Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Коля кайда?

Кызуу иштеп жатканда телефондун чырылдап турга-ны көкөйгө тийгидей. Же уруша албайсың, же бир кагаз-га төгүлөр оюңду кайтып таба албай, беймаза болосуң.
Анан калса, саат сайын:
— Коля кайда? — деген эле кыздын үнү тынбайт. Бир жумага жакын ошол үн тынчымды алып бүттү. Акыры чыдамым кетип:
— Уулум, сени эле тынбай сураган бирөө бар, өзү ке¬лип моюнга асылып калма кырсык бар, андан боюңду ала качып жүр,— дедим туюк гана.
Уулум уялган бойдон сыртка чыгып кетти. Эртеси эле телефон чырылдап, баягы жадатма үн:
— Коля кайда?
— Кызым, Коля аялын ээрчитип, кызын көтөрүп, ки-ного’кетти,— дедим жайынча.
— Койчу, үйлөндү беле? — деп катуу чочуду.
— Үйлөнгөнү качан. Кай бир шумдар үйлөнө элекмин деп далай кыздарды жолдон чыгарып жүрөт. Андай кыр-сыктан аяр болгула,— дедим. Ошондон бери жаным тынч.


Кыргыз