Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Өгөй эне

Өгөй эне

Турарбек кеч болуп калса да иши жок эле ары жак, бери жагын карап, мектептин тегерегинде ойноп ясуро берди. Бир маалда класс жетекчиси Бермет эже сыртка чыгып, жанында ойногон бир бала жок Турар­бек жалгыз жургонун коруп аны озуно чакырды:

—    Эмне алигиче уйго кетпей жүрөсүң? — эжесинин үнүн угуп антаңдап чуркап келген ал соз айта албай энтигип жер карады. — Мында журо бергенден коро эрте барып апаңа жардам бербейсиңби? — деди эже йи окум.

—    Апам жумушта. Үйдүн ачкычын жоготуп жи берген окшойм таппай атам.

—    Чөнтөгүңдөн түшүрүп салыпсыңбы?

—    Билбейм.

—    Үйдөн алып чыктың беле?

—    Эстей албай жатам.

—    Кой, уйго жоно. Короодо ойноп деле апаңы күт пөйсүңбү. Кечинде үйгө телефон чалып коём, коркпо. Ачкычты кайра жасатып бергиле деймин.

—    Жон эле коюңуз.

Калпын карматып коёрун сезген бала чыйпыйы чыгып эжесинен суранып жиберди.

—    Ии, эми билдим. Үйдө калыптыр. Кайсыл жерге койгонумду да эстедим. Убара болбоңуз.

—    Жарайт. Ачкычы жок экен деп апаңды алагды кылбайын, анда. Бар, барып ачкычьщды таап, оокат тан. Кочо кыдырып журбо.

—    Макул. Эже, мен туз эле уйго жонодум. Майра мыңыз жакшы отсун, эже.

—    Ырахмат, Турар.

Турарбек оромпой тээп жолго тушкону менен эже синин козунон далда болгон сон, нары барып дагы жылдызы тушту. Апасын ойлоду. Былтыр ушул маал да апасын жоктоп кокурогу ачышып, коодону толо кайгысын баса албай солуктаган. Оорудан алы кетип турса да Турарбеги мектептен уйго кирип келгенде арык колдорун серейтип уулун жанына чакырып алып эңкейтип маңдайынан жыттоочу эле байкуш апасы.

—     Өмүрүңдү тилейм, кулунум. Сенин багыңа да менин минтип ооруп жатканымды карабайсыңбы. Эр те эсейип оокаттын оорун жасап, элдин балдарындай эркин ойнобой калбадыңбы.

—    Айыкчы апа. Сен айыгып кетсен, эле жакшы бо­лот эле.

—     Каралдым, акылдуум. Бар эми, атан, келгенче кечки тамагьщарды даярдап ал. Ал да чарчап келет.

—    Ударник ошентип иштейт да. Өзүң деле айтып жүрбөйсүңбү.

—    Өзү эле жеринде атаңдын тынчы жок адам. То­карь эле эми ширетүүчү болуп алды. Кулагым тунуп калат деп Журот. Ишинин оору ырас го!

—    Апа, атамдын ишин билбейкорбой ошентип жатпайсыңбы. Анын ишичи… анын иши… Өткөндө бизди заводго экскурсияга алып барышкан. Атамдын жанына жолой албайсың. Кыпкызыл от туштушка учса өзүң эле апкаарып коркот экенсиң. Анын үстүно калың кийиздей жайылып жаткан темирди кагазча эле шыркыратып кесип салды. Менин классымдагы бир топ балдар заводдон чыкканда эле ширетүүчү болобуз дешип кыялданып алышыптыр.

—     Мейли, болгулары келсе боло беришсин. Сен окуп ал. Баягынын жалгыз баласы билимдүү болуптур дегендей болушсун.

—     Жумушчу болуп жүрүп окуса кайра жакшы да. Баарын билип…

—    Антее да болот дечи. Дегинкиси жакшы окучу айланайын. Мен оорулуу болсом, атаң колу бошобосо, өзүңө өзүң карап, тың оку.

—    Макул апа, жакшы окуйм.’ Чейректе эки сабак тан эле торт чыгып калбаса…

—    Ошент, каралдым. Акылың бар го. Адам болуп калдың.

Апасы кайра ордуна жатты. Турарбек сыртка чы­гып кетсе да апасы артынан жалыныпжалбарып, ба ласына келчу балакетмээнеттин бардыгын озуно су раптилеп жатканын уулу укту. Мүнөзү ошондой жум шак жан эле. Башка эле бпроо бир илдетке чалдыгып тыр десе жаны калбай кайгыра бере турган.

Апасы өзүнүн эртерээк коз жумган бир туугандары жонундо коп айтчу. Оокат деп аны урунбай, бала деп мунун күнүн корбой кулала болуп жүрүп жатты да калды. Деги оозу ашка жете электе кетип армандуу болушпадыбы дечү.

Энеси байкуш да баланы коп тороптүр, алыкүчү кеткенде жалгыз аман калганы ушул Турарбегинин күнүн корбой кете бербедиби. Жанын сууруп бер десе аябай турган жалгыз уулун да апасыз калтырды. Оо опасыз дүйно маңдайына бүткөн жалгызын жакшы лап да эркелете албай…

Турарбек гул базарга жеткенин да сезбей калыптыр. Жен болсо ушунча жерге басса чарчапчаалыгып кет мек. Кыял күлүк деген ушул. Ага жетем деп аягына чыга электе базарга келди. Улам бир гул дестени су рап ойлонуп карап калат.

—    Эмне, акчаң жетпейби? Атаңды көп бер дебей сиңби? Сараң го?

—    Жон эле кандайын алсам деп карап жатам.

—    Кимге, карындашыңабы, классташыңабы?

—    Апаларыма.

—    Апаң экөөбү? — баягы шапылдаган аял баланы жылдырбай кармап алып гулдорун саткысы бар.

—    Ооба.

—    Кандайча?

—    Экоо тең оз апам.

—     Ай кошуна, сенин эмне ишиң бар ыя. Берсең гүлүңдү бербейсиңби балага — нары жактагы токтолуп калган аял жактырбагандай унчукту.

—    Кел, анда мейли. Оз апаңа ак гул, каала деп коёт, берки апаңа кызыл гул — гвоздика дейбиз. Ала кой, тентек. Жакшы бала турбайсыңбы. Гулдон баалуу белек барбы, ала кой.

—    Жок, эже…

—    Апей, эмне болду?

—     Бирооно роза гүлүн бериңиз. Апам анын жытын жакшы корүүчү.

—     Оз эркиң, айланайын. — Аял баланын бутунан башына чейин карап, таң кала селейди.

Бул экоонун эмнени ойлогонун кайдан билсин. Ту­рарбек анчалык кубана албай, эки гул дестени алып үйүнө кетти. Гул сатып турган аялдар саамга дымый түшүп, баланын артынан коз кадап турушту.

Апасы менен атасы али жумушта. Турарбек үйдүн ичин үч көтөрүп тазалады. Роза гүлүн газетага оро гон боюнча чара табакка суу куюп салып, үстүн жаап, балконго чыгарып койду. Анын үстүно үйдөгүлөр сез бесин деп да ойлоду. Апасы тирүүсүндө розаны кеч кисин дайыма ушинтип койсо эртең менен бажырайып тирилип калуучу. Ал эми ак гүлдү үстолдүн үстүно керамика вазага суу куюп салып коюп, анын бооруна бир десте гул тартылган открытканы жолоп ага: «Апа 8Март майрамың куттуу болуп, биз менен чогуу аман эсен, узун омур жаша — уулуң Турарбек» деп жазды.

Апасы келгенде уй жаркырап таптаза жыйналып турганы менен баланын көңүлү чөгүңкү эле. Апасы анын себебин сураган жок. Жон гана сезмексенге сал ды. Анткени бирдеме десе оз апасын эстеп, эчкирип ыйлачудай туюп, озу да далдырады, эси ооп. Болмого кирип кобурап, жалыныпжалбарып Турарбекти озуно чакырды.

—     Алдыңа кетип калайын. Байкуш Зайна болсо соогунон тер чыгып кубанып турбайт беле. Куу өлүм ай, ушинтип оксутот. Сенин капа болуп турганьщды сезбей коё албайм го. Кейибечи, айланайын каралдым. Менин колуман келсе апаңын тырмагын жерге кыя мынбы. Куруюн, кантейин.

—     Антпечи, апа…— Турарбек бүгүн биринчи жолу апасына угуза ушинтип айтты. Салыйдын жүрогү жа рыла тургансып, ыйлап жиберди.

—    Сенчелик да акылым жок. Баланын көңүлүн которгондун ордуна бышактап…

Экоо тең бир паска унчугушпай калды. Салый апа сынын булардын үйүно келгенине деле экиуч ай бол­ду. Ал апасынын жакшы коргон курдашы эле. Үймо үй эле жүрүшчү. Жедеп бир үйдогү эки эркек жудоп кеткенде баш оту менен кирип берип, учоо бир жашап калышкан. Турарбек деле анчалык огойлогон жок. Анткен менен эмнегедир түнт болуп кетти. Салый да мунусун сезип бала менен кобуроок болууга аракетте нип жүрдү.

—     Тураттай, апаң «кызартып картошке куурсам кытыратып жегенди жакшы корот» деп калчу эле, келчи кытыраталы,— деп чакырат ашканага. Анан экоо бирбирине батына алышпаса да столдо чогуу оту^ руп тамак ичишет.

* * *

Майрам күнү Турарбек эрте турду. Дагы бир жолу апасын куттуктайын десе үйдө жок болуп чыкты. Ата­сы ансыз да базарга барып көкмөк дегендей алып ке­лип, бүгүн үчөө биргелешип майрамдык дасторкон жасашмак. Балким чогуу кетишсе керек. Эмнеси бол­со да экоөнүн жок болгонуна сүйүнгөн Турарбек тал тал болуп сеңселген роза гүлүн жаңы газетага ороп алып сыртка чыкты. Үйдөгүлөрдүн эч кимисине айт пай апасынын мүрзөсүнө гул коймокчу болуп жөнөдү. Күн эртеби же эл келип кетишкенби, мүрзөлөрдү ара лаган жан жок экен. Турарбек апкаарый шаша басты. Ал «апасына» жетмеги тозок болуп муунжүүнү тити реди. «Апа, сен мага жашыңды того бербе, мен да ый лабайм. Гүл койбо дегенсиң. Болбодум. Кечир апа». Оор улутунуп жер карап келатса экинчи апасы роза сын мүрзөгө коюп, тыныгып ойго батып отурган экен. Турарбек басалбай калды:

—    Апа, мага эмнеге айтпай өзүң жалгыз кеттиң?

—    Капа болбосун дебедимби сени. Баласың да, келериңди сен деле айтып койгонуңда эмне, чогуу…

—    Апа, сени таарынтпайын дегем.

—     Эмнеге таарынат элем, энең экени тогун беле. Апаң сага ыраазы болсун. Корор күнү ушул экен, кан тебиз.

—    Сен коп жаша, апа.

—    Сени таштап олбой калайын Тураттай.

Эне бала коруктан чыкканда кун тээ бир топ кото рүлүп калган эле. Турарбек коңүлүндо экинчи апасы­на ыраазы болуп келатты. Кубанбай турган ишпи. Жакшы киши турбайбы, анын оюн айттырбай билип, жасаганын карабайсыңбы. Ал болсо тартынып, кээде бук болуп, сырын катып, шектенген күндөрү да болгон.

—     Турар, мындан кийин атаң болуп чогуу келип жүрөлү, макулбу?

—Макул.

Турарбек чогуу келели дегенди укканда аябай су йунду. Антпесе — келбесе эле апасы роза гулун сагы нып калчудай сезет. Апасын уйдон алып чыгып кетип баратканда да «мен сени сагынаармын, сен болсо роза экообузду сагынасың. Сен жоксуң апа!» деп бакырга ны азыр да кулагына жаңырып, апасы укчудай сези лип кетти.

Жаңы апасы уулун ийнинен кысып кучактап жа лынайын деп, андан болбоду. Баланын энесине болгон кусалыгын туюп турса да, анын ылаажысын таба ал бады.