Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Карылык

Көмүрчүнүн атындай
Кыйшаң болгон кезегим.
Көп өмүрүм өткөрүп
Шыйпаң болгон кезегим.

Араба тарткан тор аттай
Оор болгон кезегим.
Омурткамдан жыртылып,
Жоор болгон кезегим.

Арканы жок, жиби жок
Тушайт экен карылык.
Колду, бутту кан кылбай
Бычат экен карылык.

Күрүчтөй болгон тишиңди
Чагат экен карылык.
Каран түндү башыңа
Салат экен карылык.

Сайраган булбул тилиңди
Бууйт экен карылык.
Сайгактай болуп өмүрдү
Кууйт экен карылык.

Картайып кеттим, Токтогул,
Кара чачым ак болуп.
Кайран жашты жоктодум,
Канаттуу куштай балалык,
Кайрылып келбейт окшодуң,
Эскирип кеттим, Токтогул,
Ээгимде сакал ак болуп.
Эсиз жашты жоктодум.
Ителги куштай балалык,
Эңсесем, келбейт окшодуң.

Картайып кеттим, кайран баш,
Кайрылып келбес арман жаш,
Катарымдан калтырды
Карылыкка барган жаш.

Эскирип кеттим, эсиз баш,
Эңсесем, келбес арман жаш,
Эл көзүнө жеңилттиң
Элүү бешке барган жаш.

Аяктай булчуң эт кетти,
Анардай кызыл бет кетти.
Алтымышка жакындап
Айыл-үйдөн четтетти.

Көрүнбөй жыгып карылык,
Көзүмдүн курчу жашыды.
Көргөнүмдүн баарысын
Көкүрөккө ташыды.

Белди эңкейтип, күчтү алды,
Берметтей аппак тишти алды,
Бузулуп урап короосу
Булдурттап кызыл тил калды.

«Күкүгүм Током кайда? — деп,
Күзөчү эле катарым.
Көңүлдүн оту өчкөнгө
Күйүт менен капамып.

Каалаганды алдырбай,
Каршы келди карылык.
Калың топко баралбай
Каламымбы зарыгып?

Агарды менин сакалым,
Арманым айтып жатамын.
”Акын Током кайда?” — деп
Арзычу эле катарым.

Андагыдай жашым жок,
Аны ойлосом капамын.
Алтымышка мен чыгып,
Алдыма келди сапарым

Эңиштеди базарым,
Эстегенде капамын.
Ээгим түшсө мейличи,
Эрмек болуп жатамын.
Бир кезекте байкасам,

Кериде кырчын тал элем.
Келин-кыздын жанында
Кеп сүйлөөчү бала элем.
Кеч киргенде кадимки
Күйүп турчу шам элем.
Керектүү күчтүн барында
Керилген булбул жан элем.

Бул кезекте байкасам,
Кериге оттоп мал болдум.
Кезегим кетип башымдан
Кебимди таппай дал болдум.

Келин-кыз түгүл бул кезде
Кемпириме зар болдум.
Керилген жаштан айрылып,
Кебимди таппай дал болдум.

Алы-күчтөн ажырап,
Арып калган кезегим.
Аппак болуп сакалым
Карып калган кезегим.

Жол жоргодон бул кезде
Танып калган кезегим.
Жанып келбес болсо да,
Жаштыгымды сеземин.

Жоголсом жалган дүйнөдөн
Жоругум айтсын өз элим…
Кара жаак, кызыл тил
Кармасам, колго комузду
Калың элдин ичинде
Какшатчу элем добушту.

Каруу, күч кетти жонумдан
Кайран жаш кетти колумдан.
Картайып Токоң бөлүндү
Кайран жаштын тобунан.

Ысыгы кетти койнумдун,
Кызыгы кетти ойнумдун.
Алтымыш жаш, сен келип,
Асыл сөздү койдурдуң.

Кериден ташты көтөргөн
Кетти кайран балбан кез.
Келин-кыздын жанында
Келтирип комуз чалган кез.

Атаны арман карылык,
Алтымыш жашап карыдык.
Какшансам кайра жашарбайм
Капалуу көңүл тарыгып.

Кайран жаш келбейт кайрылып,
Калгамын жаштан айрылып.
Келиндерге мен калдым
Кеп айтыштан айбыгып.

Күндө үч убак май берип,
Сыйласаң келбейт жашчылык.
Күнүгө арман күү чертип
Ыйласаң келбейт жашчылык.

Күндө мээнет тарткызып,
Кыйнасаң кетпейт карылык.
Боюңа туташ чапталган
Туйласаң кетпейт карылык.

Күндө муңдуу күү чертип
Чакырсаң келбейт жашчылык,
Күрөк менен күмүштү
Сапырсаң келбейт жашчылык.

Бакшы болуп кыйкырып,
Бакырсаң кетпейт карылык.
Бычагыңды этиңе
Ватырсаң кетпейт карылык.

Күндө үч убак телмирип,
Жалынса келбейт жашчылык.
Бүтүн денең алтынга
Малынса келбейт жашчылык.

Арстандан бетер качырып,
Чамынсаң кетпейт карылык,
«Арбак урган шүмшүк» — деп,
Таарынсаң кетпейт карылык.

Алтын жабуу үртүктөп,
Ат минсең келбейт жашчылык.
Арманың жазып, муңайып
Кат берсең келбейт жашчылык.

Соемун деп чоң бычак,
Апкелсең кетпейт карылык.
Чоң баканды көтөрүп,
Тап берсең кетпейт карылык.

Элден мурун эңкейип,
Белимди алды карылык.

Көкүрөктү көтөрткөн,
Желимди алды карылык.

Оозумдагы шекердей
Кебимди алды карылык.

Тик бастыртпай бөкчөйтүп,
Тиземди алды карылык.
Эки бутту жылдырбай
Кишен салды карылык.

Кадам бассаң арбыбас
Тушоо салды карылык.
Кара темир чынжырдан
Кырчоо салды карылык.
Үстү-үстүнө үшкүртүп
Күчүмдү алды карылык.
Дал ортомду бүкчүйтүп
Мүчөмдү алды карылык.

Шалбыратып теримди
Этимди алды карылык.
Айдай тунук тастайган
Бетимди алды карылык.

Карайлатып тунартып
Көзүмдү алды карылык.
Эми билсең оңбогур,
Өчүң канды, карылык!

Балдан таттуу ооздон
Сөзүмдү алды карылык.
Ушинтип жүрүп акыры
Өзүмдү алды карылык.

Айткан сөздү угузбай
Кулакты алды карылык.
Жаштыктын соккон дубалы
Урап калды, карылык.

Жетимишке барганым —
Жеткирип айткан арманым.
Жемирилген жарга окшоп
Кетти менин дарманым.

Жаш кезекте жабыгып
Жыргал көрбөй зарладым.
Жетимиш жашка туш кылып,
Армандуу дүйнө, алдадың.

Эсил кайран, Токтогул,
Эркин жашты жоктогун,
Эсил өмүр гүлдөй жаш
Эки келбес окшодуң.

Кайрып чертчи, Токтогул

Кайран жан,  кайрылып келбейт окшодуң.

Картайып белим бүкчүйдү,

Калкымдан кетер окшодум.

Айтып чертчи, Токтогул,
Алтындай жашты жоктогун.
Асыл өмүр, гүлдөй жаш
Айланып келбес окшодуң.

Буруп чертчи, Токтогул,
Булбул жаш, бурулуп келбейт окшодуң.
Буурул болсом мейличи,
Буралган жашты жоктодум.


Кыргыз