Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Ким айтат менин ырымды?

Ким билет менин сырымды,
Ким айтат менин ырымды?
Он сегиз миң Ааламды
Оодарып айткан кунумду.
Калдайган топто сайрачу,
Ким басат менин туурумду?

Аксы, Талас жерим ай,
Ак калпак кыргыз элим ай.
Кызыл дилде зарым ай,
Кыйноодо жаткан жаным ай!
Кара дилде зарым ай,
Камоодо жаткан жаным ай!
Алтын кылыч белде жок.
Азаптуу оору айынан
Азыр акының Өтө элде жок!

Күмуш кылыч белде жок,
Күйүттүү оору дартынан,
Күкүгүң Өтө элде жок!
Алыска кетпес санаа жок,
Арманым айтпай коюуга
Менин артымда калган балам жок!
Ордунда турчу санаа жок,
Ойлонбостон коюуга,
Менин ордумду басчу бала жок!

Алтындын кени жерде эле,
Алтымыш күнү төксөм да,
Алтын ыр кени менде эле!
Жездин кени жерде эле,
Жетимиш күнү айтсам да
Жетик ыр кени менде эле!
Арманга толгон муң калды,
Аз кыргызым окуурга,
Ак куржун толгон ыр калды.

Арманым айтсам, жаманбы,
Аз кыргызым  кат билбейт,
Кантейин, аңкоо кылган заманды?!.
Көкүрөк толгон муң калды,
Көп кыргызым окуурга,
Көк куржун толгон ыр калды.
Көйгөйүм айтсам жаманбы,
Көп кыргызым, кат билбейт,
Кантейин, көркоо кылган заманды?!.

Суудан аккан дөңгөлөк,
Ныязаалы жөргөлөк.
Калган ырды термелеп,
Кызып чертип отурса,
Кыйыткан кеби бир бөлөк.
Жеңижок менен бир жүрүп,
Жергелүү элди күлдүрүп.
Токтогул менен бир жүрүп.
Топтолгон элди күлдүрүп.
«Чоң Ормонду» чоң чертип,
Чоочуп койбой оң чертип.
«Сары барпы» күү чертип,
Санап койбой тим чертип.
«Кер өзөндү» келтирген,
«Кара өзгөйдү» өстүргөн.
Кандай күүнү чертсе да,
Кыябына жеткирген.
Болгон-Тоо, Бозбу арасы,
Болор-болбос иш менен,
Мындан болуштун кетпейт жалаасы.
Бороштун Ныязаалысы,
Буда айталбайт ырымды!..

Мамаярда бир ырчы,
Мааниси жок бул ырчы.
Өгүздөн жоон көөдөсү,
Өзгөчө чоң келдеси.
Кышын-жайы түшүрбөйт,
Казанбактай селдеси.
Салаасы чоттун сабындай,
Мурду  устаранын кабындай,
Аарчыган пыяз беттенген,
Ургаачы аюу кейптенген,
Буура киндик Калбото,
Буда айталбайт ырымды!..

Казыктан жоон салаасы,
Кай пенденин баласы.
Көзү-башы көнөктөй,
Картайып калган дөбөттөй,
Кара Жолдош дейт экен,
Буда айталбант ырымды!..

Жерге-Талды жердеген,
Жамбашы нымшып тердеген,
Сийгек бала кейптенген,
Сиркеси чыккан чепкенден,
Мүзүраалы акын дейт экен,
А да айталбайт ырымды!..

Кожо-Атанын чатында,
Кочкорбайдын жанында.
Аты  Жуман, өзү аюу,
Балдырата күү кайрып,
Энеси бүбү өзү ырчы,
Ноктолуу аюу көздөнгөн,
Оболу суук сөздөнгөн,
Балык кулак чакмак таш,
Баркырата куу туткан.
Баштаганда жомогун,
Бардык кыргыз журту уккан.
Кулунду  багып тай кылган,
Ушул  Кара-Сууну жай кылган.
Кара-Суу, Бозбу арасы,
Өзү Кайназар мерген баласы.
Калың журтту эриткен,
Кошой, Алмамбет, Сыргак, Манасы.
Кыдыраалы жомокчу,
Буда айталбайт ырымды!..

Аксууда бар бир ырчы,
Нурмолдонун жээни.
Онду, Солду кыдырып,
Мунун оңолбоду ээри.
Сөөлөт күтөт чалкалап,
Сөзүндө бар кээри.
Султанакун дейт экен,
А да айталбайт ырымды!..

Сасык-Сайда Орозмат,
Артында тери шымы бар.
Дурустап жакшы кийинбейт,
Дубана болгон сыны бар.
Калыбына келтирбейт,
Өңдүү, дөңдүү ыры бар,
Буда айталбайт ырымды!..

Жаткан иттей кашы бар,
казандай башы бар.
Абалына карабай,
Аш тандап ичер назы бар.
Элдир-селдир ыры бар,
Ырында толгон чыры бар,
Байсалы акын дейт экен,
Буда айталбайт ырымды!..

Кара-Суудан Эшенкул,
Кара жаак бул кургур.
Семетей айтат күнү-түн,
Сереп салып отурсам,
Чоң эле мындан үмүтүм,
Буда айталбайт ырымды!..

Анжыянда бир ырчы,
Атын минип, камчы алып,
Аш, той десе дүрбөгөн.
Ар жыйынга барганда,
Айтыша албай жүрбөгөн.
Чалды-куйду сүйлөгөн,
Чалынаарын билбеген.
Баш-аламан сүйлөгөн,
Байланарын билбеген.

Курман ырчы дейт экен,
Буда айталбайт ырымды!..
Үч-Теректен жаш ырчы,
Чакан ырга маш ырчы,
Ыштаны жок чонойгон,
Ылжыраган таз ырчы,
Жетим болуп, басынган,
Куудулдугу ашынган.
Бир жерге бир жыл турбаган,
Айбанатты туураган.
Буда айталбайт ырымды!..

Исбескенде бир ырчы,
Калк аралап келгенде:
Караны көзгө илбеген.
Эл аралап келгенде,
Эч кимди көзгө илбеген.
Сыйлашканды билбеген,
Сылык болуп жүрбөгөн.
Карамырза акын дейт экен,
Карап туруп, байкасам,
Буда айталбайт ырымды!..

Жалал-Абадда Чөп ырчы,
Жалпысынан алганда,
Жергемден чыккан көп ырчы.
Тегин жердеп ырдабайт,
Терең ойлуу жөн ырчы.
Сабиздей өңү сапсары,
Санат ыры бир далай,
Жакшы айтпайт чөптөн башканы,
Бу да айталбайт ырымды!..

Ак-Төбө менен Жошону,
Кышын-жайын барабар,
Салдырып ичкен бозону,
Чайнап ичкен тамшанып,
Адамдан көрдүм ошону.
Ак кирип кашы акталган,
Отурса элдин ичинде,
Ак баш жору баштанган,
Байтиктин уулу Беккулу,
Бу да айталбайт ырымды!..

Камшакка үч жыл кыштаган,
Катуу котур кыстаган,
Ал котурдун айынан,
Өлүп кала таштаган.
Өңгү-дөңгү сүйлөгөн,
Там салам деп жаз келсе,
Устундарын сүйрөгөн.
Нурмолдо менен айтышып,
Аксыга салган дүрбөлөң,
Ажыбек ырчы дейт экен,
А да айталбайт ырымды!..

Чочокой-Ташта Чоно бар,
Кара-Ташта Кабан бар.
Кез-Арттагы Азилбек,
Чоң-Обутта Тагай бар.
Асыранкул кыякчы,
Жалгыз аттуу Жанай бар,
Субанаалы комузчу,
Чаар аттуу Жабай бар.
Билеалбайт булар сырымды,
Айта алышпайт ырымды!..

Жаңыбайым  жомокчу,
Эшмамбетим зор ырчы.
Булар  жанымда көпкө болгон жок!
Жолой деген жол ырчы,
Көңүлүмө толгон жок.
Көр Жолдош, Калык жаңы ырчы,
Барпы болсо бала ырчы,
Бир тогузу биригип,
Биле албайт булар сырымды,
Булар  айта алышпайт ырымды!..

Толгонуп колу байланган,
Топтон Шыбыр айдалган.
Аркага колу байланган,
Алыска Шыбыр айдалган.
Түрмөдө жатып кутулган,
Соолуда мойну жыртылган.
Кыдырып барып, жер көргөн,
Кайтып келип, эл көргөн,
Жер тамда жатып ачынган,
Көзүнөн жашы чачылган.
О десем  добушу козголгон,
О дүйнөлүк дос болгон.
Бир билсе: Токтогул билет сырымды,
Көп болбосо азыраак,
Током  сен айтып кой ырымды!..


Кыргыз