кайрадан оюнду баштоого болбойт.

Методикалык көрсөтмө. Оюнчулардын саны кеп болсо, аларды топторго бөлүп ойнотууга болот, оюн өткөрүлчү жер түз болушу керек.

Педагогикалык мааниси. Кол менен кыймылдарды так аткарууга, адеп-ахлактуулукка тарбиялайт.

Чүкө атмай

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда чүкөлөр колдонулат.

Оюнга даярдануу. Диаметри 1—3 м. келген тегерек сызылат, тегеректин ортосуна бирден чүкөлөрдү катарга тизип коюшат. Андан кийин оюнчулар чүкө өкчөшүп оюндун кезегин аныкташат.

Оюндун баяны. Ар ким кезеги келгенде, бирден сакалары менен тизилген чүкөлөрдү уруп тегеректен чыгарууга аракеттенишет. Тегеректен чүкөнү уруп чыгарган оюнчу, ал чүкөнү утуп алып кайрадан жаңылгыча оюнду көзексиз улантат. Качан жанылса оюндун кезеги, көзектеги адамга өтөт. Тегеректеги чүкөлөр калса, оюнчулар оюнду кайрадан башташат, Оюн каалаган убакытка чейин уланат.

Оюндун эрежеси. Тегерек сызыкты тепсеп атууга, оюндун кезегин бузууга, бнр бирине тоскоолдук кылууга, оюн башталгандан кийин чүкөлөргө тийүү болбойт.

Методикалык көрсөтмө. Оюн өткөрүлчү жер тегиз, болушу керек.

Педагогикалык мааниси. Күч, ийилчээк тикке тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга, таамай мээлөөгө үйрөтөт.

Чүкө чертмей

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча.

Оюнда чүкөлөр колдонулат.

Оюнга даярдануу. Катышуучулардын бирөөсү калгандарынан бирден чүкөлөрдү алып, колдоруна чогултуп, аларды бир канча жолу өйдө-ылдый кыймылдарды жасагандан кийин, жерге жайылтып таштайт. Андан кийин эки топ же ойноочу эки колун бирден чүкө өкчөйт. Кимдин чүкөсү «алчы» болуп түшсө ал оюнду биринчи баштайт, жердеги чүкөлөр таа экинчи, чик үчүнчү, «бөк» — «алчы» болуп жаткан болот.

Оюндун баяны. Көзектеги адам өз чүкөсүн чертет да же сөөмөйү менен бири бирин көздөй тийгизүүгө аракет кылып жылдырып башка оюнчунун чүкөсүнө тийгизүүгө аракет кылат. Эгерде жылдырган чертилген чүкө, башка оюнчунун чүкөсүнө тийсе, утуп алат, утулган чүкөнүн ээси, анын ордуна башка чүкө коёт. Андан кийин чүкөнү уткан оюнчу улантат. Эгерде чертилген чүкө, экинчи оюнчунун чүкөсүнө тийбесе көзек берки оюнчуга өтөт. Ошентип, оюн экөөң бири утмайынча созула берет. Чүкөлөрдү көп чертип алган оюнчу, жеңүүчүсү болот.

Оюндун ушул сыяктуу башка түрлөрү. Сака чертмек, жаңгак чертмек, данек чертмек ж. б.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, шартты бузууга, оюн башталгандан кийин чүкөлөрдү оңдоого болбойт.

Педагогикалык мааниси. Кол жана манжалар менен кыймылдарды так аткарууга, тартипти сактоого, чындыкка үйрөтөт.


Кыргыз